“Өнүгүү-Прогресс партиясынын лидери Бакыт Төрөбаевге ыңгайсыз суроо: Экс-президенттин акыл насааттары менен “дарыланып” жаттыңыз эле. Айыктыңызбы?

Кыргызстандын акыркы он жылдан бери караган саясатында Бакыт Төрөбаев деген ысым пайда болуп, калктын кайсы бир катмарынын жүрөгүнөн орун тапканын тана албайбыз. Ооба, Бакыт Эргешович жылдызы жанган учурларда керек болсо келечек президент катары да сүр берип калган. Бирок, негедир он жылга жетпеген саясый чабытында өз канатын өзү кайрып, ушу тапта мокок бычак түспөлүнө өтүп алды. Дегеним, Төрөбаев айыл-чарбасына аракет жасап, анын арты менен айтылуу «Тракторбек» каймана ысымына татып, саясатта да омоктуу болуп чыга келген эле. «Өнүгүү-Прогресс» деген партия ачып, эбактан бери «комада» жаткан айыл-чарбасын жандандырууга жан үрөгөнсүгөн Бакыт Төрөбаев тегерегине бир топ саясый күчтөрдү топтоп, а тургай саясатта авангард болгон инсандардын да жылуу мамилесине оролгон. «Өнүгүү-Прогресс» партиясын Жогорку Кеңешке алып келүүнүн өзү эле не деген эмгек жана эрдик. Айталы, ЖоКени багындырган соң Бишкек шаардык кеңештин шайлоосу жакындаганда мурунку өкмөт башчы Темир Сариев менен «Ата-Мекен» партиясынын лидери Өмүрбек Текебаев теле-радиолор аркылуу «Өнүгүү» партиясын колдоорун жар салышкан. Шайлоодо бул үгүт үмүттү да актаган. Мунун натыйжасы менен Бакыт Эргешовичтин партиясы Бишкек шаардык кеңешине 8 мандат менен илинди. Ошол маалда, саясатта достук жок, убактылуу гана кызыкчылыктар болот деген аксиоманын алкагынан карап туруп «Эми Төрөбаев Текебаев менен Сариевге кандай кызмат кылып берет? Эки үлкөндүн башкы трактористке ишеним артуусунун куну канчага турат болду экен?» -өңдүү соболдор туулган. Бул да али жоопсуз. Баса, кесиптеши, Жогорку Кеңештин депутаты Өмүрбек Текебаев камалганда өтө катуу билдирүүлөрү менен чыккан эле. «Саясый кырдаал мындан ары дагы курчуп кете электе биз депутаттарды Өмүрбек Текебаевдин камалышынын бардык фактылары менен себептерин ачык талкуулоого чакырабыз. Менин оюмча саясий пикир келишпестиктердин баары парламенттин ичинде талкууланышы керек. Антпесе кырдаал радикалдашып кетиши мүмкүн, биз буга кызыкдар эмеспиз»-деп опурулуп, чөптүү төөгө айланткан. Балким жогорудагы «карызын» эстегенби?

Ал го ал дейли, андан соң «Парламент тарап эле кетпейлиби» -деп айтып алып, ал сөзүнүн өтөөсүнө чыга албай бармагын тиштеп да алган. Бул эле дейсизби, куру кыял деген эмнени гана кылбайт. Бакыт мырза учурундагы бактысына ыраазы болбой ыргыштап Өмүрбек Бабановдун «премьер-министри» болгусу келип ийген. Ушу тапта ошол «жараатын» «дарылап» жаткан өңдүү. Шайлоо учурунда болсо «Бакиев Курманбек Салиевичтерди Оштон кубалаган именно Сооронбайлар» деп азыркы президентке акаарат айтып, айкырып чыкты. Анан алардан өч алуу максатында Бабанов менен биригип кеткенин шардана кылды.

Айтор соболдор оголе көп. Айрымдарын өзүнө узаталы…

—Бакыт Эргешович,айыл-чарбасы боюнча аюудай эле айкыра берчү элеңиз, же аныңыздан майнап чыкпады. Айыл чарба жаатынын бүгүнкү абалы сизди канааттандырабы? Кезинде сизди, сиздин партияны колдоп, өз кебин айткан Өмүрбек Текебаевге «карызыңызды» актай албыңызбы? «Президентиңиз» Бабанов менен байланыштасызбы? Бабанов менен келечекти карай бир ураандын астында чыгып жаткан соң анын улуттар аралык чыр-чатакты козутуу жаатындагы пикирине өзүңүздү да күнөөлүмүн дen эсептейсизби? Эсептесеңиз, кандай жоопкерчилик сизге жарашат? Эгер күнөөлүү эмесмин десеңиз анда неге анын чачпагын көтөрө чуркабыңыз? Парламентти тарап кетүүгө үндөдүңүз эле, азыр кандай ойдосуз? Же ал куру поппулизм беле? Балким “саясый соода” жүрбөй калдыбы? Баса, экс-президенттин акыл насааттары менен “дарыланып” жаттыңыз эле. Айыктыңызбы? Анан да Бакиевге катуу күйүп, Сооронбай Жээнбековго карата сокку урууңузга эмне түрткү болду? Өткөн өч, кетпес кек барбы? 

Булак: Де-Факто

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *