Өмүрбек Бабанов: “Министрдин орун басары Сүйүн Өмүрзаков, шайлоого аралашсаңар мыйзам алдында сөзсүз жооп бересиңер!”

“Биздин начальник штабдарды коркутуп жатышат, мени менен жолукпагыла деп силерди, шайлоочуларды коркутуп жатышат”, – деп билдирди кечээ, 28-сентябрда президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов Ош облусунун Он-Адыр айылында шайлоочулар менен жолугушуусунда.

“Мына, мен азыр Он-Адырга келатканда айтып атат: “бул жерге бул сценаны койбогула, тиги жерге койгула, мындай болгула” деп. Биздин билборддорду алып салып, биздин начальник штабдарды коркутуп жатышат. Мына, ушулар силерди жыргатабы элим? Мына, ушулар силерди коркутуп жатса, мени менен жолугушууга келбе деп жатса ушулар силерди жыргатабы? Ушул жерде турган укук коргоо органдарынын кызматкерлерине кайрылып кетет элем, ушул жерде жүргөн Ички иштер министринин орун басары Сүйүн Өмүрзаковго да кайрылып кетет элем, өзүңөрдүн милдеттериңерди аткаргыла! Мыйзамдын алдында сөзсүз түрдө жооп бересиңер! Шайлоо боюнча мыйзамдардын негизинде  укук коргоо кызматкерлери шайлоого аралашса мыйзам алдында жооп берет. Урматтуу офицерлер, сержанттар мыйзамсыз буйруктар берилсе аткарбагыла! Мыйзамсыз буйруктарды аткаргандар 3 жылга кесилесиңер! 3 жылга кесилесиңер! Мунун силерге эмне кереги бар? Силер калыс болуп туруп бергиле! Элдин укугун коргоп бергиле. Башка бандиттер аралашып жатса ошолорду камагыла! Ошондо эл силердин бетиңерден өбөт. Ошондо жашоо өзгөрөт”, – деди Өмүрбек Бабанов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *