Өмүрбек Бабановду жардан алыс түрткөндөр кимдер?

Илгертен кыргызда “Жандоочу кийик аттырат” деген кеп айтылып келет. Ар бир учкул сөздүн, лакап сөздүн жөн жеринен айтылбаганын эске алганда жогорудагы учкул сөздүн да мааниси өтө тереңде жатат.

Эгерде өзүнө өтө чоң милдетти алгысы келген мыкты жигиттердин жанында акыл кеңешчилери, жандоочулары мыкты болсо, анда андай жигиттердин иши дайыма алдыга жылып, ити чөп жеп турат экен. Эгерде андай жигиттердин жанына жалаң кошоматчылар, бөрк ал десе, баш алчулар топтолуп алышса, анда шору катты дей бериңиз.

Муну тарых өзү тастыктап келатат. Алыс кетпей, кечээ жакындагы болуп өткөн президенттик шайлоодо талапкер болгон Өмүрбек Бабановду мисалга тарталы. Жакында эле БШК бул саясатчыны депутаттык мандатынан ажыратты. Буга Бабановдун өзүнүн жеке каалоосу негиз болуп берди. Амбициясы айды чапчып, депутаттык креслого ыраазы болбой, ажонун ордун ээлегиси келип кал­ган Бабановдун бүгүнкүдөй кейиштүү абалга келип калышына эмне себеп болду деген мыйзам ченемдүү суроо жаралат. Албетте, буга биринчиден Бабановдун өзүнүн ашынган амбициясы себепкер болду. Ошол амбициясы элибиздин, мамлекетибиздин кызыкчылыгы менен жуурулушкан жок, муну шайлоочулар абдан туура байкашты.

Экинчиден, ал кыргыз элинин каада-салтын, нарк-насилин билбей турганын ушул шайлоодо ашкереледи. Кыргыз эли “Өзүн мактагандан өлөрчө кач” деген учкул сөздү да туура көрөөрүн кыязы ал сезген жок. Ал атаандаштарынын артыкчылыктарын айткысы келбей, өзүн гана мактап, өзүнөн башка эч ким жоктой күпүлдөп гана жүрдү. Анын айлана-тегерегинде курчап жүргөн жандоочу­лары “Антпеңиз, элибиз ашыкча мактангандарды жаман көрөт” деп эскерткенге жарашкан жок.

Үчүнчүдөн, элибиз эки жүздүү адамдарды өтө жаман көрөөрүн да ушул тажрыйба көрсөттү. Шайлоо алдында мамлекетибиздин булуң-бурчтарын түрө кыдырып жүргөн Бабанов башына ак калпакты баптап кийип жүрдү. Би­рок, эмнегедир өзбек тектүү калк жашаган Он-Адыр айылына барганда эле башынан ак калпагы түшүп калганын жалпы журтубуз көрдү. Эмнеге башка улуттун алдына бара калганда эле башынан ак калпагын алып ыргытып салат деген суроо көпчүлүктө жаралды. Демек, ал кыргыздын калпагын сыйлабайт, анан кантип Кыргыз­стан деген мамлекетти сыйласын?..

Төртүнчүдөн, Бабановго чындап күйгөн, анын өсүп-өнүгүүсүн каалаган бир дагы кеңешчиси болбогону анын бүгүнкүдөй кейиштүү абалга кептелишине негиз болуп берди. Мисалы, анын кеңешчилери, акыл кошчулары кимдер эле? Бирөөсү 2010-жылдагы апрель революциясынан кийин Максим Бакиев менен Жаныш Бакиевдин телефондогу сүйлөшүүсүндө “Василий Иванович” деп эске алынган кадимки Артур Медетбеков болду. Бул киши эркин маалымат булактарына Бабановду мактаган пикирлерин айтып турду. Бирок, Бакиевдердин “куйругу” экенин элдин баары билгендиктен, анын мактоолору тескерисинче Бабановдун рейтингин түшүрүп турду.

Баарынан кызыгы, кадимки Үсөн Сыдыков да Өмүрбек Баба­новго насаат айткан «аксакал» бо­луп алды. 2005-жылы К.Бакиевге кеңешчи болгон Ү.Сыдыковдон кандай жарытылуу акыл чыгышы мүмкүн эле? Анын берген кеңеши менен Бакиевдер бүгүн кайда отурушат? Ошол эле кеңешти ала коём деп Бабановдун абалы кандай болуп калды? Албетте, ал Бакиевдерге окшоп, өз элинин канын төккөн жок. Бирок, өз мамлекетинде жашаган эки улут­тун ортосуна от жагуучу сөздөрдү айтып, жаңжал чыгарып жибере жаздады. Натыйжада эми өз өлкөсүнө кайтып келе албай тургандай болуп калды.

Демек, Бабановдун кейиштүү абалына, аны мактап-жактап жүрүп, жардан алыс түртүп жибергендер күнөөлүү. Балким Ба­бановдун тажрыйбасы эми башкаларга сабак болуп калаар.

Мурат МУСАКЕЕВ

Булак: Багыт 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *