«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясында сырттан алынган карыздардын натыйжалуу пайдаланылышы боюнча маселе талкууланды

«Өнүгүү-Прогресс» парламенттик фракциясынын жыйынында 1991-жылдан бүгүнкү күнгө чейин Кыргыз Республикасынын мамлекеттик карызы тууралуу маселе каралды. Бул тууралуу Жогорку Кеңештин Басма сөз кызматы билдирди.

Фракция жыйынында Кыргыз Республикасынын финансы министри Адылбек Касымалиев баштаган тиешелүү тармактык министрликтердин жетекчилери катышты.

Финансы министри Адылбек Касымалиев мамлекеттик карызды башкаруу боюнча ченемдик-укуктук актыларга жана анын негизги принциптерине токтолуп, 1992-жылдан бери карыздар Дүйнөлүк банк, Азия өнүктүрүү банкы, Эл аралык валюта фонду жана Кытай, Германия, Орусия, Түркия сындуу мамлекеттерден алынып келе жаткандыгын белгиледи. А.Касымалиевдин айтымында, 1992-1998-жылдарда алынган карыздардын кредиттик бөлүгү көп, гранттык бөлүгү аз болгон болсо, 2010-жылдан тарта карыздардын гранттык бөлүктөрү көп, кредиттик бөлүктөрү аз карыздар алынууда. Бүгүнкү күнгө карата тышкы карыздын жалпы көлөмү 3,76 млрд АКШ долларын түзөт. Эл аралык валюта фонду Кыргызстандын тышкы карыздары боюнча талдоо жүргүзүп, мындай көлөм менен өлкө сырткы таасирлерге сезгич болорун, мамлекеттик карыздын өсүшүнө жол бербөө керектиги боюнча жыйынтык чыгарган. Жалпысынан 1992-жылдан тарта 24 жыл 9айдын ичинде 6 миллиард АКШ долларында кредит, 2 миллиард АКШ долларында грант алынган.

Мындан сырткары, Финансы министри тышкы карыздардын канчасын кайсы мамлекет тарабынан кечирилгенин жана бүгүнкү күндө дагы карыздарды кечүү боюнча долбоорлордун үстүндө иш алпарылып жатканын маалымдады.

Жыйын жүрүшүндө фракция депутаттары сырткы карыздар айрыкча кайсы тармактарга көп алынгандыгын тактап, ошончо карыз алганга жараша кандай натыйжа берип жаткандыгын сурашты. Улуттук энергохолдинг компаниясынын төрагасы Айбек Калиев энегретика тармагына карыздардын ири көлөмү алынгандыгын, анын негизинде энергетикалык көз карандысыздыкка жетишилгендигин айтып, аларга Датка, Кемин подстанциялары курулгандыгын, Бишкек жылуулук электр борборун модернизацияланып жатканын жана Токтогул ГЭСин реабилитациялоо максаты турганын жана башка долбоорлорду тизмектеп берди.

Депутат Мирлан Бакиров карыздардын эң орчундуусу эки тараптуу карыз экенин, мындай карыз Кытайга бар экенин айтып, буга өзгөчө олуттуу мамиле жасоо зарылдыгын билдирди. Депутат Зиядин Жамалдинов 1992-жылдан бери алынган карыздарга көзгө көрүнөрлүк иштер жасалбаганын белгилеп, демек, алынган карыздар натыйжалуу пайдаланылбагандыгын сынга алды.

Ошону менен катар бир катар депутаттар сырттан келген кредиттерге завод-фабрикаларды куруп, элди жумуш менен камсыздап, түшкөн пайданы карыз алгандын ордуна пайдалануу качан башталат деген маселе коюшту. Дегеле четтен алынган карыздарды кен иштетүү тармагына багыттаса, алда канча пайдалуу болмок деген пикирлер да айтылды.

Талкуу маалында кредит алуу боюнча ратификациялык мыйзам долбоорлорун киргизүүнүн алдында макулдашуу процесси фракциялардан дагы өтүшү керектиги белгиленди. Депутат Абдыкапар Султанов “Кыргыз темир жолу”, “Каракече” сындуу мамлекеттик ишканаларга насыялар берилсе, өзүн өзү актап, өлкөгө пайда алып келерин ортого салды. Депутат Гүлшат Асылбаева кредиттик жана гранттык каражаттардын натыйжалуу пайдаланылышы боюнча депутаттык комиссия түзүү зарылдыгын айтты. Мындай олуттуу маселени Жогорку Кеңештин кароосуна чыгарып, Өкмөттүк саат өткөрүүнү депутат Мирлан Бакиров сунуштады.

Фракция лидери Бакыт Төрөбаев сырттан алынган кредиттердин натыйжалуулугун баалоо үчүн Doingbisness аттуу программа бар экенин айтып анын индикаторлорунун жыйынтыгы менен 138 мамлекеттин ичинен Кыргызстан 113, Тажикстан 77, Казакстан 53 орунда турарын маалымдап, эмне үчүн мындай көрсөткүчтөргө көңүл бурбайбыз дейт. Б.Төрөбаев аткаруу бийлигинде сырттан алынган кредиттерди жана гранттарды тескеп, каякка жумшоо, кандай натыйжа күтүү боюнча талдоо жүргүзүүчү орган түзүүнү КР Өкмөтүнө сунуш кылды.

Жыйынтыгында депутаттар тарабынан айтылган сунуш-пикирлердин негизинде КР Өкмөтүнө тапшырмалар белгиленди.

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *