Өмүрбек Абдрахманов, коомдук ишмер: «Кыргызстанга Европанын фабрикасын алып келдим, саясий системасын алып келип киргизсем, менде бул дүйнөдө арман болбойт эле»

Саясатта өзүнүн көз карашы бар саясатчы Өмүрбек Абдрахманов көптөн бери эл көзүнө көрүнбөй, саясатка активдүү аралашпай кетти эле. Көрсө, Өмүрбек мырза Кемин районундагы Алтымыш деген айылында 22 гектар жерге Европадан алма көчөт алып келип олтургузуп, алма бак өстүрүү менен алек болуп жатыптыр. Абдрахмановдун бул иши колдоого аларлык. Саясатта бири-бирине асылып, ит-мышык болгондор да пайдалуу бир иш жасап, элге өрнөк болгонго качан өтөт дейсиң да.  Өмүрбек Абдрахманов башкалардан өзгөчөлөнүп, ошол ишти жасоого киришиптир.

— Өмүрбек мырза, сизди көпчүлүк саясатчы катары билет. Сиз болсо Италиядан алма көчөттөрүн алып келип, алма өстүрүү менен алектенип кетиптирсиз. Бул ой качан пайда болду?

— Менин саясатчы болсом, Кыргызстанга демократиялык системаны орнотсом деген максатым бар болчу. Бирок, Кыргызстанда мындай ойду колдогондор дээрлик жок экен. Саясаттан сырткары оокат кылыш керек да. Мурун европа тибиндеги 150 киши иштеген мебелдик фабрика ачкам. Кыргыздын мебель фабрикасын базарком жок кылган. Саясатка аралашып жүргөнүмдө Бакиев фабрикамды талкалаганда, аны сатып АКШга качып кеткем. Эгер адам бир нерсени жасайм десе анын кесиби эч кандай роль ойнобойт.

— АКШга качып кеткениңиз сизге жакшы нерселерди үйрөттү да?

— АКШга баргандан кийин ал жактагы коомду, экономиканы, маданиятты үйрөндүм. Алардын коому мага абдан жагат. Эртедир-кечтир кыргыздар ошол коомго барабыз. Ал коомду америкалыктар ойлоп тапкан жок. Ар бир коомдун өнүгүү деңгээлине жараша өзүнүн маданияты болот. Илгери чокой кийип, ат минип жүрсөк, азыр кымбат баалуу кийим кийип, машина менен жүрөбүз. Эгер кимдир бирөө же кайсыдыр бир мамлекет жогору чыкпай калып калса, ал адамдын, мамлекеттин келечеги жок. Ошондуктан мамлекет да заманга жараша өсүп турушу зарыл. Кийин депутат болуп беш жыл олтурдум. Ачыгын айтайын, беш жыл убакытым текке кетти. Анткени, ал жерде демократияны куралы, системаны өзгөртөлү деген киши жок экен. Жалгыз эмне кыла аласың? Кыйкырып-кыйкырып тим болосуң. Сени карап күлүп коюшат. Ал жерде баарысы “шабашка” жасашат, акча алышат, өзүлөрүнүн кадрларын жумушка орноштурушат, андан башка эч кандай идея жок. Ошондой жерден кутулганыма сүйүндүм да, бир иш кылсам деген аракет болду. Биз кааладыкпы-каалабадыкпы Бажы биримдигине кирип калдык. Биз биримдикте эмне сатышыбыз керек? Кыргыздар азыркы абалыбыз менен үч дөңгөлөктүү велосипед да жасай албайбыз. Бир гана айыл чарбасы менен гана рынокко чыксак болот. Эгер Европанын мыкты сортторун алып келип өстүрсөк, анын стандарттарын мыкты карасак эле Европадагыдай товар чыгат. Ал үчүн биздин аба ырайыбыз да абдан мыкты. Өндүргөн товарды кааласаң сыртка алып чык, кааласаң өзүбүздө сат. Кыргызстандын баардык алмасын жыйнап барсаң, Россиянын бир шаарына жетпейт. Россия биздин айыл чарба үчүн океан. Ошон үчүн биринчиден өзүм ушул ишти жасайын, экинчиден элге өрнөк болоюн деп ушул ишти жасап жатам. Сүйлөшүп олтурган фермердин үйү. Бул жерге вагон коюп алып олтурсаң деле болот. Бирок, жашооң, сезимиң ошол вагон менен өтүп кетет. Андыктан, заманбап, баардык шарты бар, ушул жерге келгиң келген нерсени жасаш керек. Быйыл олтургузган алма көчөттөрдүн баары жүз пайыз көктөдү. Булар сертификаттары бар дүйнөдөгү эң мыкты сорттор. Ушундай жаңылыкты алып келсең да Кыргыз Өкмөтү 20 миң алма көчөт үчүн 20 миң доллар алып коюшту. Ушундай мамлекет өнүгүүгө мүмкүнбү?! Мүмкүн эмес. Кыргызстанга тарап, өрнөк боло турган жаңы нерседен жан талашып коррупционерлерге акча чогулткан системадан эч нерсени күтүүгө болбойт.

— Өзүңүз депутат болуп олтурдуңуз. Депутат кезиңизде эле ушундай иштер тууралуу мыйзам киргизип койсоңор болбойт беле?

— Депутат деген мыйзам жазбаш керек. Ушул нерсени такыр түшүндүрө албай койдум. Депутаттардын арасында бир нерсени түшүнгөнү, түшүнбөгөнү бар. Бизде оюна келгенди жаза беришет. Текебаев миң мыйзам жазыптыр. Бирөөсү иштейби? Бирөөсү заманды өзгөрттүбү? Жок. Ал популизм үчүн жазыла берет. Элге, экономикага керектүү мыйзам дегенди Өкмөт жазышы керек. Мен жазган мыйзамдарым да өтпөй калган. Себеби, көпчүлүгү туура көрбөйт. Маселен, кайберен, кийиктерге аңчылык кылууга тыюу салган мыйзамды Исмаил Исаков, Равшан Жээнбеков үчөөбүз жазганбыз. Аны да өткөрбөй коюшкан. Быйыл Жанар Акаев ошол мыйзамды сурап алып кеткен. Ал дагы өтпөй калды. Анткени, бүт чиновниктердин “шабашкасы” ошол жерде. Алар Кыргызстанды урганы жок.

— Сиздин алма багыңызды көргөнү Өкмөт башчы келе турган болуп жатыптыр. Ал келгенде ушул маселени коёсузбу?

— Премьер-министр райондорду кыдырат эмеспи. Ушул райондун чоңдору жаңы нерсени көргөзсөк десе керек. Аким өзү премьер-министрди алып келели деп келип кетти. Мен эл көрсүн, үйрөнсүн деп ушул ишти жасадым. Башкалар бөлөк адамды киргизбей, баардык жагын курчап алат. Себеби, конкуренция күч алышын каалабайт. Мен ушул идея элге канчалык кенен тараса, ошончолук сүйүнөм. Премьер-министр келип калса 20 миң долларды сөзсүз айтам. Андан башка да айтчу маселелер бар. Ал киши келечекте президент болот деген кеп айтылып жүрөт. Ошондуктан ал кишиге ачык айтып бериш керек. Кабыл алса өзү билет, кабыл албаса өзүбүздүн ишибизди кыла беребиз.

— Азыр канча гектар жерди иштетип жатасыз? Жерди сатып алдыңызбы же арендага берилген жерби?

— Былтыр 22 гектар жерди сатып алдым, миңден ашып столба куюп орнотуп, сетка менен короолоп чыктым.

Андан кийин 5 миң столба куюп, алмаларды байлоо үчүн орноттук. Бул столбалардын баарын өзүбүз куйдук. Жер менчик, менчик болбосо иш алдыга жылбайт. Арендага алсаң бир күнү ээси келет да “Түшүмү жакшы болуп кетти, кайра кайтарып бер” деп чыгат. Өкмөттөн алсаң аким келет да “Мурунку аким туура эмес берип койгон экен, кайра кайтарып алабыз” дейт.

— Көчөттөрдү Италиядан алып келиптирсиз. Бул жакка келгиче эле “алтын көчөт” болуп калса керек. Эмне үчүн Италиянын көчөттөрүн тандадыңыз?

— Италиянын алма көчөттөрү немецтердин “Мерседес” машинасындай. Кайсыл жер болбосун кабыл ала берет. Ошондуктан баардык нерсени Европадан үйрөнүшүбүз керек. Өзүңөр көрдүңөр, орустардын 400 килограммдык суу насосун инженерлер коюп кетишти эле, анысы жакшы иштебей, азыр анын ордуна италиялыктардын 30 кг салмактагы насосун коюп жатабыз.

— Көчөттөрдү Венгрия, Словениядан алып келип жаткандар көп. Ал деле Европа эмеспи. Сиз алып келген италиялык алма көчөтүнүн алардан эмне айырмасы бар?

— Биздин жаныбызда контейнер менен тосуп, Түркиядан көчөт алып келип тигишиптир. Менин оюмча ал бай болбойт. 3 жылда бою бир жарым метр болуптур. Биздики болсо бир жылдык көчөттөрдүн бою 1,5–2 метр болуп турат.

— Боюнун узундугу канча метрге жетет?

– 3 метрге чейин көтөрүлөт. Көпчүлүгүбүз мыкты өлкөнүн машинасын сатып алабыз. Түркия, Польша, Венгрия чыгарган машиналарды эмне үчүн сатып алышпайт? Бул дагы ошол сыяктуу. Стандарты аябай мыкты, ар кандай ооруларга кепилдиги менен келген көчөттөр. Мыкты нерсени алыш керек да.

— Сиз айыл чарба тармагында жаңылык киргизем деп аракет кылып жатасыз. Айыл чарбасына жаңылык киргизүүнү каалабаган, дыйкан менен фермерге жарытылуу жардам жасабаган айыл чарба министрлигинин кереги барбы?

— Айыл чарба министрлиги реформаларды колдоп, дыйкандарга шарт түзсө, 20 миң доллар алып калбаса, кереги бар. Мен бул тууралуу экономика министри Арзыбек Кожошевге да барып айткам. Ал жигиттин деле иши жок. Алгыңар келсе түшүм болгондо алгыла. Жаңы ишти баштап, керектүү нерселерди сатып алып, жетишпей жатсаң да ушул жерден 20 миң долларды жулуп калып жатпайбы. Душман дагы мындай болбойт.

— Кыргыз-Орус өнүктүрүү фонду айыл чарбасына жеңилдетилген насыяларды беребиз, дыйкандар бутуна турсун деген идеяны көтөрүп чыкпадыбы. Бирок, ал акча дыйкандарга толук жетпей, бийликте олтургандар акчаны алышып, башка максатта колдонушуп жатпайбы. Мисалы, Өмүрбек Бабанов 17 млн долларды соода борборун куруу максатында алганын айтып чыкты. Сиз дагы ошол фондго кайрылып көрдүңүзбү?

— Көчөттөрдү алып келгенге 100 миң доллар кетти. Жол акысын кошкондо ар бир көчөт 5 долларга туура келди. Ушул үчүн Кыргыз-Орус фондунан насыя алсамбы деп ойлогом. Алар дагы келип көрүшүп, бизден акча алыңыз деп кетишкен. Бирок, алганым жок. Акчасы түгөнүп калыптыр. Көрсө, Бабановго окшоп жулкунгандар аялына магазин салып берем деп акчанын баарын шыпырып кетишиптир. Азыр эл арасында 7 пайыздан алып, “Кыргызстан” банкынан 24 пайыздан насыяга берип жатыптыр деп айтып жүрүшөт. Мына ушуга окшогон адамдар президент болобуз деп жулкунуп жүрүшөт. Кыргыздан шыпырып алган акчаларына Россияга барып алып цемент завод куруп жатат. Ушуга окшогон кыргыз элин, жерин сүйбөгөн адам президент болсо, биз эмне болобуз? Адам акчага жанталашпай, жакшы ишке жанталашышы керек.

— Ишти баштап жатканда кеткен чыгаша канча жылда жабылат, качан таза киреше кирет деген эсептелип чыгат эмеспи. Сиздин алма багыңыз кеткен чыгашаны канча жылда актай алат?

— 5 жылда чыгашанын баарын жабат. Калган жылдарынын баары таза пайда. Бул алмалардын түшүм бере турган өмүрү 20 жыл. Андан кийин деле кармаса болот. Бирок, түшүмдүүлүгү азая баштайт. Мен баштап жаткан бизнестин мыйзамы боюнча 20 жылдан кийин жулуп таштайсың. Алмалардын тамыры болгону 30 см гана жерге кирет. Кыйынчылыкты жаратпайт.

— Азыр канча түрүн алып келип олтургуздуңуз?

— Быйыл 3 түрүн алып келдим. Кийинки жылы дагы 3 түрүн алып келем.

— Алма көчөттөргө тамчылатып сугарууну колдонуптурсуз. Өлкөгө кеңири жайылып жаткан системаны эле колдондуңузбу же андан башка жаңы системаны алып келдиңизби?

— Система ошол эле. Бирок, мен абдан сапаттуусун колдондум. Материалдарды Кытайдан, Түркиядан алганым жок.

Израилден алдырдым. Анткени, дүйнө боюнча тамчылатып сугаруу боюнча Израиль биринчи орунда. Байкасаңар, башкалар системаны жерге эле жаткызып коёт. Ал учурда топурак толуп калышы мүмкүн, алманы буйтап кетет. Биздики 50 см бийиктикте асылып турат. Мунун дагы бир артыкчылыгы тамчылап жатканын көрүп турасың. Алманын астындагы нымдуулук ар дайым 65–75 болуш керек экен. Ошол чектен түшүп баратса тамчылатабыз, ашып кетсе токтотобуз.

— Суу чогулткан чоң бассейн куруптурсуз. Бул кандай функцияны аткарат?

— Бассейн 3 функция аткарат. 60–70 метр аралыктан каналда агып жаткан сууну алып келип бассейнге куябыз. Бассейндин чоңдугу 1200 куб. Олимпиадага катышабыз десеңер ушул жерден сүзгөндү да үйрөнсөңөр болот. Күн жааганда суу кир болуп агып жатса, бассейндин наркы башынан куйганда, берки башына жеткиче тунуп калат. Ошону эсептеп жасадык. Кокус каналды суу жырып кетип, суу жок болуп калса алмалар өлүп калбашы үчүн бир жумалык запасы болушу керек. Бул бассейнге 10 күндүк запасты кармайбыз. Бул бактарга жылуу суу бериш керек. Тоодон түшкөн муздак суу берген болбойт. Суу бассейнде туруп жылып калат. Ошол үчүн чоң бассейн курдук. Астына 50 жылга чыдай турган өзгөчө плёнка төшөлдү. Аны геомембрана деп коёт, калыңдыгы 1,5 мм.

— Бакты кароо үчүн жумушчуларды алыптырсыз. Булардын айлык акысы кандай? Кимдер иштеп жатат?

— Алма тиккенде аябай көп жумушчулар керек болду. Ал учурда кырктай киши бир ай иштеди. Жумушчулар күнүнө 700 сомдон акча алышат. Түшкү тамакты ушул жерден берем. Саат беште “полдник” кылышат. Ушул айылдын балдары иштеп жатышат. Шартка алар да ыраазы, жумушка мен да ыраазы.

— Акчалуу саясатчылар, олигархтар шаарга оюн-зоок борборун курганга өтүп алышпадыбы. Сиз эмне үчүн ошондой кирешелүү жайды кургандан баш тартып, түйшүгү көп айыл чарбасына ыктадыңыз?

— Менин чоң атам бий болгон деп сизге айтып бербедимби. Мен бирөөгө кызмат кылгым келбейт. Жалаң гана жаңы нерсени жасагым келет. Сиз айткан адамдар кимдир бирөөгө кызмат кылып, кул мүнөз болуп, кызматын жасап же болбосо дүкөнүн ачып берип, базарком болуп чуркап жүрүшөт. Кыргыздын олигархтарынын баары базарком болуп кетишкен. Кыргызстанга завод же фабрика болобу жаңы нерсени алып келген жок. Мен жаңы нерсени алып келгим келет. Европанын фабрикасын алып келдим, эми алмасын алып келип жатам. Европанын саясий системасын алып келип киргизсем, менде арман болбойт эле бул дүйнөдө. Тилекке каршы, аны кабыл ала турган кишилер жок.

– 22 гектар жерге олтургузулган алма түшүм бергенден кийин аны сактоо керек болот. Логистикалык борбор куруу идеяңыз дагы барбы?

— Кийинки жылы жок дегенде 500 тонналык заманбап бирок жөнөкөй эле муздаткыч жасайм. Наркы жылы газ камерасын жасайм деп пландаштырып жатам. Жөнөкөй муздаткычта 6 айга чейин кармоого жараса, газ камерасында бир жылга чейин алма эч нерсе болбой сакталып тура берет.

— Өмүрбек агай, сизди Суусамырлык деп билишет. Бирок Базар-Коргон районундагы Акман айылында төрөлгөнүңүздү, бир жерде чогуу олтура албай турган Өмүрбек Текебаев менен жердеш экениңизди көпчүлүк биле бербейт. Ал жакка кантип барып калгансыздар?

— Чоң атамы коммунисттер кулакка тартып, Бишкекке алып келип өлтүрүшүптүр. 18 жаштагы атам келинчегин жетелеп качып кетиптир. Илгертен эле түндүк-түштүк байланышта болуп, соода жүргүзүп турушкан. Ал учурда товарлардын баары Анжиандан келчү. Түштүк кыргыздары ал жактан товар алып келип, бул жактан мал айдап кетчү экен. Атамды ошол жигиттердин бири менен дос кылып коюшуптур. Ошол досун издеп күндүз уктап, түндө жүрүп олтуруп түштүккө барат. Ал жакка баргандан кийин училищени бүтүп алыптыр. Өзү тентиген киши акылдуу, тың чыгат. Бир колхоздун мал чарбасы боюнча башкармасы болот. Биз баарыбыз ошол жакта төрөлдүк. Өмүрбек Текебаев менен жердеш болуп калгандыгым ошол. Ал жактан 7 жашымда кеткенбиз.

Булак: “Жаңы Ордо”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *