Өмүрбек Бабанов саясий маданияттын жаңы үлгүсүн көрсөттү

Көңүл бура турган жагдай… Өмүрбек Бабанов 11-апрелде өткөргөн маалымат жыйынында өз бизнеси жана мүлктөрү тууралуу айтып берди. «Мен биринчи миллионду Казакстанда мунайзат менен иштеп жүрүп, 1995-жылы жасагам. 1998-жьшы Бишкекке келип, «Альянс» компаниясын түзгөнбүз. Компаниянын обороту 150 млн. доллар эле, менин үлүшүм 50 пайыз болчу. Мен ошол үлүшүмдү«Газпромго» 100 млн. долларга саткам. Анан 25 млн. долларга АКБ «Кыргызстанды» сатып алганбыз. Ал эми Жерүй алтын кенинде менин эч кандай үлүшүм жок. Болгону мен «Альянстын» кожоюну Муса Бажаев менен сүйлөшүп, ал Жерүйдү 100 млн. долларга сатып алды. Кыргызстанды сотко берип жүргөн казактардын «Визор» компаниясына 70 млн. долларга чейин төлөп берип, Кыргызстанды доодон куткарды. Баш-аягы 190 млн. доллар салды. Азыркы күндө Жерүйдүн 60%ы Муса Бажаевге тиешелүү «Альянска», 40%ы Алик Ибрагимовго таандык. Эгер менин үлүшүм болсо, аны ачык эле айтмакмын» деди Өмүрбек мырза. «Россиядагы «Азия цемент» заводуна мен инвесторлордун бири катары катышкам. Ал жакта башка дагы инвесторлор бар» деп кошумчалады депутат. Бишкекте курулуп жаткан «Азия Молл» соода үйү боюнча Өмүрбек мырза: «Ал менин жакындарымдын бирөөсүнө тиешелүү. Ошол тууганым «Кыргыз-орус» өнүктүрүү фондунан 17 млн. доллар кредит алып, 37 млн. долларга күрөө койгон. Буга чейин ал жерге 25 млн. доллар салынган. Иштеп баштаса 200 млн. сом салык төлөйт, анын эмнеси жаман?» деди Өмүрбек Бабанов.

Кыскасы, Өмүрбек мырза саясый маданияттын жаңы үлгүсүн көрсөтүп, өз бизнеси тууралуу ачык-айкын айтып берди. Сөз арасында ал бир да мамлекеттик мүлктү менчиктештирбегенин, баарын таман акы, маңдай тер менен жасаганын айтты. Президентгик шайлоонун алдында каралоо компаниясына катышып жаткандарга да кайрылып, «мен бир да шайлоодо бирөөнү жамандаган эмесмин, бул туура эмес жол» деп билдирди.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *