Оку да үшкүр! Акча уурдагандар, бычакташкандар, баңгизат сактагандар…

Акча уурдаган уурулар изделүүдө

Бишкектеги Новопавловка аймагында уурулар токтоп турган машиненин терезесин чагып, ичиндеги бир топ суммадагы акчасын алдырганын жабыркаган жаран милицияга билдирген. Учурда уурулар издетип таптырбай жатканы белгилүү болду.

Цехтин башчысын бычактаган жаран кесилди

Кийим тигүүчү цехтин башчысын бычактаган жаранды сот төрт жылга эркинен ажыратты. Маалым болгондой, окуя былтыр 30-декабрь күнү болгон. Цехте иштеген жаран мас абалында цехке келип, цехтин башчысы менен кер-мур айтышкан. Экөөнүн кер-муру жаңжалга айланып, мас киши цехтин жетекчиси Аселди бычак менен көкүрөк тушка сайып жиберген. Бактыга жараша Асел аман калган.

Аламүдүн районунда дагы кылмыш катталды 

7-июль күнү Чүйдүн Аламүдүн районуна караштуу Беш-Күңгөй айылындагы үйлөрдүн биринен баңгизатын сактап, катып жүргөн жаран колго түшкөн. Анын үйүн тинтүүгө алганда бир канча грамм баңгизаты табылган. Ал буга чейин уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары ИИМдин көзөмөлүндө турган 32 жаштагы жаран экени анык болду.

Булак: “Фабула” 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *