Фото – Жүз жыл мурун эле Чүй өрөөнүндө жашагыңыз келбейт болучу, чөп-чар баскан, суусу жок ээн талаа эле

Чоң Чүй каналы курулуп жаткан маалдагы казылган топурак менен Бишкектин борборундагы эң бийик имараттардын баарын көөмп салууга болот. Курулушта 10 миңдеген адам Сары-Өзөн өрөөнүндө бакча менен айдоо аянттарынын пайда болушу үчүн баш көтөрбөй иштеген. Өлкөдөгү эң ири курулуш кантип жүргүзүлгөнүн ага катышкандар айтып берди.
Жүз жыл илгери бул өрөөндө жашагыңыз келбейт болчу
 Эгер ондогон жыл мурун эл колуна күрөк, кетмен, чукулдук албаганда, анда биз азыр жашап жаткан жерибиз мындай болобойт эле. Анткени Бишкектин айланасында азыр буудай жана мөмө-жемиштер өскөн жерлер убагында чөп-чар баскан ээн талаа болгон. Мындай жагдай өз учурунда падышалык бийликти дагы ойго салган. Себеби суунун жоктугунан ал жерлерге эч нерсе эгилчү эмес.

Ушул каналдын суусунун жардамы менен Чүй облусу спутниктен алып караганда жашыл болуп көрүнөт

Мындан тышкары Сары-Өзөн өрөөнүн (Чүй облусун) байырлаган элдин саны да жыл өткөн сайын көбөйгөн. Демек, каралбай жаткан жерлерге суу жеткирүү маселеси курч турган. Кылымдын курулушу деп аталган жалпы элдик ишти жетектөө вазийпасы петербургдук инженер Владимир Васильевге жүктөлгөн.

Падышалык бийлик какыр талаага суу жеткирүү үчүн каражат аяган эмес. Васильевдин изилдөө иштерин жүргүзүүгө чет элдик алты экскаватор алып берилип, анын кызматкерлери Бишкектин мыкты имараттарынын биринде отурушкан. Ал кезде илимпоздор азыркы Улутттук жазуучулар союзунун имаратына жайгаштырылган.

Чоң Чүй каналынын долбоорлогон Владимир Васильев

Дал ошондо Чу дарыясынын бир бөлүгүн кагыраган айдалбаган талаалар аркылуу алып өтүү идеясы жаралган. Иштелип чыккан долбоор эбегейсиз чоң болгон, бирок Россияда башталып калган революциянын аркасында демилге узак убакыт бою унутулуп калган.

Инженер Васильев курулуштун маанилүүлүгүн бийликтегилерге жеткирүү үчүн Лениндин өзү менен жолуккан. Анткени каналдын курулушу менен талааларга суу жетип тим болбостон, электр энергиясын өндүргөн гидроэлектрстанцияларды куруу да каралган. Кыскасы Васильев Владимир Ильичти бал тилге салып маанилүү демилге туура түшүндүрүлгөн.

Бирок долбоор тез эле ишке ашкан эмес. Васильев репрессияланып, Ленин көз жумган. Кылымдын курулушу аталган демилгенин бактысы 1941-жылы 10-майда ачылып, 32 миң кыргызстандык колуна кетмен, күрөк алып курулушту баштаган. Жапа тырмак башталган иш бир жарым айга жетпей кайра токтогон. Мындай абалга 1941-жылы 22-июнда башталган согуш себепкер эле.

Чоң Чүй каналынын курулушунун катышуучулары, 1941-жыл
Биз сөөктөрдү жээкке сүйрөп койчубуз деп эскерди Раиса Данько

Мен тогуз жашта болчумун. Биз дагы ары-бери чуркап жардамдашчубуз. Жада калса өлүп калгандарды жээкке сүйрөп чыгарчубуз. Аларга бир дагы адам басып келип койчу эмес. Себеби жумушчулар өзүнө бөлүнгөн жерди кечке чейин казып бүтүшү милдет эле.

Каналдын курулушунда кан-жанын берип иштеген кыз-келиндер, 1941-жыл
Эмне үчүн элде тамак-аш, техника жок болгон?

Албетте, бийлик курулушту мындай адам чыдагыс шартта өткөрүүнү көздөгөн эмес. Жалпы ишти баштоо алдында 1940-жылдын апрель айында Кыргыз ССРнин Эл Комиссарлар Советинин төрагасы Төрөбай Кулатов токтом чыгарган. Андагы документте тиешелүү техника, транспортторду бөлүп, жумушчуларды күнүмдүк керектелүүчү каражат жана тамак-аш менен камсыздоо буйрук кылынган.

Ал эми курулушка катышууга дилгир болгон жарандарды жумушунан бошотуп, берилген бардык жеңилдиктерди сактоо чечими коюлган. Тилекке каршы, мындай талаптарды согуш маалында аткаруу кыйын болгон. Бирок ага карабай эмгекчилер арасында жалпы элдик ишти токтотуу ниети болгон эмес, тескерисинде, иш жигердүү жүргөн. Себеби фронт кийим-кечеге жана тамак-ашка муктаж болуп турган эле. Ал көйгөйдү чечүү үчүн айдоо аянттарын сугат суусу менен камсыз кылуу негизги маселерден болгон.

Курулушта эч кандай оор техника колдонулган эмес. Чүй облусу менен өтүп, Казакстанга чейин жеткен канал күрөк, кетмен жана чукулдук менен казылган.

“Чоң Чүй каналынын курулушун — элдик курулуш деп атасак болот. Анткени анын башталышы менен элдин башы биригип, күн сайын 33 миңдей киши эмгектенген. Кийин согуш башталып кеткенине карабай башталган иш токтогон эмес. Анын өнөр жай үчүн дагы орду чоң болгон. Азыркы муун дагы каналдын курулушунан сабак алышы керек. Анткени бул элдин ынтымагы менен эмгекчилдигинин бир мисалы”, — деди тарых илимдеринин кандидаты Бердигул Темирбаев.

Казуу иштеринде эмгектенген кыз-келиндер, 1941-жыл
Ачкачылык менен суук күндөр эсимде. Петр Данько

Эң чоң көйгөйүбүз курсак тойгузуу жана уйкуну кандыруу болчу. Ал убакта экөөнү тең кыла алчу эмеспиз. Эртеден кечке чейин ат менен өгүздөрдү пайдаланчубуз, техника жок эле. Куурулган, бууга бышкан кызылча эле жечүбүз. Курсагыңды тойгузуп, аман калгың келсе каналга барып иштейсиң. Кечинде казган жерди эсептеп кагаз берет, ошону менен 300 грамм нан аласың. Аны алып алып кубанган тейден чуркап жөнөйсүң.
 Чоң Чүй каналынын курулушу тууралуу гезиттер эмне деп жазышкан

“Курулуштагы мелдеш улуу курулуштун бардык участкаларын кучагына алды. Куруучулар каналдын курулушун октябрдын 25 жылдыгына бүтүүгө родинабызга жана улуу Сталинге сөз беришти”

Кызыл Кыргызстан. 1942-жыл 30-май.

 “Колхоздун башкармасы канал казуууга керектүү аспаптарды даярдоого киришти. Азыр 70 кетмен, 83 күрөк камдалды. Колхозчулардын тамак-ашы үчүн 45 центнер ун, 11 центнер эт беленделди”

Ленинчил жаш. 1941-жыл 29-апрель.

 “Чоң Чүй каналынын курулушунун саясий мааниси абдан чоң. Бул элдик курулуш өзүнүн чоңдугу жагынан сталиндик үчүнчү беш жылдыктын зор курулуштарынын бири болуп эсептелет. Буга төмөнкү цифралар далил боло алат. Жалаң Күнбатыш каналды куруу үчүн 60 миңден ашык колхозчу катышып, алар 6 миллиондон ашык куб метр топурак казууга тийиш. Биздин замандын ири курулуштарынын бири болгон Чоң Чүй каналынын өз мөөнөтүндө жана сапаттуу бүтүп, бүткүл Чүй өрөөнүнө көрк бергендей маданияттуу жана элдик эмгектин каарман эстелиги болуп калышы керек”

Ленинчил жаш 27-апрель 1941-жыл.

 “Жаңы Турмуш” колхозу каналды курууда алда бара жатат. Бул колхозго комсомолец Доскеев жетекчилик кылат. Ал жер казуунун күндүк номасын 350 процент орундады. “Кроол-Дөбө” колхозундагы комсомолец Курман Кожобердиев күнүнө 12 кубометр жер казып, нормасын 400 процент орундады”

Ленинчил жаш 1941-жыл 1-июнь №7843

Бетон даярдап жаткан жумушчу аялдар, 1941-жыл
Кычыраган суукта курулган ГЭС жана андагы кыйынчылыктар

Айдалбай жаткан жерлерге суу жеткирүү инженерлердин жалгыз гана максаты болгон эмес. Алар канал бойлой гидроэлектрстанция куруп, калкты жана өнөр жайды электр энергиясы менен камсыз кылууну көздөшкөн. Мындай аракеттердин аркасында 1942-жылы май айында Ворошилов ГЭСинин (азыркы Лебединовка ГЭСи) курулушу башталган.

Ал курулуштун көпчүлүк бөлүгү кычыраган суук мезгилге туш келген. Жумушка жети миңге чукул балдар жана кыз-келиндер тартылып, ызгаарга карабай баш көтөрбөй жер казышкан. Анткени жер алдынан чыккан суу бетон куюуга тоскоолдук жараткан. Себеби кышкысын суу сордуруу жана тетиктерди алмаштыруу маалында техниканы кой, жумушчулардын кийимдеринен бери муз болуп тоңуп калчу. Жумуш бир мүнөт да токтобой, бир күндө 200 куб метрден көп суу сордурулуп турган. Эгер иш токтоп калса, аткарылган иштер суу алдында калуу коркунучунда эле.

Гидроэлектрстанцияны куруу иши бир жыл эки жумага созулган. Күжүрмөндүк менен иштеген кыз-келиндердин эмгегинин аркасында ишке кирген ГЭС согуш маалында Фрунзеге көчүрүлүп келген заводдорго экинчи өмүр берген.

Чоң Чүй каналын, ГЭСти биздин чоң энелер курушкан.

Аман калайын деген эле жандар. Ырысбүбү Кекиртекованын окуясы

Курулушта эркектер жокко эсе болчу, алар согушка кетишкен да. Кыйынчылыктын көпчүлүгүн аял кишилер тартты. Анда эмне деген гана кыйынчылыктар болгон жок. Адамдар ачкачылыктан, сууктан нан сурап жатып эле көз алдыңда өлүп калчу.

Тизилип алып курулушка бара жаткан жумушчулар, 1941-жыл
Советтик армия кызыл желегин Рейхстагга илип жеңишке жеткенден кийин жалпы элдик курулуш кайра жанданган. Анда мурдагыдай топурак ташыган өгүздөрдү чанда гана көрүүгө мүмкүн эле. Улуу ата мекендик согуштан кийин атайын техникалар алып келине баштаган. 1953-жылы Батыш Чоң Чүй каналы колдонууга берилет, төрт жыл өткөн соң Чыгыш Чоң Чүй каналы ишке кирет. Ошентип жалпы каналдын курулушу 30 жылга созулуп, түштүк канал 1972-жылдан тарта пайдаланыла баштайт.

Карыпбек Алымкулов, техника илимдеринин доктору, профессор, энергетик:
“Куруучулар согуш мезгилиндеги жана андан кийинки кыйынчылыктарга карабай бир топ гидроэлектрстанцияны ишке киргизе алышкан. Ал эми биз эгемендик алгандан баштап бир дагы кичи ГЭС куруп бүтө элекпиз. Алар 13 жылда жети станцияны колдонууга беришкен. Бул аракеттердин өлкөнүн өнөр жайынын өнүгүүсү үчүн орду чоң болгон”

Чоң Чүй каналынын боюндагы казуу иштери,1941-жылы
Жер алдында эмнелер катылган

Каналдагы казуу иштери кыргыз жеринин тарыхы бай экендигин айгинелеген. Анда эмгектенгендер топурак алдында укмуштуудай байыркы табылгаларды кездештирген. Эмгекчилер менен кошо иш алып барган археологиялык топту белгилүү тарыхчы Александр Бернштам жетектеген. Экспедициясынын соңунда ал бул табылгалар жөнүндө китеп да жазып ийген.

Жер алдынан майда тыйындарды кошпогондо үч миңден ашык табылга алып чыгарылган. Биздин заманга чейинки 2000-жылдардагы аспаптар, курал-жарактар колго урунган. Гезиттер өз убагында салмагы 10 килограмм болгон зер буюмдар табылганын жарыялашкан.

Каналда иштеген жумушчулар, 1941-жыл
Чоң Чүй каналы эмне үчүн — биздин сыймык?

Колдонууга берилген Чоң Чүй каналынын аркасында Сары-Өзөн өрөөнүндөгү айдоого ылайыктуу болгон жердин 40 пайызы сугат жерлерге айланды. Учурда канал эгин талаалары жана бак-дарак ээлеген 100 миң 666 гектар жерди ээн-эркин сугара алат. Ошондой эле Жалал-Абад облусундагы Кара-Көл шаарын жыл бою электр энергиясы менен камсыздай алган жети кичи ГЭС иштеп жатат.

Мунун баарын мурас катары бизге чоң ата, чоң энелерибиз калтырды. Биз балдарыбыз менен келечек муунга калтыра алабызбы?

 

Булактар: “Чакан ГЭС” ачык акционердик коому, Китеп палатасы, Алыкул Осмонов атындагы улуттук китепкана, Борбордук мамлекеттик архиви

Булак: “sputnik

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *