Нүзүп миңбашы ким болгон

Жакында Аксы районунун 90 жылдыгынын арналган иш-чаралардын алкагында Нүзүп миңбашынын 225 жылдыгы да белгиленип, Кербенде эстелиги ачылды. Ал мыйзам ченемдүү, анткени ал 18-19 кылымдарда Аксы аймагынан чыккан эң көрүнүктүү инсан болуп саналат.

Биз мында Эсенбай датка уулу Нүзүп миңбашынын ким болгондугу жөнүндө макалага көңүлүңүздөрдү бурабыз.

ТАРЫХЫЙ АДИЛЕТСИЗДИК

18-19-кылымдарда азыркы Кыргызстандын аймактарында хан, датка, болуш, бий, баатыр атангандар аз болгон эмес, алардын көпчүлүгүнүн аттары унутулду, бирок жазылмаларга аздыр-көптүр ысымдары түшүп калгандары, өзгөчө укум-тукумдары аракет кылгандары ашыгы менен баркталышты, элдик эпостордун башкы каармандарындай эле даңкталышты. Алардын айрымдарына борбор калаанын эң престиждүү делген жерлерине А.Орозбеков менен И.Раззаковдун айкелдеринен 5-6 эсе чоң эстеликтер да тургузулду. Ополоң-тополоң, алабарман мезгилде прихватташтыруу убагында колдоруна бир нерсе илингендер армансыз эле өз тектерин даңазалап алышты.

Бирок андай акыркы убактарда жаралган баатырлар, бийлер, болуштар жөнүндө окумуштуулар, санжырачылар арасында кайчы пикирлер арбын. Даңкталгандардын бири – кошуна уруудагылар менен чабышкандан башканы билбеген бир колоттун билерманы болсо, экинчиси – колонизаторлорго жол көрсөткүч, үчүнчүсү – бир койдун этин калтырбай жеп, аркасынан жапма челектеги бозону дем албай жутуп жибергендиги менен аты чыккан, анан алдынан чыккандарды төбөлөп жибергендиги менен эле айырмаланган “палвандардан” болгон дешет. Албетте, азыркы мезгил да өтөт, кийинки калыс муундар тарыхый жазма булактардын, фактылардын негизинде бардыгын өз-өз ордуна коюшат. Адатта тарыхтын соту калыс делинет, анысы чын, бирок өзүңүздөр жакшы билесиздер, кээде анын калыстыгын кудайдын сотундай эле көпкө күтүүгө туура келет. Ошон үчүн бардыгын кийинкилерге төңкөй бербей, билгенди өз убагында эле айткан оң.

1794- 1844-жылдары жашап өткөн Эсенбай датка уулу Нүзүп миңбашы жөнүндө ойлогондо мына ушулар эске түшөт. Эгерде тарых барактарына кайрылсак, Нүзүп миңбашынын бийлиги, таасири, Кокон хандыгында ойногон ролу 18-19-кылымдарда азыркы Кыргызстандын аймагында хан, бек, датка, баатыр аталгандардын бардыгын бириктирип алгандан да чоң болгон. Бирок бул тарыхый инсандын эмгеги, кыргыз мамлекеттигин калыптандыруудагы ролу (советтик мезгилдей эле Кокон хандыгы да мамлекеттагибиздин бир этабы болуп эсептелет) ушул убакка чейин өз деңгээлинде баалана да, барктала да элек. Кокту-колоттук маанилердеги баатырлардын, даткалардын ысымдарына чоң көчөлөр коюлуп, заңкайган айкелдер орнотулуп жаткан мезгилде анын аты бир туюк көчөгө да берилбеди, урпактары эстелигин өз күчтөрү менен Бишкектин бир жерине орнотолу дешсе, мэрия жер да бере элек.

ТАШКЕНТТИ, КОЖЕНТТИ БОШОТКОН БААТЫР

Нүзүп деген миңбашы болгондугун, ал кыргыздардан, өзбектерден жана кыпчактардан куралган кошуунду жетектеп, Коконго Бухаранын эмири отургузган марионетка ханды тактан кулатып, анын ордуна Таласта жылкычы болуп жүргөн Шералыны отургузгандыгын алгач Т.Касымбековдун “Сынган кылыч” романынан билгенбиз. Бирок ага окурмандар анча деле маани беришкен эмес, жазуучунун оюнан жаралган кейипкер болсо керек деп коюшкан. Тарыхчылардын айрымдары билишкен менен Т.Касымбековдун аталган романы пленумдарда катуу сындала баштагандан тартып ачык даңазалап айта алышкан эмес. Нүзүп миңбашы жөнундө архивдерде документтер, тарыхый булактар жетиштүү болсо да анын өмүр жолун, аткарган иштерин изилдеп, жарыялоо көз карандысыздыктан кийин гана башталды. Тарыхчы илимпоз Жээнбек Алымбаев 2000-жылы “Шам” басмасынан “Нүзүп бий”, анан “Кокон хандыгы жана Нүзүп бий” деген эмгектерин чыгарды. Ал Нүзүп миңбашы жөнүндөгү тарыхый жазма булактарга негизделген алгачкы илимий эмгектерден болуп саналат.

Аталган китептерде Нүзүптүн атасы Эсенбай датка да Кокон хандыгында таасири, салмагы бар инсан болгондугу, жашынан кат тааныган Нүзүп ордого келип кызмат кылып, он башыдан паңсаттыкка (беш жүз башы), анан миңбашыга, аталыкка чейин өсүп жеткендиги чагылдырылат. Ал жүз башы болуп жүргөндө Кокон хандыгынын Караколдогу чебинин курулушун жетектейт. Фергана өрөөнүндөгү бир катар шаарлардагы, кыштактардагы чептерди бекемдөөгө да катышат. Мадали хандын тапшырмасы менен 1831-жылы Пекинге элчилерди жетектеп барып соода, чек ара иштерин жөнгө салуу боюнча хандын атынан 4 пункттан турган келишим түзөт. Хандыктын Анжиян, Наманган, Каратегин, Ташкен, Бадахшан, Шуган, Рушан тараптардагы иштерин жөнгө салып, мурдатан жакшы тааныш болгондуктан же Шералыны убагында Эсенбай датка Таласка качырып келип жайгаштыргандыктан, анын үстү-нө жашында экөө достошкондуктан ага да тез-тез жолугушуп турат. Нүзүп жетектеген кыргыз бийлеринин жардамы менен Шералы такка отургандан кийин ал миңбашы, анан хандын атынан иш жүргүзгөнгө толук укук берген аталык наамын алат. Ал он миңдеген жоокерлерден турган чоң кошуунду жетектеп, Ташкент, Кожент, Бука сыяктуу шаарларды Бухаранын эмиринин баскынынан бошотуп, кайра Кокон хандыгына каратат.

КОКОН ХАНДЫГЫН КАЙРА ОРДУНА КЕЛТИРГЕН

Нүзүп жөнүндөгү экинчи кеңири маалыматтар Кудаяр хандын тушунда анын катчысы, иш башкаруучусу болуп иштеп турган ноокаттык ичкилик кыргыз Зиябидин Максымдын 1888-жылы чагатай тилинде жазылган “Фергана хандарынын тарыхы” деген эмгегинде камтылган. Түркиядагы архивдердин биринен табылган ал эмгек кыргызчага которулуп, 2007-жылы китеп болуп чыгарылган. Кудаяр хан артында өзү жөнүндө “Бабур наамедей” дастан калтырууну эңсеп, Зиябидин Максымга ордодо көргөндөрүн, билгендерин, уккандарын кагазга түшүрө берүүнү тапшырып, аны маал-маал окуттуруп угуп жүргөн да көрүнөт. Китептан 66-бетинде Кудаяр хандын атасы Шералы хан жөнүндө “Ханзаданын тузун таткан жан-жөөкөрлөрүнүн бир канчасы качып жүрүшкөн, алар ханзадалардын бирөөсү (Шералы, П.Д.) 12 жашында шаардан чыгып кеткенин билер эле. Андан бери көп жылдар өттү, ал шахзада кайда экенин башкалар билбейт, билгендердин ошондон үмүттөрү чоңэле… Жусуп миң башы (Нүзүп П.Д.) деген баатыр ал шахзаданын аталарына кызмат кылган эң жакын кишилеринен эле. Күндөрдүн биринде ал “ошол шахзаданы таппасам, Кокон шаарына кадам койбойм!” деп касам ичти да, жигиттерине “ошол шахзаданы тапкыла!” деген буйрук берди. Ошентип жигиттер туш-тушка кетишти. Жусуп миңбашы өзү бир топ жигиттери менен Талас тарапка жол тартты” – деп айтылат. Андан кийин Шералы хан көтөрүлгөндө ага дайыма сол тарабынан орун бергендиги көрсөтүлөт, оң жагында эң башкы дин өкүлү болгон.

Зиябидин Максымдын эмгегинде Нүзүп миңбашы аскерлерди жетектеген кол башчы гана эмес, согуштарда өзү жекеме-жекеге чыгып, душмандарын кылыч менен бело чапкан баатыр катарында да сүрөттөлөт (108, 111, 139, 140 бб.). Ошондой эле анын 30-40 миңден кол баштап, кызыл кыргындарда жеңишке жетишип, жеңилгендерди кечире билген айкөлдүгү да айтылат. Ал Нүзүп миң-башынын Ташкентти Кокон хандыгына каратуудагы согуштагы бир эрдигин төмөндөгүдөй сүрөттөйт. “Жусуп миңбашы Кудайдан жардам сурап, экөөнүн тең кылычын кайтарды. Экөөнүн шамшарын эки жакка учура чапты. Анан экөөнүн кулагынан кармап, баштарын кагыштырып жарды да мышык чычканды кармагандай кылып Шахзаданын алдына таштады… Жусуп миңбашы “Эр болсоң чык!” – деп майданда турду” (148-6.).

Миңбашынын мындай эрдиктерин даңазалоодон кийин анын шахзада Малабек менен айтыша кеткендиги, анан көп күндүк салгылашуулардан кийин Ташкендин эмир дайындаган беги Мамашарип аталыктын аскерлерин жеңип, өзүн шаардан кууп чыккандыктары айтылат. Ошол убакта ханзаада 13 жашта болгондугун эске алганда (156- б.), жеңиштин чыныгы ээси Нүзүп миңбашы экендиги анык болот. Автордун айтымында, Нүзүп миңбашы өзү өлтүрүлгөнчө дайыма биринчи же экинчи жоокер башы (формалдуу түрдө ляшкер башы катарында ханзадалардын бири эсептелген) болуп жүрүп, хандыкты бекемдөөгө, анын душмандарын талкалоого абдан чоң салым кошкон. Ал ошол эле мезгилде Кокон хандыгына караган аймактардагы кыргыздардын лидери, алардын талаптарын коргоочусу да болгон.

НҮЗҮП ШЕРАЛЫНЫН ЧОКОЮН МАҢДАЙЫНА ИЛДИРГЕНБИ?

Т.Кашмбековдун “Сынган кылыч” романында жазылгандай, Нүзүптүн Шералынын чокоюн тактысынын маадайына илдиртип койгондугу Зиябидин Максымдын китебинде айтылбайт. Эгерде чындап эле ошондой болгон күндө деле Ше-ралы ханды, анын балдарын жомоктордун каармандарындай апырта сүрөттөп жаткан автор ал тууралуу ооз ачмак эмес. Антсе аны Кудаяр хан аёосуз жазалатмак. Бирок мында белгилей кетчү нерсе, ордодогулардын ханзада Шералынын кайда экендиктерин билишпегендиктерине караганда ал Нүзүп таап баргыча З.Максым жазгандай короо-короо койлору, өрөөнгө батпаган жылкылары бар, элдин баары урматтаган атагы таш жарган бай эмес, Нүзүп миңбашыдан, Аксыдагы кайын журтунан башка эч кимдерге белгисиз инсан болгон. Дагы бир кошумча, Шералынын аялы З.Максымдын китебинде көп кайталанган Жаркынайым айрым ары жок тарыхчылар жазышкандай, таластык Асперди же Ажыбай датканын эмес, аксылык Токтоназар бийдин кызы болгон. Нузуп Шералыны Коконго алып жөнөгөндө алгач анын кайын журтунун айылына же Аксынын Кара-Суу деген жерине алып барган. Токтоназар бийдин урпактарынын бир бөлүгү азыр деле Кара-Суу айыл өкмөтунун Топ-Жаңгак деген айылында жашашат.

Ж.Алымбаевдин китебинде Нүзүптүн дайыма бетке чабарлыгы, өткүрлүгү менен айырмаланган инсан болгондугу айтылса, бул  З.Максымдын эмгегинде да ырасталат. Анын мындай салаты негизги атаандаштары хандыктагы тажиктердин лидери Шады, кыпчактардын билерманы Мусулманкул миңбашыларга гана эмес, белгилүү денгээлде хандын өзүнө да жаккан эмес. Бирок ал өзунө чоң жакшылык кылган, жаштайында касам ичишип достошкон, экинчи жагынан кайын атасы да болгон минбашынын андай жоруктарына чыдаган. Т.Касымбеков жазгандай, анын негизги атаандаштары – ордодогу кутумдар аны а дегенде Маргалаң шаарына аким кылып жөнөтүүгө ханды көндүрүшөт. Анда деле ханга таасири азайбагандан кийин кандай жол менен болбосун көзүн тазалоого аракеттенишет.

НҮЗҮПТҮ КАНТИП ӨЛТҮРҮШКӨН?

Нузуптун олтурулушу боюнча тарыхый булактарда төмөндөгүдөй варианттар бар: Биринчиси, З.Максымдын эмгегине ылайык, Шералы хан Мухаммед Назарбек деген адамды Ташкентке бек кылып дайындайт. Ал сүйүнүп жоноп жатканда Жунус деген датка ага: “Этият болуң, артыңыздан жете барган адамды кармап тинттириң” – деп шыбырайт. Мухаммед Назарбек шаардан чыгары менен артынан келаткан атчан адамды жигиттерине карматып тинттирсе, анын жанынан “Мухаммед Назарбек Ташкентке бараары менен өлтүрүлсүн” деген хандын мөөрү басылган жарлык чыгат. Аны коргон Мухаммед Ташкентке барбастан, тоо тарапка качып кетет. Чындыгында ал жарлык тууралуу Шералы хан билбеген болот. Муну уккан Нузуп, хандын дарегине таарыныч сөздөрдү айтат. Бул ордонун катчысынын жымсалдап жазганы. Чындыгында Нүзүптүн мүнөзүнүн өзгөчөлүгүнө, ансыз деле ханга ичи чыкпай жүргөнүн эске алганда, ал Шералы хандын дарегине Т.Касымбековдун романында чагылдырылгандай, “атала”, “жетеленме” дегендей ачуу сөздөрдү айткандыгын баамдоого болот. Андай сөздөр көбүртүлүп-жабыртылып, апыртылып ханга жеткирилген менен деле Шералы андай сөздөргө ишенген эмес. Качан тажиктердин лидери Шады, кыпчактардын билерманы Мусулманкул экөө биригип “ордону кыргыздар ээлеп алды, аскер башылык тажиктерге же кыпчактарга берилиши керек. Болбосо…” деген ультиматум коюшкандан кийин Нүзүп ордун алардын бирине берип, Маргалаңга бек болуп кетүүгө макулдугун берет. Ал убакта Маргалаң вилаятынын аймагына азыркы Фергана, Баткен облустарынын аймактары кирген.

Тарыхый булактарда, Нүзүп Маргаланга бек болуп баргандан кийин көчөлөрдү, мазарларды тартипке келтирүүгө, арыктарды, каналдарды салдырганга, жетим-жесирлерге жардамдашууга аябагандай чоң көңүл бургандыгы айтылат. Ал “Искендер падыша” деген жайды оңдоттуруп, азыркыча айтканда 30-40 балалык интернат ачтырса, аялы Толгонай жетимдер үчүн 1 тегирмен, 2 дүкөн, 30 танап жер саттырып берет.

Нүзүп Маргалаңга бек болуп кеткени менен Шералы хан анын миңбашылык даражасын сактайт, ага тез-тез жолугушуп, ички-тышкы маселелер боюнча дайыма акылдашып турат. Чек арага байланышкан маселелерди жөнгө салып келүү үчүн 1844-жылдын башталышында Шералы хан Нүзүптү Бухаранын эмири Насруллага жиберет. Ал Бухаранын эмирине жолугуп, Оро-Төбөгө байланышкан чек аралык жаңжалды чечип келет. Ага ичтери күйгөн Шады менен Мусулманкул “Нүзүп Бухаранын эмири менен сүйлөшүп, Шералы ханды кулатып, бийликти ээлеп алганы жатат” деген ушактарды таркатышып, андай сөздөргө далил катарында жалган документтерди жасашып, ханга кокустан табылгандай кылып көрсөтүшөт. Бирок Шералы хан андай ушактарга да көңүл бурбагандан кийин Шады менен Мусулманкул өз ара сүйлөшүп,  Сапар төрө деген устага Нузуптун мөөрүн жасаттырышып, анын атынан бектерди ханга каршы көтөрулушкө чакырган каттарды даярдашып, моорду басып, анан “алардын бир нечесин жолдон карматып алдык” деп ханга алып келип көрсөтүшөт. Шералы хан ага да ишенбей, Нүзүптү ордого чакыртууга буйрук берет. Кутумдуктарынын бети ачылып кала тургандыгынан коркушуп, Нузуп жигиттери менен ордого келатканда Жармазар деген жердей кармап алып өлтүрүшөт. Бул маалыматты ошол доордун тарыхчысы В.Наливкин ырастайт. Андан кийин Мусулманкул миңбашы ханга келип “Нузуп жигиттери менен Бухарага качып бараткан жеринен алдын тоссок, өзү биринчи бизге кол салып, чабышта өлдү. Тирүү кармабагандыктары үчүн үч жигиттин башын алдырттым” – деп кабарлайт.

Нүзүптүн өлүмүнө байланыштуу Кокон хандыгында эки күндүк аза күтүү жарыяланып, Жармазарга 40 боз үй тигилип, аны акыркы сапарга узатууга бардык аймактардан өкүлдөр чакырылат. Бул албетте, Шералы хандын кутумдардын сөздөрүнө ишенбегендигин айгинелейт. Гариб Маргиланинин маалыматына ылайык, Жаркынайым өтө катуу кайгырып, он беш күн он канат боз үйдөн чыкпай аза күтөт. Шады, Мусулманкул мөөр жасоочу уста Сапар төрөнүн көзүн да тездикте тазалашат.

Булардын бардьпы тарыхый документтердин негизинде, алар аркылуу даярдалган эмгекте чагылдырылган материалдар. Демек, Нүзүп миңбашы кыргыз мамлекеттигинин бир этабынын калыптануусуна реалдуу салымын кошкон, алгач кыргыздардын арасында чоңойгон Шералыны алып барып хандыккка отургузса, кийин хандыкта аталык, аскербашы, вилаятта бек катарында эл-журт башкарып келген, дипломатиялык иштерди да аткарган тарыхый инсан. Бизде даңазаланып жаткан хан, датка, баатыр дегендер Нузуптой он миңдеген регулярдуу аскерлерди жетектеп, Ташкент, Коженттей шаарларды багындырмак тугул, Кара-Колго же Токмокко, Жалал-Абадга деле ээлик кыла алышпаган, аркаларынан аттуу-тондуу, жарактуу 100 жигитти деле ээрчите алышкан эмес. Бардык кучтору кошуна уруулар менен жоолашканга, чабышканга чьпдсан “кызыл союлдардан” болушкан. Алардын фонунда Нузуп миң-башы лилипуттардын арасындагы Геркулестей тарыхый фигура болуп саналат.

Папан Дүйшөнбаев

Булак: «Фабула»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *