Нью-Йоркто туулгандыгы тууралуу документтерде үчүнчү жынысты жазууга уруксат берилди

Нью-Йорк шаарынын мэри Билл де Блазио жергиликтүү жашоочуларга туулгандыгы тууралуу күбөлүктөрүндө “Х” деп белгиленген үчүнчү жынысты  жазууга уруксат берген мыйзам долбоорго кол койду.  Мыйзам 2019-жылдын 1-январынан тартып күчүнө кирет, деп мэрдин сайтында жарыяланган.

Нью-Йоркто төрөлүп,  өзун аял же эркек эмес деп эсептебеген жарандар  үчүнчү жынысты тандай алышат. Буга чейин   мындай мүмкүнчүлүк  жынысын хирургиялык жол аркылуу алмаштыргандар үчүн гана бар болчу.

Күбөлүктө  үчүнчү жынысты  белгилөөгө Калифорния,  Орегон, Вашингтон жана Нью-Джерси штаттарында  уруксат берилген.  Ал эми Колумбиянын аймагындагы  Вашингтондо жана Мэнде гендердик айдоочулук күбөлүктөрдү  колдонууга болот.

Булак: KyrgyzToday.kg

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *