ӨКМ тарабынан сегиз миңден ашык турак жайлар корголду

КР ӨКМнин Өзгөчө кырдаалдардын алдын алуу жана кесепеттерин жоюу департаменти өзгөчө кырдаалдардан коргоочу жана башка ар кандай инженердик курулмаларды куруу боюнча республикабыздын Талас, Чүй, Ысык-Көл жана Нарын облустарында иш алып барат. Бул туурасында ӨКМдин басма сөз кызматы билдирет.

2011-2017-жылдары Департамент Республикабыздын түндүк региондорунда калкты жана аймактарды өзгөчө кырдаалдардан коргоо боюнча чоң көлөмдөгү жумуш аткарды.

2011-2017-жылдар арасында Департамент тарабынан жалпы 125 объект курулуп, колдонууга берилди.

Жыйынтыгында16875 метр дамба380 метр шпора,15913 метр сел өткөрүүчү канал жана 9 көпүрө курулду.

Анын натыйжасында 8038 турак үй, 834,7 га айдоо жери, 8 жалпы билим берүүчү мектеп, 7 чек ара мамычасы, 2 чек-ара көзөмөлдөп өткөрүү пункту, 1 көпүрө, 1 ат майдан, 1 мечит, 1 суу топтоочу насостук станция, 1 көрүстөн, 1 тарпкана (сибир жарасынын очогу), 1 спорткомплекс коргоого алынды.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *