Атасынын сөөгүн беш күн жерге бере албай…   

Бишкек шаарында жана жаңы конуштарда көзү өткөн адамга көрүстөн табуу, сөөктү жерге жашыруу түмөн түйшүктөр менен коштолот. Жакын адамын жоготуп, жаны кейип турган адамдын өлгөндүн үстүнө көмгөн кылып, көрүстөндөрдө жайдын баасы 10 миңден 30 миң сомду чапчыйт.   

Бишкекте көрүстөн жайы канча турат?         

Бүгүнкү күндө каза болгондорду жерге берүү өтө кымбат. Жайлардын баасы дагы жайгашкан жерине карата көпчүлүк жергиликтүү тургундар үчүн өлчөнөт. Мисалы, Маевка айылындагы көрүстөндүн баасы 12-15 миң сом болсо, Ленинский, Ново-Покровка, Военно-Антоновка сыяктуу чет жакадагы айылдарда маркумдун жайын 18 миңге чейинки сомго сатып алса болот. Ал эми, шаардын ичинде жайгашкан “Арча-Бешик” конушунда сөөктү көмгөн жай 20 миң турса, 300 кишинин сөөгүнө эсептелген “Түштүк-Батыш” көрүстөнүндөгү жайлар толуп калгандыктан, баасы кымбаттап, 28 миң сомго чейин чыгып кеткен.

Бишкек шаарындагы “Ала-Тоо-3” конушунун тургуну Жоодар Качыкеевдин башына салганды башкаларга салбасын! Мындан эки ай мурун атасынан ажырап, аскасы кулаган адам, атасы үчүн үч күн издеп, эки күн күткөн көрүстөндү Сокулук районунан 20 миң сомго сатып алган. Айласын алты алган айыл өкмөтү акча талап кылгандан тышкары маркумдун жашаган жеринен атайын кат сурашкан. Натыйжада аптаптуу август күндөрүндө сөөк беш күн жерге берилбей, боз үйдө жатып калган. Башынан өткөн бул окуяга кабыргасы кайышып, жаны кейиген Жоодар Качыкеев төмөнкүлөрдү айтып берди:

“Атам “Арча-Бешик” конушунда мыйзамдуу каттоодо турган. “Түштүк-Батыш” көрүстөнүнөн тааныштар аркылуу жер суратсак 25 миң сом сурашты. Атам күтүүсүз күндө өтүп кеткендиги үчүн андай суммадагы акча жок болчу. Айылга алып кеткенге андан бетер шартым жок эле. Жамандык ар кимдин башында бар эмеспи. Кошуналарым кошулуп берген кошумча акчаны ары тартып бери тартып жатып, тааныштан тааныш салып, Сокулук районунан 20 миң сомго араң сатып алдым. Мындан тышкары көрүстөндү казган эки жигитке да үч миң сомдон алты миң сом карматтым. Акчанын чогулушу, көрүстөндүн табылышы менен атамдын сөөгү боз үйдө беш күндөй жатып калды”.

Кошумчалай кетчү нерсе көз жумган адам “Арча-Бешик” конушунда мыйзамдуу каттоодо турган. Андыктан жай үчүн эң көп дегенде төрт жарым миң сом гана төлөнүшү керек эле. Бирок иш жүзүндө жайдын баасы эки эсе кымбатка турганын билдик. Кыскасы, кошумча төлөнгөн 15 миң сом үчүн эч кандай кагаз жазып беришкен эмес. Маркумдун үй-бүлөсү жай үчүн расмий канча сом төлөнүшү керектигин буга чейин билишпептир. Бөтөнчө кабыргасы кайышып турганда аки-чүкүсүнө анчейин көңүл бурулбай калат тура. Бирок колу жукалар, же колунда жоктор кандай абалга кабылаарын өзүңүз деле элестетип турсаңыз керек?

Ашка жүк, башка жүк

Он жылдан бери Чүйдө жашаган Нурай Тилекованын сегиз ай мурда төрөгөн ымыркайы төрөтканада эле чарчап калган. Наристени күнүнөн калтырбай Аламүдүн районунун Беш-Күңгөй айылындагы көрүстөнгө алып барып коюшкан. Ата-эне өлүктү жерге берүү зыйнатынан кайтып келе жатканда айыл өкмөтүнүн өкүлдөрү астынан чыгып, жай үчүн табалап акча талап кылган.

“Кычыраган кыштын күнүндө балам Нуртилек Айтбаев төрөлгөнүнө он мүнөт өтүп-өтпөй жүрөгү токтоп калды. Көрө турган тун балабызды тагдыр минтип оңой-олтоң эле колубуздан жулуп алганы, жолдошум экөөбүздү тең соолутту. Балабыздын сөөгүн эки күндөн кийин эле Беш-Күңгөй айылынын жайына койдук. Көрүстөндөн көп узабай басканыбызда тоо этегинде күтүп турган жергиликтүү айыл өкмөтүнүн үч мүчөсү тосуп алды. Астыбыздан чыгышып, дароо эле көрүстөндүн баасын айтышып, соодалаша кетишти. Жолдошум Нуралы Айтбаев жайда жаңы төрөлгөн ымыркай жатканын, алар талап кылган кызыл акчанын жоктугун айтып, талаша кетти. Бирок, ак кагаз көрсөтүп, жулунуп турушса, айлаң жок айткан акчаны берет экенсиң. Сураган суммаларын үч күн ичинде кредит алып жаптык.” – дейт Н. Айтбаева.

Байтикке жатам десең 20 миң сом камда

Баш калаанын тегерек четиндеги көрүстөндөрдүн ичинен Аламүдүн районундагы Байтик айылынын жайлары эң кымбат, абройлуу деп эсептелет. Башка көрүстөндөрдөн айырмаланып, шаарга жакын жайгашкан Байтик көрүстөнү тоонун боорунда сейил багынан анча алыс эмес жерде жайгашкан. Ошондуктан бир жагынан таза, экинчиден, тоо койнунан орун алган Байтикте көрүстөн жайынын баасы башка жерлерден кыйла кымбат турат. Бул көрүстөн Байтик айылына караштуу. Анткен менен бул жердеги жайлар шаардыктарга жана жергиликтүүлөргө деп, экиге бөлүнгөнүнө карабай, жайдын көбүн шаардыктар сатып алышат. Ошондуктан аталган көрүстөндөн жай сатып алууга суроо-талап көп. Ошентсе да Байтик айыл өкмөт башчысы Максат Абдразаков жергиликтүү тургундарга бейит бекер берилерин белгиледи. Ал эми шаардыктарга жай башы 20 миң сомго сатылат, дейт М. Абдразаков.

“Биринчиден, шаардын ичиндеги жердин аздыгынан эл чет жактарга кое башташты. Экинчиден, Байтиктин жери ыйык жер деп шаардыктар биз жакка койгонго аракет кылышат. Жергиликтүү эл жайды бекер алат, ал эми шаардан, башка жактан келгендерге 20 миң сом. Себеби башка жерден келип койгондор көбөйүп, анын аркасы менен жердин тарып бараткандыгынан бул бааны айылдык кеңештин депутаттары койгон. Ал эми жайды казган үчүн ошол жердеги балдар менен келишип чечип алышат.” – дейт өкмөт башчы.

Бишкек шаардык сөөк коюу боюнча агенттигинен билдиришкендей, мыйзам боюнча сөөк коюуга мусулмандар үчүн 10 чарчы метр, христиандар үчүн 5 чарчы метр жер акысыз берилет. Болгону көрүстөндүн көр казуу кызматы үчүн атайын бекитилген төлөм бар. Бул баа мусулмандар үчүн – 7510 сом 58 тыйынды, христиандар үчүн – 5905 сом 22 тыйынды түзөт.

Анда эмнеге жарандар каза болгон жакынына жай алуу үчүн 20-30 миң сомдон берүүгө аргасыз болууда? Бул суроо менен “Түштүк-Батыш” көрүстөнүнүн жетекчиси Бакыт Кыдыргычевге кайрылдык.

“Биздин эл тааныш аркылуу иш бүтүргөндү жакшы көрөт эмеспи. Көрүстөндүн жетекчилигине түз эле кайрылгандын ордуна ортого киши салышат. Биз сөөк  коюуга уруксат берерибиз менен ортомчу кишиси аларга барып, көр казуу үчүн төлөнчү акчанын үстүнө кошуп, олчойгон сумманы талап кылышы мүмкүн. Андай шылуундар толтура. Ошентип биз жаман көрүнүп жатабыз. Сөөк коюу кызматтарын көрсөтүүчү жеке ишканалар расмий баадан тышкары өздөрүнүн кызматы үчүн дагы төлөм алат. Андан көрө бизге түз кайрылсын, сөөк коюуга расмий төлөмдөн башка акча берилбеши керек”, – деди Кыдыргычев.

Шариат көрүстөндөрдү кайра иштетүүгө уруксат берет

Шариатта сөөк жок болуп кеткенден кийин ордун иштетүүгө уруксат берилет. Ошондуктан көп мусулман өлкөлөрүндө бир нече жылдардан кийин сөөк коюлган жерди иштетүү процесси кадимки көрүнүшкө айланган. Ал эми шаарларда, көрүстөндүн сатылышына ислам караманынча каршы. Муфтияттын фатва бөлүмүнүн адиси Токтогазы уулу Бахтияр шариятта бардык нерсе пенделердин пайдасына колдонулушу керек деп белгилейт.

“Шариатта көмүлгөндөн кийин сөөк канча жылда жок болуп кетет ошого жараша иш кылынат. Мисалы, 40-50 жылда көмүлгөн сөөк жок болуп кетсе, анда ал жерди иштетүүгө шарият жол берет. А эгер сөөк ошол бойдон калса, ага тийүүгө болбойт. Анын жок болуп кетүүсү жер шартына, климатка жараша болот. Мисалы нымдуу климат болсо, балким тезирээк жок болуп, топуракка айланып кетет. Ал эми учурдагы көрүстөндөрдүн сатылышына албетте ислам каршы. Бирок, айла барбы учур ушуну каалап турат. Бул муктаждык элдин көптүгү, жердин тардыгынан чыгып жатат. Мамлекет ушул маселени азыр чечип, чара көрбөсө, кийинчерек кеч болуп калышы ыктымал”. – дейт Бахтияр.

Мүрзөнү башка максатта колдонууга бут тоскон кийинки маселе кабат-кабат күмбөздөр. Адистер бекем материалдан курулган күмбөздөр сөөктөн да узак турушу мүмкүн экенин айтышат. Кымбат таштардан Бахтиярдын айтымында, күмбөз орнотуу жараяны мусулман дининде туура келбейт. “Шариатта сөөктүн ордун белгилей турган таш же башка бир нерсе койсо болот. Өтө ысырапкерчиликтин кереги жок. Сыйлайм, урматтайм деген адамды тирүү кезинде сый көрсөтүш керек. Адам бул жалганда түбөлүктүү эмес. Көзү өткөн адамга кымбат баалуу мрамор таш койдуруу эч нерсеге татыбайт. Каза болгондон кийин жаны кетип сөөгү калат. Сөөк болсо кайра эле топуракка айланат”, – дейт Бахтияр мырза.

Албетте көрүстөндүн ордун дароо эле түрттүрүп кирүү балким осолураак болор. Бирок, алгач анын ордун бакчага айлантып, гүлзарга айлантып, же түздөп эгин айдатып, андан дагы бир канча жыл өткөндө курулушка колдонууга неге болбосун деген ойлор көп.

Дүйнөнүн бир катар өлкөлөрүндө көрүстөндөрдү сатуу жана сөөк коюу жөрөлгөлөрү боюнча атайын мыйзамдар бар. Маселен, Орусияда көрүстөн маселесин атайын федералдык мыйзам жөнгө салат. Жай үчүн маркумдун жакындары жыл сайын белгилүү бир суммада ижара төлөп турушат. Эстонияда жаңы жылдан тарта күчүнө кирген мыйзамга ылайык көрүстөндөрдү 75 жылдан кийин кайрадан колдонууга уруксат берилет. Түркияда болсо, 25 жылдан кийин ошол эле жайларга башка адамдардын сөөктөрү коюула берет жана мамлекет тарабынан көзөмөлдөнүп турат.

Баарыбыздын барар жерибиз ошол жак демекчи, өкмөттү да, жергиликтүү бийликтерди да, ар бир кыргызстандык пендени да ойго сала турган дагы бир проблема бышып турган чак.

Автор: Асел Шамилова

(ред. автордун орфография жана стилистикасы өзгөрүүсүз)     

                                                                                            

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *