Өлкөгө өбөлгө болгон Салымбековдун салымы

Коомубуздун жигердүү өкүлдөрү бар. Бирок алар эч кимге догун артпай эле, эч кимди пайдаланбай эле өз демилгелери менен жалпы коомго опол-тоодой салым кошуп келе жатышат. Айталы, андай инсандарыбыздын бири Аскар Салымбеков. Ооба, Аскар Салымбеков деген ысым эмнени айтып турат деп сураганчакты бул ысым менен бирге эске-туюмга эң алгач жүрөгүндө оту бар эр жигиттердин көк-бөрү оюну, ааламды «жинди» кылып жаткан айтылуу футбол, галерея-музей, акын-жазуучулардын китептери, бир сөз менен айтканда кажыбас меценаттык дем, анан албетте,«Дордой» ассоциациясы түшөөрү турган иш.

Азыркы жаштар мына так ушул Аскар мырзадай инсандардан үлгү алса анда өлкөбүздүн келечеги кенен болоору турган иш. Дегеним, Салымбеков да өз учурунда тээ 1990-жылдары элдердин баары эле соода-сатыкка өтө баштаганда коо­ператив ачып, азыркы «Дордой» базарынын жерин алат. Анда бул аймак шаар четинде жөн эле камыш басып жаткан талаа болчу. Кудайга шүгүр азыр так ошол жер Борбордук Азиянын ири соода борбору болуп туру. Дүйнөлүк жана Азия Өнүктүрүү банктарынын жүргүзгөн изилдөөлөрүндө соолд ишкерлеринин, анын ичинде Дордойдун соода ишмердиги өлкө экономикасынын 30%ына барабар, ал эми соо­да ишкерлеринин товарларды алып келүүдө төлөгөн бажы жана салык төлөмдөрү 4,2-5 миллиард сом деп бааланып, Кыргызстандагы эң чоң алтын запасын басып жаткан Кумтөр компаниясынан түшүп жаткан салыктарга тете деп көрсөтүлгөн. Жогорудагы аталган изилдөөдө Дүйнөлүк жана Азия Өнүктүрүү банктарынын эксперттери Дордойду ошодой эле жумуш ордун түзгөн эң ири компания катары көрсөтүп. 50 000 ден ашык жаран Дордой базарында түздө-түз, дагы 110 000 ден ашуун жаран Дордой менен байланышкан тармактарда жумуш ме­нен камсыз болгонун жазышып. Дордойдо иштеген ишкерлердин камкордугунда Кыргыз Республикасынын калкынын 10%ы же 600 000 жаран турат деп белгилешкен. Изилдөөнүн алкагында 100 000ден ашуун жумуш ордун түзгөн тигүү тармагынын өнүгүүсү Дордой базарынын ишмердүүлүгү менен тыгыз байланышканы дагы белгиленген. Бир кездери жеке өзүнүн муктаждыгы үчүн жасаган бул иши азыр дээрлик Кыргызстандыктардын муктаждыгын чечип жатканы жалганбы. Демек бул ишкерликтин ийгилиги эмей эмне? Азыр элдин жеңилин жерден, оорун колдон алган ушундай ишкерлер барбы? Али боло элек. Анда эбак элдик баатырга айланган Аскар мырза аликүнчө неге «Эл Баатыры» аталбай жүрөт?!

Булак: Де-Факто

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *