Оңтойсуз суроолор?: “Ата Мекен” фракциясынын лидери Өмүрбек Текебаевге – Мародерду кайдан тааныйсыз?

– Өмүрбек Чиркешович, сиз учурда баш мыйзамды өзгөртүүгө каршы чыгып, бийликти болушунча көөлөп жатасыз, ыраспы? Чындыгында сизге баш мыйзамдын өзгөрүшү эмес, жеке ич күптү, таарынычыңыз жаныңызга тынчтык бербей жатат, чынбы? Ошол себептен, көбүнчө баш мыйзамга болгон каршылыгыңыз туурасында аргументтүү фактыларга эмес, учурунда үн катпай, билмексенге салган жагдайларга басым жасап жатасыз да туурабы? Муну “Батукаев маселесин көтөрбөгүлө, болбосо талап-тоноочулук боюнча кылмыш ишин козгойбуз, президенттин ошол кездеги аппарат жетекчиси Данияр Нарынбаев келген… мародерлор ким экенин билем, керек болсо колунан жетелеп барам” – деген өңдүү билдирүүлөрү далилдеп турат. Бул жагдай сиздин жеке керт башыңыздын кызыкчылыгын гана көздөөрүңүздү айгинеледи. Дегенибиз, андай чындык үчүн күйсөңүз эмне үчүн Данияр Нарынбаевдин айтканын учурунда айткан жоксуз? Мародерду билсеңиз, таанысаңыз эмнеге укук коргоо органдарына айтып каматпай шантаж кылып отурасыз? Мына ушул жагдайлар сиздин саясий чайкоочулук кылганга уста экениңизди көрсөтүп турган жокпу? Сөзсүз эле өзүңүздү керексиз сезип калганда кыйкырып чыгыш керекпи? Эмнеге учурунда позицияңызга төп келбеген жагдайларды айтканга жарабайсыз? Же ошол кезде сиз айтып жаткан нерселер жагымдуу туюлуп, эми жагымсыз, кылмыштуу аракет катары көрүнүп жатабы? Мародерду таанысаңыз, билсеңиз эмнеге президентке жетелеп барбай аны калкалап катып отурасыз? Табакташ болгондон соосузбу? Чын эле мародерду кайдан тааныйсыз? Чогуу жүрдүңүз беле?

Булак: Фабула 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *