Өмүрбек Текебаев: “Атамбаевдин көчү Кыргызстанды туңгуюкка алып барат”

Геосаясаттын төрт закону

— Өмүрбек Чиркешович, жакында президент Сооронбай Жээнбеков Кытайга болгон иш сапарында Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу жөнүндө сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келди.Сиз 2000-жылы «Кытайга чыгуу менен Балыкчы-Жалал-Абад-Торугарт темир жолун куруунун артыкчылыгы»жөнүндө мыйзамды Жогорку Кеңешке киргизген элеңиз. Ал темир жолдун мааниси, келечеги кандай жана эмне үчүн башталбай жатат?

— Алгач, геосаясаттын төрт закону жөнүндө айтсам. Ресурстар чектелген. Ресурс бардыгына жетпейт. Бул биринчи закон. Экинчиси, эгер өз ресурсуңа ээ болбосоң, көзөмөлдөй албасаң, аны башкалар көзөмөлдөйт, башкалар ээлик кылат. Ээси жок ресурс болбойт. Үчүнчү закон. Ар мамлекеттин милдети өзү ээ болгон ресурстарга көзөмөл жүргүзүү, башка мамлекеттердин ресурстарын пайдаланып, өзүнө иштеткенге аракет кылуу. Төртүнчү закон. Биринчи уч максатка жетүү үчүн абдан ыңгайлуу географиялык точкалар болот. Бардык эл, бардык мамлекеттер ушул төрт законго баш ийип, ага ылайык жашашат. Бул төрт закон мамлекеттер аралык мамилелерди аныктаган негизги закондор болуп эсептелет. Мамлекет жетекчилери, элдин лидерлери өз мамлекетинин, элинин кызыкчылыгын коргоп калыш үчүн ушул төрт законду жакшы билиш керек, ошого ылайык иш алып барышы керек.

Акылсыз Атамбаев Мирзиеевге алдандыбы?

Биздин жетекчилер ушул закондорго ылайык, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп жатышабы?

— Тилекке каршы андай эмес. Мен эки мисал менен көргөзгүм келет. Өзбекстандын биринчи президенти Ислам Каримов көзү өтүп, анын ордуна Шавкат Мирзиеев президент болду. Ислам Каримов изоляционализм саясатын жүргүзүп, коңшу өлкөлөр менен Өзбекстандын мамилесин бузган. Өзбекстан Орто Азиядагы лидерлигин Казакстанга алдырып жиберген эле. Жаңы президент Мирзиеев дүйнөгө ачык саясат жүргүзүүнү тандап алды. Бул анын жаңы саясий курсу катары жарыяланды. Өзбекстан “Биринчи кезекте Орто Азиядагы бардык коңшулар менен мамилени оңдоодон баштайбыз” деди. Анүчүн Каримовдун убагында бузулган мамилелерди оңдош керек эле. Ошентип, Мирзиеев коңшу өлкөлөргө расмий визиттерди жасап, экономикалык-маданий байланыштарды калыбына келтирүүгө киришти. Муну менен катар Өзбекстан өзүнүн экономикалык-маданий потенциалына ылайык, Орто Азиядагы лидерликти талаша баштады. Кыргызстандан башка, бардык коңшу өлкөлөр менен миллиарддаган долларлык соода-экономикалык келишимдерди түздү. Мирзиеевдин Кыргызстанга визити президенттик шайлоого туш келди. 2017-жылдын 5-6-сентябрына. Кандай болсо да, шайлоону утуп алгысы келген Атамбаев Мирзиеевдин визитин өзүнүн жеке эмгеги катары кыргызстандыктарга жарыялап, “Өзбекстандын тышкы саясатындагы өзгөрүүлөрдү Атамбаев жаратты” деген маалыматтык саясатты жүргүздү. Шайлоо алдында Мирзиеевдин мактоо сөзүнө, колдоосуна зар болуп турган Атамбаев башка өлкөлөрдөй болуп, миллиарддаган долларлык соода-экономикалык келишимдерди түзүүнүн ордуна, Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыгын ойлонбостон, сатып жиберди. Мирзиеев менен Атамбаевдин 2017-жылдын сентябрь айындагы Бишкекте өткөн биргелешкен коммюникесинде Өзбек президенти “Кыргызстандагы ГЭСтердин баарын мындан кийин бирге кура турган болдук, Кыргыз жетекчилигинде мындай саясий эрк бар, макулдугун берди, чынбы Алмаз Шаршенович?”, деп элдин алдында Атамбаевдин башын ийкетип, макулдугун алды. Атамбаевдин жооп кылып, Ташкентке барган визитинде дагы ушул маселе эл алдында айтылып, “биз Кыргызстандагы ГЭСтерди, ошонун ичинде эң чоң “Камбар-Ата-1” ГЭСин Өзбекстан менен курабыз” деп жарыялады. Ошентип, Ислам Каримовдун 20 жылда жасай албаган ишин шайлоонун алдында Мирзиеев келип, жеңил эле алып кетти. Бул Мирзиеевдин чоң жеңиши болду.

Өзбекстан Кыргызстандын гана эмес, Тажикстандын дагы жалгыз өзү ГЭС куруусуна каршы чыгып келет. Жөн гана каршы чыкпастан, Тажикстан менен мамилени бузуп, жарым-жартылай блокадага дагы алып жүрдү. Ошого карабай, тажиктер “Рогун” ГЭСин куруп бүтүрдү. Ал эми Мирзиеев Тажикстан менен болгон мамилесин өзгөртүп, Кыргызтан менен кол койгон келишимдердей эле, келишимдерге Тажикстан менен да кол койду. Эгер, Өзбекстан өзүнүн жаңытышкы саясатын жарыялап, бардык коңшулар менен стандарттык келишимдерди түзө турган ниети бар болсо, биз эмне үчүн өзүбуздүн түбөлүк байлыгыбыз болгон суубузду Өзбекстанга жөн эле кармата бердик? Бир президенттик шайлоодо жеңишке жетишебиз деп, кыргыз элинин тагдырын, келечегин, ата-бабабыздан калган мурасын бирөөнүн колуна кармата бердик. Бүгүн эч ким “шайлоонун жыйынтыгына Өзбек президентинин Кыргызстанга жасаган визити, ага жооп кылып, Атамбаевдин Өзбекстанга жасаган визити таасирин тийгизген жок” деп айта албайт. Анын таасири абдан чоң болгон.

Биздин табигый ресурстар дүйнөдө баркталат

— Күн – орто курактагы жылдыз. Ал 4,5 млрд. жылдан бери күйүп турат, дагы 4,5 млрд. жыл күйөт. Күн күйүп турганда, жер өз огунда, күндүн айланасында айланып турганда, миллиарддаган жылдар бою Кыргызстандын тоолору суунун булагы жана табигый суу сактагычы болуп кала берет. Суунун адамдардын өмүрүндөгү ролу жылдан-жылга көтөрүлүп отурат. 2050-жылы Орто Азия элдеринин саны 2 эсе көбөйөт. Ошондо суунун баасы бүгүнкү нефтинин баасы менен барабар болот. “Суу – өмүр булагы”, “эл башы болгончо, суу башы бол” деген кыргыздын сөздөрүнүн маани-маңызы ошондо так ачылат. Ал кезде Өзбекстандын газы менен нефтиси түгөнөт. Кудай кааласа, биздин суубуз ага берет. ГЭС – бул энергиянын гана булагы эмес, жасалма суу сактагыч. Биздин тоолордун коюндарында, кокту-колоттордо суулар сакталып, зарыл болгон учурда коңшу элдерге берилип турат. Бул чоң бизнес. Демек, суу ресурсун башкаруу Кыргызстандын колунда болмок. Бирок, тилекке каршы бүгүн “Өзбекстан менен биргелешкен ишкана ачып, 50-50 пайызда башкарабыз” деп жатышат. Коңшуң күчтүү болсо, анын үлүшү канча экенине карабай, ал үстөмдүк кылат. Биз ата-бабабыздан калган мурасты 100 пайыз өзүбүз гана башкарышыбыз керек. Тажиктер ач, ток калса да, суу ресурсун өздөрүнүн колунда калтырып, дүйнөдөгү эң бийик плотинаны куруп жатышат. Мен жогоруда айттым, нефти менен газдын доору бүтүп жатат. Өзбекстандын нефти менен газы 2050-жылга барып жок болот. Турмуш-тиричиликте энергиянын эң ийкемдүү, ыңгайлуу түрү электр энергиясы. Нефти, газдын ордун электр энергиясы ээлеп, дүйнөдө анын баркы өсөт. Поезд, машина, телефон, телевизор, баары электр энергиясы менен иштей турган заман болот. Биздин тоолор менен сууларыбыз суунун гана булагы болбостон, электр энергиясынын дагы булагы болуп калат. Суу да, гидроэнергетика да геостратегиялык, геосаясий ресурс. Өкүнүчтүүсү, биз суубузду гана эмес, электр энергиябызды да Өзбекстандын колуна бекер карматып коюп жатпайбызбы.

Өзбекстан менен Кыргызстандын жетекчилеринин аракеттерин салыштыралы.
Тоолор (төртүнчү законду эстеңиз) жана суу,гидроэнергетика чексиз, түгөнбөгөн, Кудай берген Кыргызстандын менчиги–ресурсу. (биринчи законду эстеңиз) Өзбекстан мындай ресурстан кур жалак калган. Экинчи, үчүнчү закон боюнча, биз өз ресурсубузга толук ээлик кылып, өз кызыкчылыгыбызга пайдаланышыбыз керек. Ал эми Өзбекстан биздин ресурсту тартып алганга же, башка жол менен көзөмөлдөп, өз кызыкчылыгына пайдаланганга умтулат.Миризеев Кыргызстанга келип, согушу жок эле, биздин түбөлүк ресурстарыбыздын жарымын (демек, баарын деп түшүнүңүз) алып кетти. Атамбаев биздин түбөлүк кызыкчылыгыбызды коргоонун оордуна, өзүнүн саясий-коньюктуралык кызыкчылыгы үчүн Кыргызстандын келечегин Өзбекстанга кармата берди.

Мурунку жетекчилерибиз деле Атамбаевдан ашып кетишкен эмес. «Кемпир Абад», Ала Букадагы » Орто Токой» суу сактагычын эле эстеңиздер. Бул ката эмес,кечирилгис кылмыш. Азыр токтотпосок, кийин кеч болот.

Атамбаев кыргыздын Сусаниниби?

— 2017-жылдын октябрь айында Атамбаев акыркы жолу Коопсуздук кеңешинин жыйынын өткөрүп жатканда, ошол кездеги премьер-министр Сапар Исаковго “Өзбекстан менен биргелешкен ишкана түз, ГЭСти чогуу курабыз”, деп тапшырма берди. А.Атамбаев 2017-жылдын 5-6-октябрында Ташкентке барып, өзү менен кошо кадимки Айбек Калиевди ала барды. Ал Атамбаевдин айткан сөзүн аткарып, Өзбекстан менен “Камбар-Ата-1” ГЭСин чогуу куруу боюнча меморандумга кол коюп келди. Ушул жерден айта кетчү сөз, Айбек Калиев тарыхыбызда биринчи жолу кышында Өзбекстанга электр энергиясын сатууга макулдук берди. Бул деген Кыргызстандын стратегиялык кызыкчылыгына каршы иш. Биз электр энергиясын кышында эмес, жайында, сууну коюп жибергенде иштелип чыккан электр энергияны Казакстан менен Өзбекстанга кымбат сатып жүргөнбүз. Биз аларды ошого көндүрүшүбүз керек. “Суу аласыңбы, анда иштелип чыккан электр энергиясын эл аралык рыноктук баада сатып ал, биз суубузду жөн агызбайбыз” деш керек. Өзүбүз электр энергиясы жетпей калганда, Казакстандан киловаттын 5 сомдон сатып алдык. А Калиев “киловаттын 1 сом 35 тыйндан Өзбекстанга сатабыз” деп келишимге кол койду. Өз ишканаларыбызга, элге саткандан да арзан баа го бул. Кыргызстандагы электр энергиясынын тарифи рыноктук эмес, социалдык. Өз элибизге, атамекендик ишканаларга колдоо иретинде арзан сатабыз. Лимиттен ашкан киловаттын баасы 2 сом 16 тыйын. Эмнеге Өзбекстанга өз элибизден да арзан сатышыбыз керек? Мындайды мен көз көрүнөө кылмыш деп эсептейм. ТЭЦтен чыккан электр энергиясы кымбат, экинчиден, ТЭЦке күч келет. Кышында элекр энергиясын сатышты, эмне болду? ТЭЦке күч келип, чыдабай жарылып кетти.

Эл аралык мамлелерде бир жолу макул болсоң, кийин аны өзгөртүү абдан кыйын. Сырыңды алдырып коесуң. Мына эми жайында, 8-июндан августтун аягына чейин Өзбекстанга 500 миллион киловатт электр энергиясын 2 центтен (бир сом 36 тыйын) сата баштадык. Эми бул бааны өзгөртүш кыйын болот. Андыктан, мен Кыргыз Республикасынын Президенти Сооронбай Жээнбековго, бүгүнкү Өкмөткө кайрылам, Атамбаевдин элге каршы саясатын улантпай, токтотуш керек. Атамбаевдин көчү Кыргызстанды туңгуюкка алып барат.

Ат-Башы, Алайдан эмнеге кыйындар көп чыккан?

— Мелис Эшимканов – кыргыздын чыгаан жигиттеринин бири болгон. Өз кезегинде ал кыргыз тилдүү гезиттердин эң тираждуу, таасирдүүсүн чыгарды. 1990-2000-жылдар аралыгында кыргыз окурмандарынын арасында пикир жаратуунун монополиясы Мелисте болчу. Ал кээде мага “Өмүке, Ат-Башы кичинекей эле жер, бирок, бүт кыйындар ошол жерден чыккан. Кыргызстандын финансист-банкирлери, бизнесмен-базаркомдору…” деп мактаныч тамаша иретинде айтып калат эле. Чын эле ошол кездеги гезиттердин редакторлорунун көбү, күчтүү журналисттер Нарындан, Ат-Башыдан болгон. “Эмне үчүн ал жактан чыгат?” деп сурасам, ал түшүндүрө албайт эле. “Биз “черик” деген уруудан болобуз, “черик” “чек арачы” дегенди билдирет. Чек ара кайтарып жүргөнбүз да” деген өзүнүн гипотезасы бар эле. Андан ары түшүндүрө алчу эмес. Анан мен баам салып, байкап көрсөм, Кыргызстандын эки кичинекей жери бар экен. Ат-Башы, Алай. Борбордон алыс, бир кычыктагы райондор. Алардын эли чоң айылдын элиндей эле чакан,бирок,республиканын коомдук-саясий, экономикалык, маданий турмушунда алардын салымы пропорционалдуу эмес, чоң экенин байкадым. Жогорку Кеңештин өткөн чакырылышында 120 депутаттын 17си Алайдан болгон. “Ушундай кыйындар эмнеге ушул чакан айылдардан көп чыгат” дегенге Мелис раматылык жооп таппай кетти. Мен да көп жылдардан бери “эмне үчүн андай?” деп ойлоп келдим…

(уландысы кийинки санда)

Маекти даярдоого жардам берген адвокат Таалайгүл Токтакуновага ыраазычылык билдиребиз)

Динар Турдугулова

Булак: Азия Ньюс

1 ой-пикир

  • Пенсионер says:

    Озбекстан менен ГЭС боюнча тузгон келишимдерди бут жокко чыгарыш керек. Болбосо аягы жакшылыкка алып барбайт.

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *