Өмүрбек Бабановдун декларациясы жарыяланды

 

Өмүрбек Бабанов 2017-жылы 1,3 миллион сомдон ашык каражат тапкан. Бул тууралуу анын Салык кызматына тапшырган декларациясында көрсөтүлгөн.

Декларациядагы маалыматка ылайык, Бабановдун 324 чарчы метр болгон үйү, жер тилкеси жана Lexus LX 570 унаасы бар. Ошондой эле 4,3 миллион сомго бааланган асыл тукум жылкылары, банк эсебинде 2,6 миллион сому жана 210,4 миллион сомго бааланган кыймылдуу мүлкү катталган. Ал эми жылдык чыгашасы 11,4 миллион сомго жеткен.

Бабановдун жакындары 2017-жылы 9,5 миллион сомго жакын киреше тапкан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *