Өлгөндөрдүн даңкы болбой, тирүүлөрдүн баркы болбойт

1937-1938-жылдары репрессияга дуушар болгондор жөнүндө окусам же сөз уксам эле көздөрүмө ачуу жаш айланып, тамагыма чооң бир нерсе такалып, араңдан зорго өзүмө келем. Анан эл-жери үчүн жандарын берген кыргыздын эр жүрөк уулдарын, алардын өлүм себептерин ойлоп, ичим туз куйгандай ачышат.

Эми айтайын дегеним, элин, жерин, мекенин сүйгөнү үчүн курман болгон кыргыздын чыгаан эр жүрөк уулдарын унутпай кийинки муунга, башка элдерге даңазалап туруу — биздин милдетибиз го дейм. “Өлгөндөрдүн даңкы болбой, тирүүлөрдүн баркы болбойт” дейт эмеспи элибиз.

Буга чейин “Ата-Бейит” жөнүндө бир макала жазган элем. Макала Туркияда “ТЕКЕ” аттуу эл аралык журналга чыккан. Анда дагы кыргыздын мыкгы, эр жүрөк, тайманбас уулдары жөнүндө кеп кылган болчумун.

2018-жылы 22-мартга Туркиянын борбор шаары Анкарада “Улуттук Бирдик” деген темада симпозиум болуп өттү. Бул симпозиумга мен дагы катышып, кыргыздын таланттуу, билимдүү, эр жүрөк уулу Касым Тыныстанов (1901—1938) жана анын тил илими жаатындагы эмгектери, аны өлүмгө алып барган жолдор жөнүүдө сөз кылдым.

XX кылымдын 37-38-жылдарындагы саясий куугунтуктоолор Түркстанда көптөгөн белдүү, эр жүрөк инсандардын өлүмү  менен коштолгонун баарыбыз эле билсек керек. Муну эгемендигибизди алгандан кийин Бишкектин түштүк-чыгышындагы Чоң-Таш айылында табылган 137 кишинин сөөгү даты бир жолу эсибизге салды. Ошол ысымы такталган 137 кишинин сөөгүнүн арасында Касым Тыныстановдуку да чыкты.

Эгемендикке чейин бир катар агартуучу, акын, жазуучулар менен бирге эле Касым Тыныстановдун дагы эмгектерине, ал түгүл атын атоого тыйуу салынып келбедиби. Касым Тыныстанов ошондой татаал мезгилде жашаганына карабай, кыргыз элинин жаш муундарынын билим алуусу үчүн болгон күчүн жумшап, агартуу иштеринде талыкпай эмгектенген.

Касым Тыныстанов ошондой татаал мезгилде кыргыз жазма адабиятын, кыргыз тил илимин негиздеген, элинин келечеги жана билими үчүн жанын аябаган, мезгилинен озгон инсан болгонун жылдар өткөндөн кийин даана билип жатпайбызбы. Элине кылган эмгеги үчүн улутчул, эл душманы деп ак жеринен күнөөлөнүп камалган. Ал большевиктерге чейин “Алаш” партиясына мүчө болгон, бирок болшевиктик кеңеш бийлигине алгач каршы чыккан жана 1920-жылга карата жоюлган бул партиянын дайыны 1930-жж. саясий аренада жок болчу.

Учурда кээде-кээде сөз кылып, бирок орундата албай келе жаткан маселелерден бири — латын алфавитине өтүү маселесин Касым Тыныстанов 1925-жылдарда козгогон экен. Ал араб алфавитинен латын алфавитине өтүү маселесин күн тартибине коюп, 1925-жылы “Эмне үчүн латын алфавитине өтүүнү создуктуруп жатабыз?” деген макала жазат.

Ойлоп көрсөк, акылдуу, таланттуу, билимдүү киши ошол убакта эле билими жана технологиясы өнүккөн өлкөлөр менен түздөн-түз байланыш түзүүчүнүн латын алфавитин колдонуу керектигин билген тура.

Касым Тыныстановдун дагы бир өзгөчөлүгү — казакчаны дагы, орусчаны дагы суудай билген казактын улуу акыны Магжан Жумабаевдей таланттуу, билимдүү кишиден билим алган, анын окуучусу болгон. Убагында Магжандай билимдүү кишилер Борбордук Азияда саналуу гана болгон. Магжандын Касым Тыныстановго таасири күчтүү  болгон десек жаңылышпайбыз деп ойлойм. Магжан да “Алаш” партиясын колдогон Магжан бир ырында:

“Өңү сары, көзү көк, узун бойлуу,

Кулактын курчун алат.

Казактарга жакты күн кайдан болсун,

Ошол жерде сары мырза курубаса,

Кыргызды тыгып салдың,

Ала-Тоонун арасына.

Казакты айдап салдың,

Каракумдун талаасына.

Көк жайдан, жашыл жерден

Бөлүп бердиң, орусуңдун баласына”, —дейт.

Бул саптар эгемендикти кексеген рухту ачык эле камтыган.

Касым Тыныстанов да көп кырдуу талант болгондуктан жаштайынан ыр, аңгеме, пьеса жазат. Анын “Академиялык кечелер” деген пьесасы 1932-жылы коюлат. Бирок көп убакыт өтпөй эле “Касым Тыныстанов совет сахнасында байманаптардын идеясын даңазалап жатат” деп сынга алынат. Жогоруда да айтылгандай, Касым Тыныстановго “жаңы түзүлүшке каршы”, “эскини көксөгөн”, “социалисттик түзүлүштүн кишиси эмес”, “чыгармаларында эски жашоону даңазалап жатат”, “улутчул” деген күнөөлөр коюлат.

1933-жылдын 29-мартында “Буржуазиялык -кулактык улутчулдуктун калдыктарын аягына чейин талкалайлы” деген чечимдин артынан дароо Касым Тыныстановдун чыгармаларына каршы сындоолор жана басмырлоолор көбөйөт. Тыныстановго каршы “буржуазиялык-кулактык улутчул” деген токтом чыгат.

Мунун артынан дароо партиядан чыгарышкан Тыныстанов төрт жыл өтүп, каргашалуу 1937-жыл келгенде камалып, уруп-согуу менен коштолгон абдан оор сурактарга дуушар болот. Бир жыл уланган сурактын артынан Тыныстановго өлүм өкүмү чыгат жана дароо 1938-жылы 5-ноябрда бул өкүм аткарылат.

Касым Тыныстанов кыргыз тил илимин, кыргыз грамматикасын түптөөгө бараандуу салым кошкондуктан, 1936-жылы “кызыл профессор” болгон. Ал мекгептерде эне тилде заманбап билим берүү боюнча жанын-канын аябай иштеген. Студент кезинен эле окуу китеп долбоорун даярдай баштап, “Окуу китеби” (1924);
“Чоңдор үчүн алиппе” (1926) окуу китептерин жарыялаган. Советтик муундагы “биринчи мугалимдердин” көпчүлүгү 1924-жылдан тартып кыргызча жана реформаланган араб алфавитинде даярдалган ушул окуу китептерди пайдаланышкан.

Касым Тыныстанов 1926-жылы Азербайжандын борбору Баку шаарында өткөрүлгөн биринчи туркологиялык курултайга катышып, анда кыргыз жазмасын араб алфавитинен латын алфавитине өткөрүү жаатында илимий баяндама жасаган.

Ал кыргыз тилинин тунгуч грамматикасын (“Биздин тил”, 1927); ал эми 1927-жылы латын алфавитинде “Эне тилибиз” деген окуу китебин жарыялаган. Анын латын ариби менен жазылган “Кыргыз тилинин морфологиясы” (1934); “Кыргыз тилинин синтаксиси” (1936) жарыяланып, андан тышкары ал тил илими боюнча кыргызча терминологияны калыптандырган (“байламта”, “жөндөмө”, этиш”, “зат атооч” ж.у.с терминдердин “атасы” – Касым Тыныстанов болгон).

Бишкекке (ал кездеги Прунза, орусча Фрунзе) сүргүнгө келген орустун чыгаан чыгыш таануучусу Евгений Поливанов Касым Тыныстановдун ар тараптуу колдоосун алган.

1927-жылы Кыргыз АССРинин жаңы уюшулган өкмөтүндө Агартуу эл комиссары кызматына дайындалып, 3 жылдай иштеген К.Тыныстанов советтик мамлекеттүүлүк шарттарын колдонуу менен кыргыз элинин мамлекеттүүлүгүн чыңоого жекече салымын кошкон.

Демек, Тыныстанов дагы көптөгөн репрессия курмандыктарындай эле, XX кылымдын башында кыргыз мамлекетттүүлүгүн пайдубалын түптөөдө көч башында турган. Алар эркиндик каалашкан, ата-салтыбызды аздектешкен, эне тилибизде билим берүүнү сунушташкан. Мамлекетибизди, адабиятыбызды, маданиятыбызды өнүктүрүү үчүн болгон күчтөрүнн жумшашкан. Бул себептен улам Сталиндик бийлик аларды “улутчул” деген күнөө менен жок кылган.

1958-жана 1988-жылдары К. Тыныстанов эки жолу акталган, бирок Советтер биримдиги биротоло кулаганга чейин анын чыгармалары кайра жарыяланган эмес.

Эгемендик доордо профессор Касым Тыныстановдун ысымы Каракол шаарында 1992-жылы педагогикалык институттан кайра университет болуп түзүлгөн, Ысык-Көл мамлекеттик университетине ыйгарылган. Биз кыргыздын элин, жерин сүйгөн эр жүрөк уулдарын эч качан унутпайбыз. Алар эңсеген эгемендүү мамлекетте жашап жатып, алардын кылган эрдиктерин мактануу менен кийинки муунга жана башка элдерге айтып беребиз.

Майрамкүл Дыйканбаева, илим доктору, Эрзурумдагы Ататурк университети, Туркия

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *