Ойлонуп туруп добуш бер, өкүнүп калбагын!..

Чечүүчү күн улам жакындаган сайын, саясий чыңалуунун температурасы да улам жогорулап жатканы ачык байкала баштады. Анын апогейи катары мурда президенттикке талапкер катары катталууга далалат кылган, кийин президенттикке талапкерлердин биринин активдүү тарапкери катары аракеттенип жаткан Канатбек Исаевдин чуулгандуу кармалышы болуп калды. Парламентти түзгөн фракциялардын биринин жетекчисинин өтө оор айыптоолорго шектелип кармалышы — ​коомдук чоң резонансты жаратары турган иш. Асыресе, ага карата мурдатан эле кылмыш иши козголуп (бирөө да эмес, — ​эки!), туюкка кептелип калганын эске алсак, анда анын ар кандай тобокелдерге барууга да даяр турушу мүмкүн болчу деген түкшүмөлдөөлөр да жаралат.

Эми, албетте, бул сыяктуу суроолорго иликтөө иштери жана тергөөдөн соңку сот чекит коет дечи, а бирок, ушуга байланыштуу дагы бир кошумча тынчсыздануулар да ойгонору шексиз. Коомчулук эбактан бери эле учурдагы парламент ишине ичи чыкпай, анын курамынан баштап, фракияларынын деңгээлине чейин кескин сынга алып келе жаткандыгы маалым.

Мына, эми болсо “Ата-Мекен” фракциясынын лидери баш болуп, жарымы соттолуп, дагы калган жарымына кылмыш иши жүрүп жатат, же козголуу алдында турган абалга жетип олтурабыз. Ал эми экинчи “Кыргызстан” фракциясынын лидерине тагылган айыптоолор далилденип калса, “деги ушундай парламенттин өз ишин улантууга моралдык укугу барбы?” деген суроо кабыргасынан коюлары анык.

Ал эми президенттик шайлоо тууралуу сөз кыла турган болсок, жогорудагы сыяктуу олуттуу фактыларды эч качан кыйгап өтүп кете албайбыз…

Эгемендик доорундагы тарыхыбызга кылчайып карап көрсөк, Кыргызстандагы жогорку бийлик мурдагы формалдуу түрдө өткөрүлгөн (айрыкча, Акаевдик доордогу жасалма шайлоолор жана референдумдарга салыштырмалуу!) шайлоолордон кескин айрымаланып, эң алгачкы ирет мыйзамдуу шайлоо жолу менен алмашканы турат. Башкача айтканда, азыркы президенттикке талапкерлердин баары тең элдин эркине таянуу аркылуу гана бийликке келүү жолун тандап алышкан…

Шайлоо күнү жакындаган сайын күчөгөн саясий күрөштүн ички табияты дал ошону менен түшүндүрүлөт. Ачыгын айтканда, ар бир аймак, ар бир добуш үчүн айыгышкан күрөш жүрүүдө. Бул мыйзамченемдүү көрүнүш жана сөздүн оң маанисиндеги келишкис атаандаштык, эч кандай компромиссиз кармашуу орун алышы зарыл. Ошондо гана чыныгы шайлоо болот жана добуш берүүгө келген элге өз ыктыяры менен эркин тандап алуу шарты түзүлөт. Мурдагыдай: “баланча өтөт экен, чоңдор баланчага добуш бергиле деп жатышыптыр” деген сыяктуу алдын ала чечилген жана кайдыгер катышуу эмес, жарандар өз добуштарын берүүдө ойлонуп туруп, талапкерлерди өз ара салыштырып, салмактап көрүп туруп гана добуш бере алышат!..

Ооба, салыштырмалуу алганда бизде азыр дал ушундай ачык кырдаал түзүлдү… А бирок, саясий идеология, талапкерлердин программалары боюнча алып карай турган болсок, дээрлик баары бир өңчөй, коёндой окшош болгон лозунгалардан турарына күбө болобуз. Эриксизден, ошол саясий платформалардын баары тең бир жакын чөйрөдөгү саясий технологдордун кухнясынан жаралып чыкканбы, же бири-биринен плагиаттык кылып, уурдап алышканбы дегендей да таасир калтырат.

Баягы эле, “Эгерде мен бийликке келсем, коррупция менен аёосуз күрөшөмүн!”, “жаңы жумушчу орундарын түзүп, элди жумуш орундары менен камсыз кыламын!”, “жаңы ишканаларды ачып, экономиканы гүлдөтүп жиберемин!” деген сыяктуу жамгырдай жааган убадалар…

Чын-чынына келгенде, бул жагынан алып караганда, эң башкы атаандаштар катары каралып жатышкан жана шайлоо өнөктүгүндө азырынча алдыга озуп чыгышкан башкы эки талапкер — ​Сооронбай Жээнбеков менен Өмүрбек Бабановдун бири-биринен эч кандай деле айрымалары жок. Экөө тең жогорудагы убадаларды жадыбалдай кайталагандан чарчабай келе жатышат. Экөө тең мурда депутат жана премьер-министр болушкан. Айрым жерлерде аларга “эмне үчүн мурда ушул ойлоруңду өзүң чечүүчү кызматта олтурган кезде ишке ашырган жоксуң?” деген тариздеги суроолор дагы берилип калып жатканы да кокусунан эмес. Себеби, экономикадагы азыркы кырдаалдын түзүлүшүнө алар дагы түздөн-түз салым кошушкан. Айрыкча, премьер-министрлик креслодо олтурушкан кездеринде…

Албетте, саясий идеология жана экономикалык программа бири-бирине эриш-аркак болуп, бирин-бири толуктап турушу абзел. Ансыз айтылгандардын баары тек гана куру сөз, жел менен кошо агып кеткен куру убадаларга айланары шексиз.

Реалдуу жагдайларга негизделген экономикалык эсептөөлөр жана перспективалуу платформалар күчтүү жана терең теориялык билими бай тажрыйба менен айкалышкан экономист-адистерди талап кылары айкын. Бул ракурстан алганда, азыркы президенттикке талапкер болуп чыгышкандардын кимисинин командасы күчтүү болду экен? — ​деген кызыктырган суроо жаралбай койбойт.

Жергиликтүү шартты билбеген жана теориялык мүнөздөгү, кагаз бетинде баары ырааттуу, сыйда программалары менен азгырыктуу көрүнгөн чет элдик ысымдары таанымал адистерди чакыруунун деле зарылдыгы жок. Анан калса, андайлардан оозубуз эбак күйүп калган жайыбыз да бар эмеспи. (Баса, бир гана “Кумтөр” боюнча бизди сызга олтургузуп кеткен Борис Бирштейн эмес, коңшулаш Казакстан дагы ушул сыяктуу кырдаалга кабылган, алыскы океан ары жагынан чакырылып, президент Нурсултан Назарбаевге кеңешчи болуп жүргөн экономикалык адиске кийин өз өлкөсүндө кылмыш иши козголуп, анын чуусу али да басыла элек!).

Өз ресурстарыбыздын потенциалын өз өлкөбүздүн алыскы келечегин эске алуу менен пайдаланууну көздөшкөн, мекенчил жана чыгаан жигиттерибиз бизде жок эмес. Бул жагынан алганда, Өмүрбек Бабановдун меритократия жөнүндө айткан сөздөрү ар тараптан колдоого арзыйт. Биздин өлкөнүн өнүгүшүн жана экономикабыздын өсүшүн артка тарткан эң негизги себептердин бири баягы эле “кыргызбайчыл-тууганчылдык” жаман адат экени талашсыз. Бардык деңгээлдерде — ​айыл өкмөтүнөн баштап, эң жогорку бийликке чейин, — ​бийлик адамдарынын айланасында алардын жакын туугандары, таяке-жээн, бөлөлөрү жана дагы анча-мынча ашкан орундар калса — ​алысыраак, жыты тууган дегендерге чейин толуп алышат. Алардын кесиптик жөндөмү, билим деңгээли эске да алынбайт.

Карапайым эл дал ушундай мамиледен тажап турган чак. Эл бекеринен бийлик, кызмат орундарын малга жем-чөп салынып берилчү акырлар менен салыштырып калган жок да!..

Демейде, саясий идеология боюнча көз караштары кескин айрымаланган чакта гана, атаандаштар өз платформаларынын артыкчылыктарын салыштырып көрсөтүү мүмкүнчүлүгүн ала алышат. Ансыз, жогорудагыдай абсурд абал кайталана берет. Маселен, коммунисттер доорун жериген демократтар мурдагы социалдык жактан бейиш болгон өлкөнү (өзгөчө биринчи иретте бийлик үчүн эмес, карапайым жарандар үчүн!) “жабык түрмө” деп аташып, батыштык жана капиталисттик идеологияны көкөлөтүшүп, саясий жана сөз эркиндиги жоктугун көзүр карта катары карманышып, акыры улуу мамлекеттин пайдубалын уратууга жетишкени маалым.

Айрыкча, мурда компартия күчүндө турган кезинде коммунист экени менен сыймыктанып жүрүшкөндөр, ага мурду жерге тийгенче эңкейип, бүгүлө кызмат кылышкан саясий проституциянын шылуундары ошол идеологиялык каршылашуу күрөш маалы күчөгөн кезде коомдук-саясий авансценада алдыңкы орундарга чыгышкан.

Андайлардын айрымдары, (маселен, кыргыз “неодемократтарынын” бири, — ​чын-жалганын ким билсин, а бирок, аны жакындан тааныгандардын айтымында, ал адистиги боюнча бийчи (!) — ​“маданият ишмери” экен, а кийинчерээк, улам жаңы “революциялар” болгон сайын, ошентип көчө-аянттарда чуркап, чимирилип “бийлеп”, көчө саясатында бакылдап сүйлөп жүрүп, акыры, башка жагына өзүнүн чама-чаркы өтө чектелүү деңгээли такыр жетпесин түшүнгөнбү, ким билет, “Манастаануу” (!) деп жаңыдан ачылган институтту жетектеп калып, эмнегедир ошондон кийин такыр үнү угулбай олтуруп калган Топчубек Тургуналиев сымал саясатчылар)“тотали-т-т-тар-р-р-р-изм!” деп жаагын жана айкырышканда, аянтка орнотулган микрофондон тим эле калашников автоматы тытырап атып жаткандай эле угула турган!..

Арийне, “темир көшөгө” ачылган соң, батышка ээн-эркин барып келүү мүмкүнчүлүгү түзүлүп, салыштырып көрүүдөн соң, ошондон он жылча эле убакыт өтпөй, мурда демократтарды колдогон идеологдордун бири, таланттуу кинорежиссёр Георгий Данелия: “Бизге капиталисттик өлкөлөр жөнүндө айтышкандардын баары чын болуп чыкты, ал эми социализм жөнүндө айткандардын баары — ​калп экен!” деп айтканы бар. Ал тургай, бул тууралуу ал өзүнүн эскерүү китебинде да жазган…

Азыр мындай маалыматтын аздыгынан улам, бир тараптуу караңгылыктан адашуу жана элдин теңирден-тетири жаңылышы мүмкүн эмес. Баары ачык айтылып, шырт эткен желге чейин угулуп турган чак.

Ушул өңүттөн алып караганда, азыркы финишке жетип калган президенттик шайлоо жарышынын жыйынтыгы алиге чейин белгисиз болуп калып жатканын дагы түшүнсөк болот.

Мурдагы саясий кампаниялардан айрымаланып, саясий компроматтар жана булганч технология минималдашып, атаандаштар ачык жана конкуренттүү күрөштө, бирдей түзүлгөн шартта бара жатышканы дагы көрүнүп турат. Добуштарды сатып алуу жана административдик ресурстарды колдонуу сыяктуу айрым фактылар массалык маалымат каражаттарына жарыяланып кеткенден кийин, андай аракеттер дагы мүмкүн болушунча азайып, шайлоонун мыйзамдуу өтүшүнө салым кошору белгилүү.

Бир жумадан бир аз ашыгыраак убакыт калган мөөнөттө кескин бурулуштар деле болуп кетпеси белгилүү.

Демек, бул атаандаштык акыр аягына чейин сакталып калат.

Эл шайлоо күнү гана өз эркин билдирип, өзүнүн чыныгы тандап алуу мүмкүнчүлүгүн толук пайдалана алат.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *