Бала бакчадагы орундун жетишсиздиги коррупцияга түртүүдө

Учурда бала бакчага баласын киргизе албай, узун кезекте турган ата-энелердин саны жер-жерлерде, айрыкча Бишкек шаарында көбөйүүдө. Борбор калаадагы мамлекеттик бала бакчалар ички миграциядан улам  кескин түрдө өскөн шаар тургундарынын балдарын орун менен камсыз кыла алышпайт. Мындай абал бала бакча жетекчилигинин ата-энелерге орундарды сатып, жемкорлук менен иш жүргүзүшүнө себеп болууда.

Бишкек шаарындагы жаңы конуштардын биринин тургуну Айсулуу Арстанбекованын үч баласы бар. Ал  экинчи баласын бала бакчага берерде жети айдан ашык кезек  күтүп, акыры бала бакчанын директоруна акча берип киргизүүгө аргасыз болгон. “Экинчи баламды  мамлекеттик бала бакчасына киргизүү үчүн жети айдан ашык  кезек күттүм. Жолдошумдун тапкан акчасы үй-бүлөбүздү камсыздоого толугу менен жетпейт. Шаар жеринде үч бала менен жашоо да оңой эмес. Ошого байланыштуу баламды бала бакчага киргизип, өзүм дагы иштейин дегем. Бирок,  жети айдан бери кезегим келбей жатканынан бала бакчанын директорунун жардамчысы менен байланышканымда акча берсем кезексиз кабыл ала турганын айтты. Ошентип кыйналганыбызга карабай сураган акчасын таап берип, баламды киргиздим”,- деди Арстанбекова.

Ата-энелердин укук коргоо органдарына кайрылбай, жетекчиликтин сураган акчасын берип паракорчулукка кириптер болуп жатканынын себебин Арстанбекова мындай деп түшүндүрөт: “Буга чейин канчалаган ата-эне кайрылган, бирок көйгөйлөрү чечилген эмес. Мен аларга кайрылсам деле бул маселени колго алып, мен сыяктуу энелерге жардам беришине көзүм жетпейт. Көп эле жолу жогорку кызматтын башчылары  паракорчулукка шектелип кармалды деген менен,  кайра эле бир кызматка келип жатышпайбы”.

“Алтынай”  мамлекеттик бала бакчасы Бишкектин Ак-Босого конушунда жайгашкан. Бала бакчага барганыбызда бакчанын жетекчиси Гүлназ Шайлообекова жумуш ордунда жок болуп чыкты. Калган кызматкерлери  жетекчиликтин уруксаты жок эч кандай маалымат бере албастыгын билдирип, жолубузга салды. Эртеси күнү сиңдимди киргизет элем деп сүйлөшүүгө барсам азырынча орун жок экенин айтып, каттоого алып койду. Бирок,  журналист катары бала бакча тууралуу интервью аларымды айтканымда  абал тез эле өзгөрүп  жакын арада бир балага орун бошорун билдирди. Гүлназ айым маектешүүнүн башында бала бакча тууралуу айтып, тарбиячылардын ийгиликтери менен бала бакчалар арасында өткөрүлгөн сынактардагы жеңиштерин баяндап берди. Жемкорлук жөнүндө кеп кылтыйганда маегибиз таптакыр бөлөк нукка бурулду. Шайлообекова  “Алтынай” бала бакчасында  паракорчулук жок экенин айтып, бир да жолу акча албаганын айтты. “Бала бакчабыз Ак-Босого конушундагы кезекке турган балдардын баарын алууга мүмкүнчүлүгү жок, себеби өзүңүз көргөндөй орундар чектелүү. Кезекке турган ата-энелерден акча алып, балдарын кабыл алуу бизге такыр туура  келбейт. Айрым ата-энелер майрамдарда гана тарбиячыларга ыраазычылыгын билдирип, азын оолак белектерин бербесе паракорчулуктан алыспыз”,- дейт Гүлназ Шайлообекова.

Коррупцияга каршы ишкерлер кеңешинин мүчөсү Гүлбара Сыдыкованын айтымында бала бакчалардагы пара алуунун күч алышына айлык акынын аздыгы менен көзөмөлдүн жоктугу себеп болууда: “Паракорчулуктун  күч алышына өзгөчө бала бакчаларда  тамыр жайышына көзөмөлдүн жоктугу негиз болуп жатат. Бул көйгөйдү жөнгө салып, көзөмөлдөгөн укук коргоо органдары өзүлөрү ага аралашып жатса кантип анан алардын бети ачылмак эле? Пара алууга айыпталып кармалган бакча жетекчилери жумушунан айрылып, жаза алганы менен кайра эле башка жерге барып ишке орношуп жатышат. Биздеги паракордук үстүртөн эле каралып, кармалгандардын кайра эле эркиндикке чыгып жатышынан  дагы кучагы кенен жайылууда. Алгач укук коргоо органдарынан тазалап, анан башка тармакка өзгөчө бала бакчалардан баштаса жакшы болот эле. Жаңы түзүлгөн паракорчулукка каршы ишкерлер кеңеши күнөлүүлөрдүн тиешелүү жазасын алмайынча, аягына чейин күрөшүп, көзөмөлдөйбүз”,- деп билдирди Сыдыкова.

1600 бала бакчадан  500 гө жакыны сатылып кеткен

Статистикалык маалыматтар боюнча Кыргызстанда 1991-жылы 1600 дөн ашуун бала бакча иштеп турган. Эгемендиктин алгачкы жылдарындагы менчиктештирүүнүн  башталышы менен бала бакчалардын басымдуу бөлүгү сатылып кеткен. Үч жыл мурун Жогорку Кеңештин депутаттары текшерүү жүргүзүшкөндө 197 бала бакча мыйзамсыз менчиктештирилип, 271 бала бакчанын имараты максатсыз пайдаланылып жүргөнү маалым болгон. Текшерүүнүн натыйжасында 65 бала бакча мамлекеттин менчигине кайтарылган.

Билим берүү жана илим министрлигинин маалыматы боюнча Кыргызстанда 305 жеке менчик бала бакчага ишмердүүлүк кылууга уруксат берилген. Алардын ичинен жеке ишкерлерге, ар кандай коомдорго, диаспораларга таандыктары да бар.  Мисалы, “Ыйык Ата-Журт” коомуна тиешелүү “Тунук наристе” деп аталган бала бакчалар Бишкектин бир нече жеринде жана аймактарда ачылган. Мындан тышкары  Эл аралык уюмдардын көмөгү менен  курулган “Сапат” жана  “SECOM”  билим берүү мекемелеринин да бала бакчаларын кездештирүүгө болот. Бул  бакчаларда балдар чет тилдерин жана математиканы терең үйрөнүп чыгышат.

Жеке менчик бала бакчаларда бир бала үчүн айына 5 миң сомдон тартып, 200 долларга чейин акы алынат. Жайгашкан ордуна, түзүлгөн шарттарына  жараша мындан да кымбаттары бар.

Аймактарда бала бакча тартыш

Менчик бала бакчалар көбөйүп жатканы менен мамлекеттик бала бакчалардагы балдардын көптүгү көйгөй бойдон калууда. Алыскы аймактарда жеке менчик бала бакчалар дээрлик жокко эсе. Муну жергиликтүү бийлик суроо-талаптын аздыгына байланыштырып келет. Ага карабай учурда мамлекеттик бала бакчаларда тарбияланып жаткан балдардын саны талаптагыдан  бир топ арбын.  Нарын шаарынын 28 жаштагы тургуну Бапанова Кундуз. “Бир жылдан бери 4 жаштагы баламды бала бакчага киргизе албай кезекте турам. Нарын шаарында бир гана жеке менчик бала бакча бар, мамлекеттик бала бакчалар да саналуу гана. Жеке менчик бала бакчага берейин десем, акчасы капчыгыма туура келбейт. Аргасыз үйгө жалгыз, кээде кошунамдын үйүнө калтырып коюп  жумушума барып келем”,- дейт Кундуз.  Ал эми Нарын шаарынын 39 жаштагы тургуну Усупова Аида мамлекеттик бала бакчаларда ачык эле “шапка” сурап калганын  билдирди. “Мен 3 жаштагы кызымды  бала бакчага акча берип киргизгем. Кезегимди күтүп отурсам 1-2 жыл өтүп кетчүдөй, аргасыз өзүм эле барып сүйлөшкөм. Алар да ачык эле акча алып келсем кабыл аларын айтышкан. Бирок 50 орундук  бир тайпада 60-70 бала тарбияланып жатат. Кызым башында тез-тезден ооруп калчу, азыр көнүп калды окшойт”,- деп билдирди Аида айым.

Билим жана илим министрлигинин маалыматына караганда, баланы бакчага орноштуруудагы коррупцияны жоюуга багытталган жаңы ыкма киргизилүүдө. Бала бакчага киргизүүдө коррупцияны кыскартуу максатында  өкмөт эки жыл мурда Бишкек, Ош жана Жалал-Абадда сынамык долбоор баштап, “Электрондук кезекке” туруу системасын киргизген. Буга ата-энелердин “Баланы бакчага киргизүү университетке өткөрүүгө тете түйшүккө айланды, бакча жетекчилери орун аздыгына шылтап алган  пара жылдан жылга өсүп жатат деп арызданганы себеп болгон.

“Электрондук кезекке” ата-энелер баласы төрөлгөндө эле туруп койсо болот. Ал үчүн документин тапшырып, бала бакчага кайсы маалдан баштап барууну пландап жатканын жазып коюш керек. Мындай система мамлекеттик тейлөөнүн бир түрүнө кирет жана Орусия, Европа мамлекеттеринде кеңири колдонулуп, жемкорлукка бөгөт коюучу механизмдердин бирине айланган.

Автор: Адинай Курманова

(ред.автордун орфография жана стилистикасы өзгөртүүсүз)

 

 

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *