ӨКМ: “Чолпон-Ата шаарында “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионаты эмес анын жанында жайгашкан жеке менчик үй өрттөнгөн”

Ысык-Көл облусунунун Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатында өрт чыкты деген маалымат боюнча Өзгөчө кырдаалдар министрлиги тактоо иштерин жүргүздү. Бул тууралуу аталган министрликтин маалымат кызматынан кабарлады.

“2018-жылдын 1-ноябрь күнү саат 13:30да өрт “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионатында эмес, анын жанында жайгашкан жеке менчик үйдө күйгөн. Өрттүн келип чыгуу себептери электр зымдарынын кыска туташуусунан болгон”, – деп айтылат маалыматта.

Эскерте кетсек, кечээ 1-ноябрда Ысык-Көл облусунунун Чолпон-Ата шаарындагы “Көгүлтүр Ысык-Көл” пансионаты өрттөнүп жатат деген маалымат тараган.  Өзгөчө кырдаалдар министрлиги бул боюнча тактоо иштери жүрүп жаткандыгын билдирген.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *