Он олимпиадага катышып, 8 китеп жазган Кабыл Макешов

Эл аралык Олимпиада Комитети Түштүк Кореянын Пхенчхан шаарында 2018-жылдын 9-февралынан 25-февралына чейин өтө турган Кышкы олимпиадалык оюндарды жеринен чагылдыруу үчүн Кыргыз Республикасынын спорт журналисттеринин ичинен жалгыз Кабыл Макешовго аккредитация берип, расмий чакыруу жиберди. Себеби, ал спорт баяндамачы катары Кыргызстан эгемен өлкө болгону Атланта, Сидней, Афина, Бээжин, Лондон, Рио-де-Жанейро жайкы, Сольт-Лейк-Сити, Турин жана Сочи кышкы олимпиадалык оюндарынын мелдештерин Кыргызстандын жалпы массалык маалымат каражаттарына чагылдырып турган.  Онунчу олимпиадага Пхенчхан шаарына аттанып жаткан КРнын спорт журналисттер федерациясынын башкы катчысы Кабыл Макешов менен спорт көйгөйлөрү, кышкы спорттун абалы, спорт журналистикасы тууралуу аңгемелешип отурдум.

Кабыл мырза, бул суроо канчалык кадыресе болбосун, бардыгына кызык экендиги маалым. Эмне себептен журналистиканын спорт тармагын чагылдырууну тандап алгансыз?

–Адегенде айылдык мектепте, андан соң  жогорку классты Нарын шаарындагы Токтогул мектебинде окудум. Шаардык балдар айылдык деп намысыма тийгенде, ичимден “мен силерге кандай болушту көрсөтөм” деп жүрчүмүн. Спортто активдүүлүгүмдү көрсөтүп, эркин күрөшкө, лыжа менен чуркоо, жеңил атлетика менен машыгып, республикалык мелдештерге катыштым. Спортто жүрүп, спортту жаза баштадым. Алгачкы  “Алтын шайба” деген макалам 1976-жылы облустук “Нарын правдасы” гезитине жарыяланган. Кыргыз Улуттук университетинин журналистика бөлүмүн аяктап,  Кыргыз телерадио комитетинин балдар жана жаштар редакциясында редакторлуктан спорт бөлүмүнүн башчылыгына чейин беш жыл эмгектендим. Башка улуттун өкүлдөрү спортту жаза албайсыңар, түшүнбөйсүңөр деп намыска тийгенде аларга далилдөө үчүн  биротоло спорт журналистикасына аралаштым. Кыргызстандын тарыхында 1992-жылы “Байге” спорттук гезитип уюштуруп, башкы редактор болуп иштедим. Менин демилгем менен 1995-жылы Кыргызстанда  cпорт журналистикасынын федерациясы уюшулуп, Эл аралык спорт журналисттеринин бирикмесине (AIPS) мүчө болгон элек.

–Учурда ар бир маалымдоо каражатында кеминде бирден спорттук журналисттер бар. Алардын спортту чагылдыруу чеберчилигине кандай баа бересиз?

–Спортту түшүнгөн, анализ кыла билген, көйгөйлөрүн чагылдырган, дүйнөлүк тажырыйбаларын ачып берген адис болсо жакшы болмок. Куш кабар же репортаж даярдай коюп, өзүн спорт журналисти сезгендер көп. Спорт абдан кенен, арымы чоң зор түшүнүк. Анын олимпиадалык, олимпиадалык эмес, улуттук түрлөрү бар. Ошол себептен баарын билгенге үлгүрүп, чагылдыруу мүмкүн эмес. Тек гана футболду же күрөштү чагылдырган жаштар бар. Мен бардык спорттун түрүн чагам деп айта албайм. Эркин күрөш, грем-рим күрөшү, оор атлетика, бокс, дзюдо өңдүү тармагын жакшы билем. Спорт журналисттеринин кемчилиги спортту үстүртөн эле чагылдырып берип жатышкандыгында. Бизде чет өлкөгө салыштырмалуу спорттук журналисттерин даярдаган атайын факультет, адистик жок. Кээде Жогорку окуу жайларында спорт журналистикасына кызыккан балдарга акысыз лекция окуп, багыт берип, кеп-кеңешимди айтып жүрөм.

–Буга чейинки маектериңизден  9 жолу олимпиада оюндарын чагылдырууга барган деп окудум эле. Жумуштун оорчулугу эмнеде?

–Дүйнө жүзү боюнча жайкы олимпиада оюндарын чагылдырууга 25 миң, кышкы олимпиадага 15 миң журналист барат. Ал жакта жалпыга маалымдоо каражаттарынын өзүнчө айылы куралат. Кайсы бир өлкөгө барып, маалымат берүү үчүн атайын уруксат алышат. Кыргызстанга Эл аралык олимпиада комитети бир гана журналистке квота берген. Жол кире, мейманкана, тамак-ашы чыгымдарын жана чагылдыруунун акысын журналист өзү же ал иштеген компания төлөшү керек. Каражаттын жоктугунан көп журналист бара албай жүрөт. Бир Олимпиадага барыш үчүн жок дегенде 3 миңден 7 миң долларга чейин акча сарпталат. 6 жайкы, 3 кышкы олимпиада оюндарын чагылдырып, чыгымдарын өзүм төлөп, айрым учурда демөөрчүлөрдөн жардам алып келем. Бул ирет дагы Түштүк Кореядагы кышкы олимпиадага өзүмдүн жана айрым демөөрчү достордун каражаты менен баратам.

–Олимпиада оюндарын чагылдырганга баргандан кийин башкаларга да маалымат бөлүшөсүз. Сиздердин маалыматтарды биздин кесиптештер туура эле чагылдырып жатыштыбы?

–Туура бергендер дагы, ошол эле учурда мен берген маалыматка шилтеме кылбай эле өздөрү даярдап койгондой чагылдырып жаткандар да болуп жүрөт. Мурун “Азаттык”  менен “Би-Би-Си” маалымат каражаттарына жеринен түз алып берчүмүн. Кийинки олимпиаданы “Спутник Кыргызстан” маалымат агенттигине түз алып чагылдырдым. Негизи андай жерлерге телерадио журналисттери сөзсүз керек. Чет өлкөлүк журналисттер атайын команда, техникалык жабдуулар менен барышат. Менде тыңыраак фотоаппаратым да жок. Жакшы фотоаппаратымды Бишкектен уурдатып жибергем. Спортко болгон мамиле өлкө жетекчилеринен да көз каранды.

–Спортчулар тууралуу эмне деп айта аласыз?

–Мага таарынышпасын, бирок, спортчулар интеллектуалдык деңгээлди өстүрүш керек. Көбү китеп окушпайт. Билимдүү адам кай жерде болбосун өзүнө ишеним артып, эмне кылышты билет. Спортчуларыбыздын көбү беттештен кийин дене-башты кантип калыбына келтирїї керектигин билбейт, анан спортту таштагандан кийин оорукчан же эч кимге керексиз болуп калышат. Бизде спортчуларды илгерки советтик ыкма менен машыктырып келишет. Машыктыруучулардын деңгээли да эл аралык талаптарга жооп бербейт. Мисалы, кызытма дарылардын миңдей түрүнө тыюу салынган. Анын баарын билиш керек. Дүйнөлүк спортто англис тилин өздөштүрүү маанилүү.Ошондуктан чет тилин билип, заманбап усулдарды үйрөнгөн устаттар жокко эсе.

Спорттук медицина кызматкерлери, психологдор да жетишсиз. Атайын адистешкен бир гана врач бар. Ал кайсы бирине жетишет. Эгемен болгону эл аралык талаптарга ылайык стадион, спорт комплекстери курулган эмес.Спортчуларга  шарт түзүп бербей туруп, бийиктиктерди багындырууну талап кылганыбыз уят.

Илгери Советтер союзунун спорттук командалары машыгууларын көлгө келип өткөрчү. Көлдөгүдөй жаратылыштын ыңгайы Мексикада гана бар экен. Керек болсо космонавттар ден соолугун калыбына келтириш үчүн Ысык-Көлгө келишчү. Олимпиада чемпиону, казак мушкери Ермахан Ибрагимовдон Сидней олимпиадасын жеңген учурда мага берген интервьюсунда  алтын байгени утушуна Ысык-Көлдүн таасири болду деп айткан эле. Казакстан, Орусия, ал түгүл Украинанын спортчулары жайы, кышы дебей Ысык-Көлдө машыгууларын өткөрүшөт.  Биз болсо, колдо турган мүмкүнчүлүктү пайдалана албай жатабыз.

–Жумушуңуз канчалык түйшүктүү болбосун, артыкчылыгы да болсо керек. Спорттун аркасы менен эл-жерди тааныйсың дегендей?

–Кыргызга сөз тийгизбейин деп адеп, ыйман, намыс менен жүрөм. Ар бир оюнда ак калпак баштан түшпөйт. Биринчи атың үчүн иштешиң керек экен. Турин кышкы олимпиадасында казактар өздөрүнүнүн спорттук энциклопедиясын белек кылышты. Спорт жана федерация жетекчилерине бул идея менен кайрылганымда эч ким жардам берген жок. Элүүгө чыкканда той бербей беш жылдай материал чогултуп, “Кыргызстан: Дене тарбия жана спорт энциклопедиясы” аттуу толук түстүү 1000 даана китеп чыгардым. Арасында мен кирбей калыпмын дегендер болду. Кайра маалымат чогултуп, экинчи басылышын толуктап чыгардым. 2014-жылы англис жана кыргыз тилдеринде “Азия Олимпиадалык кеңеши: Азия оюндарынын тарыхы” аттуу толук түстүү китебим жарык көрдү. Бул нерсени 45 мамлекет жасай электе кылдым. Баш-аягы спорт тууралуу сегиз китеп чыгарып, 60 миң доллар акча сарптадым.

–Алдыда кандай пландарыңыз бар?

–Учурда Ишки иштер министрлигине караштуу  “Бетме-бет” гезитинде кабарчы болуп иштейм. Былтыр “Абакир — азыркынын Кошойу”, “Жусуп Иманалиев-биринчи мугалим”, «Динамо”-кыймылдагы жана биримдиктеги күч”  деген китептерим жарык көрдү. Дзюдо спортунун тарыхы боюнча китеп жазып бүттүм. Эркин күрөш тууралуу да китеп жазып жатам. Эми буларды көрүп алып, Оор атлетика, Бокс, Тогуз коргоол федерациялары дагы китеп жазып бер деп  сунуш кылып жатышат. Аркаңда калган мурасың- китеп эле болот экен.

–Кышы сонун Кыргызстанда кышкы спорт неге өнүкпөй, аксап турат? Кышкы спорт – бул ден соолукка өтө пайдалуу эмеспи?

–Чындыгында, Кыргызстандын жаратылышы, ак кар, көк музу спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүдө абдан ыңгайлуу. Айрыкча Нарын облусундагы узак кыш, Ысык-Көлдүн тоолуу аймагы, Чүй, Таластын тектирлүү тоолору лыжа спортчуларына машыгууга мүмкүндүк берет. Кыш мезгилинде гана эмес, жаз жана жай айларында да ак кар- көк музу кетпеген мөңгүлүү аймактарда жыл бою лыжа тебүүгө шарт бар. Мындай жагдайды Орусиянын Президенти Владимир Путин да байкап, биргелешип лыжа базасын куруу демилгесин көтөргөн. Бирок бул демилге Кыргызстандын жетекчилери тарабынан колдоого алынган эмес. Атүгүл өлкөгө келген чет элдик меймандар да кыргыз тоолоруна суктанып, эл аралык лыжа базаларын куруу менен кар менен жаратылыштан пайда көрсө болоорун суктануу менен айтып жүрүшөт.

Чынында эле кар көрүүгө зар болгон Азия мамлекеттеринин адистерин да Кыргызстанда биргелешип, заманбап тоо лыжа базасын курууга неге болбосун. Ал түгүл  «Спорттун кышкы түрлөрүн өнүктүрүүнүн келечеги жок, каражатты көп талап кылат» деген кыяздагы жетекчилер да болууда. Азыркы учурда кышкы спортту өнүктүрүү учур талабы. Себеби, жыл өткөн сайын Азия аймагында кышкы оюндарынын жана кышкы олимпиада оюндарынын дүйнөлүк таасири артып баратат.

Кыргызстандык спортчулар Лиллехамeр, Нагано, Солт-Лейк-Сити, Ванкувер, Сочи шаарларында өткөн кышкы олимпиадаларга, Харбин, Кангвон жана Аомори, Астана, Алматы, Саппаро шаарларында өткөн Кышкы Азия оюндарына катышып келишкен. Азия өлкөлөрү да соңку жылдары кышкы спортту өнүктүрүүгө кызыкдар болуп, инвестиция салууга өнөктөш издей башташты. Коңшу Казакстан Азиянын кышкы оюндарында Кытай, Жапония өлкөлөрүнөн кийинки үчүнчү орунду ээлеп жүрөт. Өткөн жылы Алматы шаары бүткүл дүйнөлүк студенттердин кышкы универсиадасын өткөрүп, кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүп алышты. Ал түгүл Алматы шаары 2022-жылкы кышкы олимпиадалык оюндарды өткөрүүгө негизги талапкерлердин финалында 4 упай айырма менен Бээжин шаарына уттуруп жиберип, арманда калышты. Келечекте кышкы олимпиаданы Казакстан өткөрүүгө белсенип турат.

Азыркы учурда Кыргызстанда  балдар хоккейи активдүү өнүгүүгө багыт алды.  Бир эле мисал: жакында кыргызстандык жеткинчектер АКШда өткөн эл аралык турнирдин жеңүүчүсү болуп келишип, сүйүнүчкө бөлөдү. Аларды көрүп, Кыргызстанда кышкы спорттун келечегине ишеним артып, үмүт кылат экенсиң.   Кышкы спорт түрлөрүн өнүктүрүү үчүн атайын адистешкен спорт мектеби ачылган.  Ал эми кышкы спорттун түрлөрүнө көп жылдардан бери көңүл бурулбай келе жатканынын негизги себеби мамлекеттик казынадан спортко бөлүнүп жаткан каржылоонун жетишсиздиги. 2018-жылы өткөрүлүшү белгиленген беш жүздөн ашык иш-чаралардын ичинен кышкы спорттун түрлөрү боюнча беш-алты гана мелдеш белгиленгени да өкүндүрөт.

 Ошондой болсо да кышкы спорттун популярдуу түрү деп хоккейди, лыжа жана сноуборд тебүү болууда. Массалык спорт өнүксө, алардан мыктыларды тандап алууга өбөлгө болмок.

Ошондой болсо да  9-февралдан 25-февралга чейин Түштүк Кореянын Пхёнчхан шаарында өтө турган кышкы олимпиадалык  оюндарга биатлон боюнча Тариэл Жаркынбаев менен  тоо-лыжа боюнча Евгений Тимофеев катышканы турат. Алар байгелүү орундарга талапкер боло алышпаса дагы, Кыргыздын туусу көтөрүлгөнүнө шүгүр дейли.

Кубаныч Зайнидинов

Булак: Де-Факто 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *