Сулайман Кайыпов, профессор: Он жыл мурда ким элек, бүгүн кимбиз? Султан Мамбеткалиев жөнүндө сөз

(Кыргыз Эл мугaлими, чыгaaн инсaн Султaн Мaмбеткaлиев жөнүндө сөз)

Кайран гана Султан агай, аман жүрсө, бу күндөрдө, бар болгону 75 гана жашка толмок экен! Кайран киши дебейсиңби! Береги биздин зобололуу доктурбайлардын биринин: “Эр ортону – 80 жаш” деп айтып жатканын кулагым чалгандай болгон. Аны эске алсак, Султан агай эр ортону дечү жашка дегеле жакындай электе кете берген турбайбы. Дагы далай жыл жашаса болмок экен, атаганат. Агайдын болсо, мүрзөсү чым алып, Кыргыз билим берүү системасынын бул кайратман, көк, устат адамдын жоктугуна көнүп бүткөнү качан…

Мен, Султан агай 75 жашка чыкмак экен дегенди угуп, “тоголок дата” эмеспи, шакирти, жатындашы болбосо да, жакын көргөн иниси катары, көкөйүмдө жүргөн ойлордун бирди-жарымын болсо да, чамамдын жетишинче кагазга түшүрөйүн, дилимде багып жүргөн сөздөрүмдүн бир бүркүмүн болсо да айтып калайын деген ойго келдим. Агайдын ким экенин билбегендер жок чыгар, ошентсе да, аны менен көп жылы жакын жүргөн, өмүрүнүн акыркы мүнөттөрүндө да жанында болуп, келмеи-шаадатын кулагына эңилип айтып жатып улуу сапарга узаткан иниси катары, агайымдын, агамдын адамдан артык сапаттарын көпчүлүктүн эсине салып коёюн дедим… адамдыктын коңгуроосун аз да болсо кагып коёюн дедим. Билгендер: “Ооба, Султан агай жарыктык ушундай болучу” дээр. Билбегендер: “Ии, кыргызда ушундай киши болгон тура. Кап, ак-караны арай көзүн чарай айткан ушундай киши мына азыр керек эмес беле” деп калаар, санын чабаар, өкүнөөр.

Калемди колго алган соң, турмуштун ыбыр-сыбыр иштери менен алек болуп жүрүп, жадымдан чыга баштаган көп нерселерди кайрадан эстедим. Күлдүм да, кайгырдым да… Албетте, күлгөнүмөн кайгырганым көбүрөөк болду, ал өзүнчө кеп! Бул дүйнөнүн опоосуздугун, өмүрдүн кыскалыгын мындай кой, кишинин көзү өткөн соң, кечээ эле төрүндө тайраңдап, сый-урматын көрүп, “Султаке, сизден башка киши жок” деп отурган ашкор немелердин тез эле өзгөрүп, жүзүн үйрүп, андай кишини тааныбай тургансып, кеңкейип калганын да эстебей койгон жокмун. Кимдин ким экени турмуштук кырдаалдарда сыналат. Демейде баары эле жолдош, баары эле дос, баары эле жакын. Кыргызда айрым бир, он жүздүү адам типтеринин бар экенин эстеп, алардын кээ бир кылыктарын элестетип алып, өлгүдөй жийиркендим. “Э, теңирим, менин тегерегимде ошондой адамдар болбосо экен. Жалгыз жорткон бөрү сымал тек жүргөнүм эле туура окшойт” деген да ойго келип, жаратканга жалбарып да жибердим.

Ары кеттим, бери кеттим… Акыры, акыл-оюмду топтоп, мындан туура он жыл мурда Султан агай 65 жашка толгондо “Болбогонду болтурган Султан агай” деген ат менен жарыяланган эки ооз сөзүм бар экен, ошону таап чыктым. Так он жыл мурда айтылган кеп…

Ошол сөздөрүмдү кайрадан окуп чыгып, далай кызык сезимдердин эпкинине туш болдум. “Ооба, он жыл мурда ошондой экен. Жаман эмес… Ийгилик бар, ийгиликтен үмүт бар… Биздин тармагыбызда андан бери эмнелер өзгөрдү? Жакшы жагына кеттикпи, же осол жагына оодукпу? Султан агайдын жогорку билим берүү жаатындагы эңсөөлөрүнүн акыбети не болду?” деген сыяктуу оголе көп суроолордун туткунунда кала бердим.

Анан, бул жолу ошол, мындан 10 жыл мурда жазылган эки ооз сөзүмдү өзгөртпөстөн берип туруп, ал убакта ким элек, кандай элек, бүгүн ким болуп калдык, азыр кандайбыз?” деген суроолордун айланасында, түз болбосо каймана түрүндө, кептин учун чыгарып коюуну туура көрдүм. Султан агайдын жасаган иштери, адамдык сапаттары жөнүндө сөз келебин чубап алуунун да кезеги келээр, дайым эле ушинтип, түн түшүп тура койбос. Анда эмесе…

Он жыл мурда…

“Салтты бузуп, ушул кыска сөзүмдүн бисмилласын юбилярдын бейнесинен эмес, өлкөбүздүн эң татаал маселелеринин бири болгон жеке менчик жогорку окуу жайын ачуу, иштетүү маселесинен баштасамбы деп калдым. Анткенимдин өзүнчө себеби бар: Кыргызстанда Султан агай дегенде жеке менчик университетти, жеке менчик университет дегенде Султан агайды түшүнүп калбадыкпы. Кыскасы, «Бардык жолдун барар жери аэропорт» деп акын Сүйүнбай Эралиев айткандай, сөздү кай жеринен баштабайлы, барып-барып бир эле жерден чыгаары бышык.

Жеке менчик жогорку окуу жайын ачуу, аны иштетүү, өнүктүрүү – дүйнөнүн бардык эле жеринде өтө кыйын, катардагы адамдын колунан келе бербеген, машакаты күч жумуш. Мамлекет аттуунун баары колунан келген-келбегенине карабай, элге билим берүү жагын өз мойнуна алат эмеспи – эч болбосо, закондоруна ошондой деп жазып коёт ко. Жеке менчик окуу жайын, көбүнчө, каражаты ашып-ташып турган чөнтөгү калың атуулдар, же уюмдар мамлекеттин билим берүү жаатындагы жеңилин жерден, оорун колдон алайын деген патриоттук сезим менен уюштурат.

Анан анын Атамекениме жардам берейин деген ниетин өлкө бийлиги да, эли да туура түшүнүп, жеңилдиктер берет, ал турсун белгилүү бир убакытка чейин өкмөт өзү көзөмөлдөп, керектүү дотациялар берип, материалдык, укуктук жактан колдоо көрсөтүп турат. Бул, алибетте, мамлекеттик түзүлүшү калыптанып, кыйшайбас улуттук идея жетегинде өнүгүп бараткан, билимдүү адамдын коомдогу ордун туура түшүнгөн өлкөлөрдө гана болот. Ал эми жаңыдан канат сермеп, сары түгү түлөп түшүп бүтө элек Кыргызстанда жеке менчик окуу жайын уюштуруу, болгондо да, мындан 15–16 жыл мурда университет ачып иштетүү дегеле мүмкүн эмес болучу. Мурун-кийин эмес, мына ушул күндө деле сурамжылап көрсөңүз, жеке менчик университет ачуу бул коммерция, бай болуунун бир жолу деп ойлогондорго кадам сайын туш болосуз.

Анын машакаттуулугун, жеке менчик окуу жайынын ээси мамлекеттин аткара турган жумушун тең бөлүшүп жаткандыгын, жаш муундарга билим берип, окутуучуларды иш менен камсыз кылып, бир далай социалдык-экономикалык маселелерди чечип жаткандыгын ойлогон киши аз. Сөз баштала электе эле: “Ал жеке менчик университет, эмне болсо, ошо болсун” деген куру чечендер четтен чыгат. Бул жагынан алганда Султан агай өзү жашап жаткан мезгилден алда канча озуп кетти — ​жеке менчик окуу жайы жөнүндөгү түшүнүк чындап калыптана электе жеке менчик университет ачты. Бирок, көргүлүктү көрдү, азап-тозоктун отунда жалбырттап күйдү. Эрдиги ушу, күймөк турсун жалбырттап өрттөнүп жатса да, беттегенин бербеди.

Кайсы бир жылы кире калсам, агай капаланып, тамекисин дембе-дем чегип отуруптур. Бир топ баарлашып отурган соң: “Ай, билесиңби, эч кимге эч нерсенин кереги жок экен. Түшүнбөйт, түшүнгөнгө аракет да кылбайт экен. Кээ бирөөлөрү мени жөн эле келесоо деп ойлойт ай. Ушул университетти уюштурам деп жүрүп, эчкини эже, текени жезде дегенге да көнбөдүмбү. Антпесең иш кылалбайт экенсиң,” — ​деп туталанды.

Султан агайдын ошол эчкини эже, текени жезде деп жүрүп, жеке күжүрмөндүгү менен курган Чүй университети азыр Кыргызстандагы жеке менчик окуу жайларынын лидери дей турган деңгээлге жетип отурат. Ал жогорку окуу жайы катары өзүнүн балалык мезгилин аяктап, жетилүү жолуна түштү десе болот. Кыскасы, Султан агай болбогонду болтурду. Көчөдөгүлөрдүн ушак-айыңынан баштап, өлкө жетекчилеринин сүйлөгөн расмий сөздөрүндө да орунсуз сын пикирлер айтылбадыбы. Бирок, Султан агай ноюган жок, кайрадан өжөрлүккө салып, эч нерсеге көңүл бурбай, өз ишин уланта берди. Ал, бул ишти эр ортону элүүгө толуп-толбой, турмуштук тажрыйбасы да, акыл-эси да толуп-ташып турган чагында баштаган эле. Мына эми, өзү 65 жашка толуп, университети болсо, 16 жашка кадам шилтеп туру.

Султан агай тууралуу да, Чүй университети тууралуу да айтыла турган чыныгы сөздөр али алдыда. Ал кишинин миңдеген мен сыяктуу студенттери бар. Алардын ар бири агайга байланыштуу жок дегенде бир-эки жагымдуу окуяны эстеп жүргөндүгүндө шек жок. Балким, жакшы болсун, киши болсун деп насаат айтканын, ачуусу келип тилдегенин эстеп жүргөндөр бар чыгар. Балким, “Ме, ай” деп, чөнтөгүнөн тыйын чыгарып бергенин унуталбай, өзү да агайды туурап, окуучуларына ошентип акча берип жүргөндөр бардыр. Айтор, Султан агайды таанып калган ар бир студент эч болбосо бир-эки “таттуу” окуяны сөзсүз эстей алат.

Султан агай студенттери менен теңтушундай сүйлөшүп, аларга агасындай кам көрчү. Купулуна толбогон бир иш жасаса, агалык кылып тилдечү. Мени да тилдеген. Бир-эки жолу тескери басып кеткенимде: “Эй, кержейген акмак, сен минтип жүрсөң киши болбойсуң… Асанкайгы экенсиң…” деп, кылган күнөөмдү жөнөкөй эле сөздөр менен, Макаренкодон цитата келтирип отурбай эле мойнума коюп койгон. Анан көпкө чейин менин ылакап атым Асанкайгы болуп жүргөн.

Бала кез го бала кез, кээде тил алчаак болуп, мактоо уксаң, кээде тилазарлыгың үчүн улуулардан сөкөт угасың. Мынчалык болду, кийинчерээк эле, ата сакалым оозума бүтүп калган кездеги бир чекене окуяны да эскерте кетсем ашык болбос.

Мен Түркиядан келип, агай менен учурашуу үчүн Чүй университетинин Киев көчөсүндөгү имаратын көздөй жөнөдүм. Барсам, агай бир жакка камынып жатыптыр. Көрүштүк, ал-акыбал сурашкандан кийин:

— Ай, жүрү, сени Чүй областынын губернатору Курманбек Бакиев менен тааныштырайын. Же тааныйсыңбы? Ал да Сузактан болсо керек. Акаевден кийин президент ошол эле болот ко. Башка ылайыктуу киши көрбөй турам, — ​деди.

— Кайдан дейсиз, ал орунду Акаев баласына эле бербесе, башкага бербейт. Менин бүгүнкү планымда башка иштер бар эле, кийинчерээк барып таанышсам болобу? — ​десем:

— Болот… акмак элесиң да, бас дегенде баладай болуп басып койсоң өлөсүңбү? — ​деп зекиди да аттанып кетти. Мен кала бердим. Кийин чоло тийип бара алган жокпуз.

Арадан жылдар өттү. Айрыкча, 2005-жылдын 24-мартынан баштап Султан агайдын бул айткандарын көп эстедим. Түркияда жүрүп: “Кыргызстанга барганымда эсине салайынчы, ошондо айткандарын унутпады бекен” деп ойлодум. Аңгыча 2005-жылдын 14-августу болду… Ал мааракеге мен да чет элге кеткен кыргыздардын катарында чакырылган элем. Эртең менен маараке өтүүчү аянтка кирип бара жаткан жерден агайым экөөбүз оропара келе түштүк. Колун коё бербей туруп:

— Баягы жылы айтканыңыз эсиңиздеби, агай? Ошонуңуз туптуура чыкпадыбы, — ​деп, жанагы окуяны эсине салдым.

Унутпаптыр:

— Эсимде эмей, “Акылдуунун айтканы келбейт, Акмактын дөөрүгөнү келет” деген ошол, — ​деп, жаныбыздагылардын баарын күлдүрдү.

Мен, шакирти эмесминби, агайдын жанында бир топ жүрүп, мүнөзүн, табиятын жакшы эле билип калдым. Кээ бир сөзүн оозун камдап келе жатканда эле билип калган учурларым болот. Агай экөөбүздүн арабызда эң аз дегенде 35 жылдык агай менен окуучунун, ага менен ининин ортосунда гана болчу ынак мамиле бар. Ушул күнгө чейин агай агайлыгынан, агалыгынан жазбады, мен шакирттигимен, инилигимден жазбаганга аракет кылдым. Менден көп эле чекилик кетти дечи, агайдын баркына жетип агалай албай калган учурларым көп эле болду. Анча-мынча ашып кеткен жерлеримде: “Ай, сен антип келесоолонбогун…” деп, тыйды.

Султан агай “акмак” деген сөздү көп колдонот. Мен эмне десе, баарын каяша айтпай угам. Агайдын ачуусу келип, “Ай акмак…” деп баштаганда мен эмес, агып жаткан суулар токтойт. Токтобосо, көргүлүктү көрөт. Бирок, тез эле жазылып кетет. Алды бороон-чапкын, арты чайыттай ачык киши, Султан агай.

Кантсе да, Султан агай экөөбүз алгач таанышкан убагыбыздан бери көп эле бирге жүрдүк, акылдаштык, баарлаштык. Моралдык да, материалдык да колдоосун кыйын күндөрдө менден эч аябады. Университетине ишке алды. Азыр башка бир университеттин башында турганым менен, жарымым болбосо да, чейрегим Чүй университетинде. Непадам, тагдыр өзгөртүүчү маанилүү иштерим болуп калса, адегенде Султан агай менен акылдашам. Анан бир чечимге келем. Ошентип, Султан агай экөөбүздүн ортобуздагы агай-студент мамилеси жүрүп отуруп, бип-бир тууган ага-ини мамилесине өсүп жетти. Эми буйруса, өмүрдүн мындан кийинки бөлүгүн ага-инилик ынак мамиледе жашап өтөт көрүнөбүз. Окуучусу экенимди да унутпайм, албетте.

Бар болсун, болбогонду болтурган агам, Султан агай!”

Он жыл кийин…

Ооба, туура он жыл мурда ушундай эле. Ал кезде Султан агайды “Бар болсун!” деп, ага узун өмүр тилесек, азыр: “Жаткан жери нурга бөлөнсүн” деп, арбагына аль-фатиxа гана окуй алабыз. Чогулуштарда капталдан суроо берип, керек болсо, өзү сөз алып сүйлөп, канчалаган чоңдордун тизесин титиретип, далай-далай дөө-шааларды тизгиндеп турчу Султан агай бүгүн жок.

Султан агай жубайы Бурмакан жеңе экөө ачкан Чүй университетин өзүнүн тиричилик өткөрүү үчүн материалдык булак жаратчу мекеме катары гана карачу эмес. Чүй университети ал үчүн өлкөбүздүн билим берүү системасындагы жаңы жолдун ачылышы, өмүрнүн эстелиги болучу. Билим берүү жаатынын профессионалы эле. Бекеринен ага Кыргыз Республикасынын Эл мугалими деген ардактуу наам берилген эмес да. Ал тынбай изденип, эксперименттер жасап, түшүнбөгөн жерлери болсо, эч кимден тартынып калбастан сурап билип алган киши эле.

Тамекини дембе-дем буркурата тартып коюп, күндөлүк басма сөз каражаттарында жарык көргөн маалыматтарды, пикирлерди да бирден талдап отурчу. Орусиядан чыкчу газеталарды, “Комсомольская правданы” баш кылып, бир тобуна жазылып алып, окулуп бүткөн соң университеттин китепканасында сактатчу. Коомдо болуп жаткан бардык нерселерге өзгөчө маани берчү. Айрыкча чоңдорубуздун сүйлөгөн сөздөрүнө, кылган кылыктарына ичи чыкпай, кейип-кепчиген учурлары көп болор эле.

Султан агай президенттик шайлоолордун биринде талапкер Марат Иманкуловго университеттин имаратынан офис бере коём деп, мүлдө чоңдорго жаман көрүнгөн учуру да болгон. Имаратты арендага берүүдөн да саясат тапкан биздин бечара чоңдорго сөз жок эмеспи. “Министри келип, эмнеге ага офис бересиң деп тултуңдап, жайган дастарконумдан нан ооз тийбей кетти эле, эми мэри чалып алып, эртең деле күн бар деп кекетет. Эмне мени чаап алышабы, я?! Мен бөлмөмү арендага бердим десем, эч кимиси түшүнбөйт… Бул күндөр да өтөөр” деп, катуу туталанып жаткан экен, бир келсем.

Ак көңүл киши кийин эле анын баарын унутуп, “Президент Атамбаевдин да, Премьер-Министр Бабановдун да жакшы жактары бар. Мени кабыл алса, ак тилегимди билдирип, батамды берет элем деп, экөөнө өз-өзүнчө этектей-этектей болгон кайрылууларды жазды, аларын кайсы бир газеталарга акысын төлөп жарыялатты. Бирок, экөөнөн тең кымындай реакция болбогон соң, үмүтүн үздү: “Аа, буларга күн өтсө эле эсеп турбайбы… пикирди сыйлашпайт экен” деген жыйынтык чыгарды.

Кара жанын карч уруп иштеп, коомдогу ар бир нерсеге күйүп-бышып жүрүп, агай ооруп калды… чындап ооруп калды… Султан агай андай ооруну “тосуп алууга” даяр эмес эле. Бирок, бул оорунун соңу эмне менен бүтөрүн агай өзү да көп өтпөй билди. Адегенде ичтен сызса да, бир-эки ай өткөндөн кийин ачык эле айтты: “Мен келер жерге келдим окшойт. Кегетиге кайта тургандай болуп калдым бейм. Болот Мураталиевич Юнусалиев менен Аскар Турсунович Турсунов жөнүндө багып жүргөн ойлорумду жазып жетишип калайын” деп, көшөрө отуруп эскерүүлөр жазды, жарыялады.

Агайдын оорусуна арга жок эле. Күндөн күнгө эрип, сопоё арыктап отурду. Анан баскан-турганы оорлоп, жардамга муктаж боло баштады. Агайга ат тезегин кургатпай келип турган кишилердин да аяктары, негедир, тыйыла баштады.

Ооруканада жаткан учурунда академик К. М. Жумалиев менен анын жубайы Р. Аманова көргөнү келгенде баладай сүйүнүп, төбөсү көккө жетип турганы эсимде. Сыягы, келет деп күткөн эмес окшойт. Оорулуу киши ал-акыбал сурар адамдарын күтөт тура – муну ошондо билгем. Кимдин ким экени ошондойдо билинет экен…

Ошол күндөрдүн биринде болгон дагы бир окуя менин алигиче көз алдымда турат. Түш оой, Сыдыков Батыраалы Сыдыкович кирип келди. Көңүлү куунак, жайдары, шайдоот эле. Мени менен ал-акыбал сурашып бир аз тургандан кийин, чөнтөгүндөгү шишени көрсөтүп:

– Султан кайнагам менен бир аз аңгемелешип кетейин дедим эле. Сагындым. Ичпесең да жүр, аны-муну кобурап, бир-аз эс алалы. Мен деле ичпейм, – деди. Мен:

– Агай бир аз сыркоолоп атты эле. Бул тамак өтпөс бекен, жүрүңүз алып барайын, –  деп, агайдын жаткан жерине эрчитип бардым. Салам айтып, жайдары кирген киши Султан агайды көрөрү менен өң-алеттен кетти. Кыраакы киши иштин жайын илгертпей түшүндү. Бир аз сүйлөбөй отурду. Карасам, Батыраалы аке ар бир клеткасы муңга чыланып, чөгүп, заматта кыйла картая түшкөнсүптүр.

–  Ай, ай-ай, – деп, улам башын чайкап, дүйнөсү кыйрап, эмне дээрин биле албай отурду. Акыры: – Кой, мен кетейин, Султан, ылайым сакайып кет, – деди да, агайды бетинен коштошкондой өөп-өөп, анан сыртка чыкты. Келген Батыралы Сыдыкович менен кетип бара жаткан Батыралы Сыдыковичти салыштырып болбойт эле: экөө эки башка көрүнүш болучу. Башын чайкап-чайкап, анан мага жүз бурганда карасам, көздөрү жашка толуп, каштары түктүйүп түшүп, эми эле бакырып ыйлап жибере тургансып дирилдеп калган экен. Мындайда эч нерсе дей албайсың, сөз да табылбайт эмеспи. Колтуктап барып Лексусуна отургуздум, өзү жылдыра-жылдыра айдаган боюнча, чоң жолдогу кым-куут жүрүп жаткан машиналарга аралашып кетти. Ошол бойдон кайтып келе алган жок.

Бул окуя адамга, теңтушка жасаган таптаза, туптунук мамиленин эң сонун өрнөгү эле. Султан агайга чын дили менен жан тарткан, анын ден соолугунун начарлашына тереңден кейиген бир ушу кишини көрдүм. Султан агай өттү… Анан жыл айланбай, Батыраалы Сыдыкович да өттү…

Узун суроого кыска жооп

Демек, суроо туулат, он жыл мурда ким элек, бүгүн кимбиз. Бүгүн биз, албетте, он жыл мурдагыдан начарбыз, начардан да бетербиз. Султан агай жок… Батыраалы Сыдыкович жок… профессионалдардын айрымдарын Жараткан алып кетсе, көпчүлүгүн дилетанттардын төө бастысы тумчуктуруп, дем чыгартпай жатыры. Профессионализмдин туусун туткан бул адамдар кеткен соң билим берүүнүн кең майданы аңгырап, дилетанттарга, жагымпоздорго жем болду да калды. Билим берүү танабын башкаргандар, дагеле чалмакейин токтотпой чалып жатыры. Эгерде Султан агай бар болгондо: “Эй, эмне силерден башканын баары эле келесоо бекен… уялбайсыңарбы…” деп туруп, жөп-жөнөкөй сөздөр менен эле кимди болсо да кынына киргизип коймок; кандай азоо чоңуң болсо да, как жылоодон кармай калып токтотмок. Сазайын колуна бермек.

Кантебиз, Султан агайдын жаткан жери нурга бөлөнсүн. Өзү айткандай: “Бул күндөр да өтөөр…” Жок дегенде, өзүбүздү Султан агайдын ушул сөзү менен жоошутуп туралы. Ананкысын анан көрө жатарбыз!

Сулайман КАЙЫПОВ, Кыргыз-Түрк “Манас” Университети менен С. Мамбеткалиев атындагы Чүй Университетинин экс-ректору, Европа Ректорлор Клубунун мүчөсү

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *