Өмүрбек Бабанов өлкөнүн Президенти болушу мүмкүн

“Люди мира” коомдук бирикмеси Кыргызстандын жарандары арасында социалдык сурамжылоо жүргүздү. “Эгерде эртең өлкөнүн президентин тандоо керек болсо, кимди шайламаксыз?” – деген суроого көпчүлүк “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов деген пунктту тандаган.

Сурамжылоого 48миң 937 Кыргызстандын атуулдары катышкан. Алардын 45 миң 29 адамы (92%) Республикабызда жашайт, ал эми 3миң 908 адамы чет өлкөдө жүргөн атуулдар. Белгилей кетсек Ө. Бабановго  14367 адам добуш берип, сурамжылоого катышкан адамдардын 30%ын түзгөн.

Айта кетчү жагдай жарандардын көпүлүк бөлүгү “шайлоого барбайм” деп да добуш берген. Алардын тандоосунун негизги варианттары төмөнкүдөй болгон: “Шайлоого эч кимге ишенбегендигим үчүн барбайм”, “барганда пайда жок, алар өздөрү чечишет” же “саясат айдыңында ошол эле адамдар, тандоо мүмкүн эмес, себеби жаңы жүздөр жок”.

ФИО КандидатаЗанимаемая должностьПоддержали
1.Бабанов Омурбек ТоктогуловичДепутат ЖК КР. Лидер фракции «Республика- Ата Журт»14867 (30%)
2Жээнбеков Сооронбай ШириповичПремьер-министр КР8688 (18%)
з.Сариев Темир АргымбаевичЭкс-Премьер-министр КР4877 (10%)
4.Торобаев Бакыт ЭргешевичДепутат ЖК КР. Лидер фракшш «Онутуу-Прогресс»3410 (7%)
5Мырзакматов Мелис ЖоошбаевичЭкс-мэр г.Ош2789 (6%)
6Конгангиев Молдомуса ТашболотовичЭкс-министр внутренних дел КР2317 (5%)
7Текебаев Омурбек ЧеркешевичДепутат ЖК КР, лидер фракции «Ата-Мекен»1667 (4%)
8Мадумаров Адахан КимсанбаевичЭкс-тор ага ЖК КР1201 (2,5%)
9Исаев Канатбек КедейкаковичДепутат ЖК КР фракция «Кыргызстан»620 (1,5%)
10Отунбаева Роза ИсааковнаЭкс-Президент КР172 (0.50%)
11Исаков Сапар ДжумакадыровичРуководитель Аппарата Президента КР15 (0,05%)
12Против всех8314 (16%)

Бул сурамжылоо эки ай жүрүп, көз карандысыз экенин кошумчалай кетебиз жана буга жети чет өлкөдө жүргөн Кыргызстан жарандары катышкан.

Булак: “Kyrgyztoday.kg”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *