Олжобай Шакир, жазуучу: “Баш кесерлердин чакырыгын муфтияттагылар да колдогонбу?”

– Олжобай мырза, сиздин жеке социалдык баракчаңызга жазган диний көз караштагы ойлоруңузга айрымдар нааразы болуп, коркутуп жатканын айтып чыктыңыз. Бул боюнча өлкө жетекчилерине, Улуттук коопсуздук кызматына да кайрылуу жолдодуңуз, чын эле алар сизди коркутуп жатышабы?

– Кандай коркутуу болгонун соцтармактагы диний фанаттардын чакырыгынан көрүп жатпайсыңарбы баарыңар. Бирок мен алардын чакырыгынан да, менин башымды кесип келгендерге баландай суммадагы долларды шак санап берем деген чакырыктарга чара көрүүгө аракет кылбаган атайы кызматтардын позицияларына таңгалам. Эгер диний каңкорлор өздөрү айткандай менин көзүмдү тазалай турган болушса, мени башымды баланча суммага баалап, коркутпастан, эч кимге билгизбей эле көзүмдү тазалап салышмак. Алар ушинтип опузалап койсок коркуп калат дешти окшойт. Бирок мен диндин терс жактарын ашкерелеген аракеттеримди уланта берем. Аны менен бирге диндин чыныгы асыл баалуулуктарын да байма-бай жайылтып келем. Маселен, исламдын алтын доору менен суфий даанышмандарынын накыл кептерин, притчаларын “РухЭш” сайтында былтыртан бери үзгүлтүксүз жарыялап келем. Менин бул аракетим – кыргыз кыртышына чыныгы исламдын рухий дөөлөттөрүн сиңирүү. Ал эми диний фанаттар кыргыз коомчулугуна караңгылыктын идеологиясын жайылтып жатканын көрүп, билип туруп дудук боло албайм.

– Эмнеге кайрылуу жолдодуңуз?

– Атайы кызматтардын ыкчам аракет кылбаганынан улам КР Президентинен баштап өкмөт башчысына, ЖК төрагасына жана УКМК төрагасына атайы билдирүү берип, аны “РухЭш” сайтына
жарыяладым. Бирок эч биринен реакция боло элек. Бул эмнени туюндурат?!. Демейде бизде атайы кызматтар кумурсканын дабышына даяр турат да, эмнеге диний фанаттардын соцтармактарда бирөөнүн башын кесип келгендерге миллиард сумманы сунуш кылган чакырыктарына реакция кылышпайт. Ушундан улам УКМКнын динге болгон позициясы, реакциясы көрүнүп жатпайбы. Негедир аталган кызмат дин жаатында кандай иш алып барып жатканы белгисиз. Бирөөнүн өмүрүнө коркунуч жаратып жаткан ашынган фанаттарды УКМК дароо ооздукташ керек эле да. Тилекке каршы, алар анткен жок.

– Бул туралуу дин кызматы аталган Муфтият кандай аракет көрүүдө?

– Кечээтен берки уу-дуу кептер боюнча эң кызыгы – буга муфтияттагылардын да тынчсызданбай отурганы. Болбосо ошолор биринчи кезекте исламга көлөкө түшүрө турган баш кесерлердин чакырыгын ашкерелеп, тынчсызданышы керек эле. Керек болсо атайы кызматтардан мурда, Кыргызстандагы диний жамаатка шек келтирээр көрүнүшкө муфтияттагылар копшолуп койгон жок. Демек, бул баш кесерлердин чакырыгын муфтияттагылар да колдогонубу?

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *