Акча албаган акысыз төрөткана барбы?

Кыргызстандагы аялдар мыйзамга  ылайык бекер төрөө укугуна ээ. Анда ар бир аялга мамлекеттик төрөт үйлөрүндө акысыз төрөп, доктурлардын көзөмөлүндө болуу укугу  берилген.  Бирок,  көпчүлүк жарандардын айтымында  бул нерсе кагаз бетинде гана калып, төрөт үйлөрүндөгү паракорчулук күндөн күнгө көбөйүүдө. Төрөтканадагы паракорчулукка эмне себеп болууда?

Төрөткананын дубалындагы  “Төрөт бекер” деген жазууну көрүп бир карап ачууң келсе, бир жагынан күлкүң келет. Кагаз бетинде гана калып, мыйзам иштебей жатканына ичи ачышып кейиген 25 жаштагы  Айзат Асанакунованын төрөгөнүнө аз гана убакыт болуптур.

“ Төрөгөнүмө бир айдын жүзү болду. Алгач эле каттоого  отургандан баштап акча бере баштадык.  Алмаштыруу (обменный) картаны  200 сомго сатып алдык. Мындан сырткары ар бир түшкөн УЗИге да 500 сомдон берип турдук. Толгоом башталып төрөтканага баш бакканда эле төрөткананын фондуна деп, төрөгөндө сүйүнчүсүнө деп жолдошум доктурлардын чөнтөгүнө 1000 сом салды. Ал акчаны бербесең да доктурлар сага ар кандай мамиле кылып калат экен. Кагып силкүүдөн чочулап акча берип кутулалы дедик.”

Асанакунованын айтымында  төрөтканадан чыгып жатканда да акча берүүгө туура келген. “Мени ыраазы кылгыла” деп бизди караган доктур, педиатр, акушер  ачык эле айттып акча сурашты. Айла жок ары карап ыйлап, бери карап күлүп колдо болгон акчабызды бердик. Аты-жыты билинбеген эле белгисиз бир фондго  акча төлөдүк. Эмне фонд экенин, акча кайда кетерин билбей эле айтор фонд деген шылтоо менен акча бермей өтө көп экен. Өзүбүз жолдошум менен Бишкекте батирлеп жашап жүргөндө төрөтканадагы паракорчулуктун айынан ушунча кыйналдык. Ошентсе да биз кичине арзаныраак бүтүрүптүрбүз деп калдым. Себеби аяштарым алды 10 миң сом арты 18 мин сом төлөп төрөштү. Жеке төрөткана болсо да бир жөн мамлекеттик төрөт үйүндө ушунча акча кеткенин көрүп  паракорчулуктан биз сыңары жабыркагандарга боорум ачып турган чагы ”,-дейт Айзат Асанакунова.

2017-жылдын 1­-январынан баштап Россияда мыйзам чегинде иштеп жүргөн Кыргызстандын, Армениянын, Белорусиянын жана Казакстандын жарандары бекер милдеттүү медициналык камсыздандыруу ( ОМС ) алууга, аны менен катар бекер төрөөгө укук алышкан. Тун уулун 2015-жылы  Екатеринбург шаарында бир тыйын бербей төрөп келген Сайкал Ташболот кызы экинчи баласын Бишкек шаарындагы 4-төрөт үйүндө  төрөгөндө айласыз акча бергенге туура келгенин баса белгилеп өттү.

“ Экинчи уулумду Бишкектеги 4-төрөтканадан төрөдүм.  Бул жактан төрөгөндө чынында акча бердим. Ал эми тун уулумду Екатеринбург шаарынан төрөгөм. Ал жактан жолдошумдун да өзүмдүн да жарандыгым жок эле эч бир тыйын коротпой баламды жарык дүйнөгө алып келгем. Россиядагы төрөтканалардагы шарттар абдан жакшы. Доктурлар да эч акча үмүтөтпөй эле өз иштерин так аткарып келишет. Бул жактан төрөп абдан ыңгайсыз абалда болдум. Акча бербесең карашпайт дегенди төрөөрдөн мурун эле угуп алдын ала доктурларга акча бергенбиз. Палатада жатып акча бербей же аз берип койгондорго доктурлардын кылган мамилелерин көрүп жаттым. Акча алганынын себеби алган айлыгынын аздыгына  барып такалат окшойт. Айлык маянасын көтөрсө балким мындай нерсе жоголот беле деген да ой келет”,-деди Сайкал Ташболот кызы.

Акыйкатчы институту 2016-жылы жүргүзгөн мониторингден соң, төрөтканаларда  акча алынары белгилүү болгон.  Аталган  институттун Балдарды, аялдарды жана үй-бүлөнү коргоо бөлүмүнүн башчысы Махабат Турдумаматованын айтымында кош бойлуу аялдар төрөт үйүнө түшкөндөн баштап  алардан  түрдүү жолдор менен акча  алынат.

Мыйзамдарыбызга таяна турган болсок ар бир аял бекер төрөөгө укуктуу. Бирок биз мониторинг жүргүзгөндөн кийин  практика жүзүндө таптакыр башкача  экени далилденип отурат.  Мониторинг учурунда көпчүлүк аялдар менен сүйлөшкөндө ар кандай көйгөй бар экени белгилүү болгон. Ал көйгөйлөрдүн бири ар кандай анализдерди кымбат, жеке лабораторияларда тапшырууга туура келет. Ал анализдер кеминде 2000-3000 сом турат. Бул акча үй-бүлөлүк бюджетке бир топ эле кыйынчылык жаратат. Мындан сырткары ошол эле кош бойлуу аялдар төрөөрдөн мурда төрөтканадагы стажы көп болгон доктурлар менен алдын ала сүйлөшүп алардын сураган акчасын беришерин да көп айтышты. Ошондой эле төрөткананын фондуна деп 100дон  400сомго чейин акча алынаары, ал акчаны салфеткага, самынга кетиребиз деген жүйө менен сурашат экен. Бирок аялдардын айтышынча алар өзүлөрү эле алдын ала баардык керектүү нерселерин алып барышат. Ошентип ал фондго деген акча каяка кетип жатканы белгисиз болууда.

Турдумаматованын берген маалыматына ылайык мыйзам боюнча төрөткө келген аял өзү каалаган доктурун тандай алат.

“Ал эми төрөт үйлөрү мындай нерсени көтөрө албайбыз дешет. Себеби ал доктурду чакырып ага өзүнчө акча төлөөгө чамабыз жок, төрөгөн аял өз каалосуна өзү төлөсүн деген жоопту беришти. Бирок бул нерсе биздин мыйзамдарга каршы келет. Анткени мындай боло турган болсо  мамлекетке салык төлөнүшү зарыл. А бизде эч кандай салык төлөнбөй эле”,-деп билдирди Махабат Турдумаматова.

Махабат Турдумаматова бул көйгөйдү  саламаттыкты сактоо минстирлиги эле чече албастыгын, жергиликтүү өзүн-өзү башкаруу органдары да көмөк көрсөтүп көйгөйдү чечиши керек экендигин кошумчалады.

Саламаттык сактоо министри Талантбек Батыралиевдин айтымында, бул көйгөйдүн өзөгү элдин кайдыгерлигинде болууда. “Учурдагы төрөтканалардын абалы оор. Анткени СССР ден калган эле система менен, ошол эле эски имараттар, эски жабдуулар менен келе жатат. Тилекке каршы аларды кайра-кайра  оңдоо абдан кыйынчылыктарды жаратат. Ошентсе да акыркы 10 жыл ичинде өлкөбүздө энелердин, ымыркайлардын өлүмү бир топ азайды,- дейт Талантбек Батыралиев.

Ошентсе да министрдин айтымында төрөканада чынында паракорчулук бар, коомдогу бул терс көрүнүш орун алууда. Эгерде төрөтканага келгенде акча сурап же мыйзамсыз төлөмдөрдү төлөөгө мажбурласа  министрликке whatsapp аркылуу кайрылышса тезинен чара көрүп жардам берилет. Анткен менен көпчүлүк жарандар  аларга  кайрылышпайт. Жада калса арыз жазып бергенден качышат. Мыйзамсыз акча алгандар сөзсүз түрдө жоопко тартылышы керек.

Ошондой эле  төрөтканада мыйзамсыз төлөмдөргө зордогон учурга кабыл болгон жарандар 0555596000 номерине чалып же whatsapp кызматы аркылуу кайрылса боло тургандыгын  министр баса белгилеп өттү.

“Көрүндүк акча”, “Сүйүнчүсун берүү” , “доктурларды ыраазы кылуу”  айтор төрөтканада акча берүү өнөкөтү тууралуу шаарыбыздын жөнөкөй жарандарынан пикир алып көрдүк.

Турсун, пенсионер: “ Илгери мындай нерсе жок болчу. Акыркы жылдары бул көрүнүш абдан көбөйдү. Ар бир ата-эне кызын же келинин жакшы доктурга тапшырып аман эсен төрөсүн деп акча беришет. Бул нерсе азыр  мыйзам ченемдүү  көрүнүш болуп калды. Ар бир доктурдун өзүнүн “ставкасы” бар. Ошого жараша биз деле акча бергенбиз. Бул көйгөйдү чечүү абдан оор. Себеби, доктурлар бул көрүнүшкө көнүп калышкан. Баары бир  акча ала беришет.”

Исмаил,  куруучу: “ Адам баласы балалуу болгондо сүйүнөт да. Колдо болгондон кийин ырымдап берип койсо болот. Мен аны пара деп эсептебейм.”

Гүлзат, тигүүчү: “ Кээ бир жерде талап кылбаса деле адамдар өздөрү эле жакшы карасын, деп берип жүрүшөт. Бул кыргызчылык кылып берип жүрүп көнүп калганбыз. Айрымдары чындап эле өз көңүлү менен берет. Бир чети паракорчулук бир чети паракорчулук эмес.”

Эмил жеке ишкер: “ Төрөтканадагы паракорчулукка каршымын. Өзүм биринчи балам төрөлгөндө 4000 сом экинчисинде 5000 сом бергем. Азыр угуп калам 10000 сомго чыкты деп. Буюрса жакында үчүнчү балам төрөлөт ага да акча бергенге туура келет да эми. Мамлекет айлык төлөп атүгүл айлыктарын көбөйтүп жатса акча алгандары туура эмес. Бекер болуш керек.”

Учурда Кыргызстандын  калкынын саны 6 млндон ашык. Жылына өлкөбүздө 150 миң дей ымыркай жарык дүйнөгө келет. Саламаттыкты сактоо министрлигинин бизге берген маалыматы боюнча 2016- жылы 158 миңден ашык  ымыркай төрөлгөн.  Облустар боюнча карай турган болсок Жалал Абадда балдардын төрөлүшү  башка облустарга салыштырмалуу көбүрөөк.

Автор: Айдана Төлөнова

(ред.-автордун орфография жана стилистикасы сакталууда)

                                                                            

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *