Өмүрбек Бабанов Сапар Исаковго: ““Лигласстан” да жөн кутула албайсыңар! Мен ойлойм бул жерде кылмыш иши бар”

“Лигласс” боюнча айтып кетсек, мен үчүн таңгалычтуу нерсе, бул жерде мына, өкмөт мүчөлөрү айтып жатышат “эң негизгиси чыгаша жок” дейт”, – деп билдирди парламенттин “Республика-Ата-Журт” фракциясынын лидери Өмүрбек Бабанов Жогорку Кеңештин жума күнү, 25-августта  өткөн кезексиз сессиясында.

“Урматтуу өкмөтчүлөр, силерге Тышкы иштер министрлиги “Лигласс” банкрот деп жазып жатса, банктагы эсебинде акча жок деп жатса силер көздү жумуп туруп тендер өткөрүп жатасыңар. Мындан тышкары Алмаз Шаршеновичке ыңгайсыз абал жаратып, “Лигласстын” жетекчиси менен кол кармаштырып жатасыңар. Дүйнө жүзү көрүп жатат. Бизде мамлекеттин имиджи деген барбы? Же биз банановый республикабызбы? Имиджге карап инвесторлор келет бизге. Биз “Коопсуз шаар” долбоору боюнча да бир кезде ушундай бир тендер өткөрүп алып,  аны бир шылуундар жеңип, мына бүгүнкү күнгө чейин “Коопсуз шаар” долбоору ишке ашпай , канчалаган жарандарыбыз кайтыш болуп жатат. “Лигласстан” да жөн кутула албайсыңар! Чыгымын айтып берейин, силер акча түрүндө мамлекеттен айлык алып жатасыңар. Акчага реклама бердиңер. Убактыңар кетти. Бул эмне чыгым эмеспи? Мен ойлойм бул жерде кылмыш иши бар. Кылмыш иши бар!” – деди президенттикке талапкер Өмүрбек Бабанов.

Булак: Кyrgyztoday.kg

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *