“Өнүгүүчү” депутат Гүлшат Асылбаева акчанын күчү менен гана депутат болгонун далилдеди!

Азыркы депутаттарды шайлоочулар билим деңгээли, мыйзам жазгандыгы боюнча эмес, элди таң калтырган сөздөрү аркылуу таанып калышты.

Өзгөчө “Өнүгүү-Прогресс” фракциясынын өкүлү Гүлшат Асылбаеванын комитет жыйынында Кыргызстанда 9 миң сомдон аз айлык алгандар бар экенине айран таң калганы талкуу гана жаратпастан, бул окуя бийлик менен карапайым калктын ортосундагы социалдык ажырымдын чоңоюп баратканын далилдеп койду. Сыягы, мугалим, врач, бала бакчалардын тарбиялануучулары 9 эмес, анын жарымына да жетпеген маяна алышпагандыгын билбейт турбайбы. Баса, ал Казакстанда төрөлүп, депутат болгончо 2006-2014-жылдары “Кыргыз коньягы” ишканасын башкарган экен. Демек, акчанын күчү менен гана мандатка ээ болгон жана карапайым калктын чыныгы абалы, канча маяна алып, кантип жашап жаткандыгынан ат чабым алыста. Буларга элдин көйгөйүн чечүү эмес, өздөрүнүн бизнесине “жашыл жарык” күйгүзүп, гүлдөтүү гана маанилүү болуп саналат. Мындан мурда КСДПнын депутаты Өкмөт депутаттарды Көчмөндөр оюнуна автобус менен алпаргандыгына, ушул эле фракциянын дагы бир депутаты Р.Момбеков “ЖКК инспекторлору бизди тааныбайт”,- деп карапайым калктын кыжырын келтирген болчу. Көрсө, булар элдин эсебинен жыргап жашоо үчүн эле депутат болушкан турбайбы.

Булак: “Майдан.kg”  гезити

1 ой-пикир

  • медеr says:

    Ал партиядан жалан капчыктуулар, мурдагы партбосстордун балдары (Масалиев, Торобаев ж.б.) депутат болушкан. Ал эми кээ бир региондордон (минималдуу порогдон откоруп берсе да) бир дагы депутат жок араларында. Кылган иштери эле партиянын саясатын министрликтерге чейин киргизип, Онугуунун филиалына айландырышып жиберди окшойт (Минсельхозду, Кыргызпатентти). Жер-жерлерде МТС тузуп жатабыз деп элдин мандай тери менен тапкан каражатына сатып алган тракторлорун (Минсельхоз менен Онугуу партиясынын бир тыйындык жардамы жок эле) бир айылга чогулта салып, аны МТС деп (окмот жетекчилеринин козун будамалап) ачып келе жатат. Ал МТСи алар кеткенден кийин оз ээлеринин эле короолоруна киргизилип, ар кимиси озунчо эле иштеп жатат. Мындай МТСтер Нарында, Чуйдо ачылды. Ачылбаган эле Кол менен талас калды. Эми ал жерде да тракторлорду ар ким менен суйлошуп 2-3 кунго деп бир жерге чогултушса эле министри менен Торобаев барып ача салышат ко… конуп калган ишти (бироонун счетунан оокат кылып) койоор беле бул шылуундар. Ал эми 9 мин сом эмес 3-4 сом маяна алган кишилер ушул эле Бишкекте копчулук бюджеттик мекемелерде эмгектенишет. Бизге ушундай эл менен иши жок же бир тыйын пайдасы жок депутаттар же элди, окмот башчысын алдаган фракциялар деги керекби? мумкун депутаттардын санын 50% кыскартсак мына ушундай депутаттардын жана пайдасы жок фракциялардын оордуна бир аз акылы барлар келет беле деген эле илгери умут…. Конституцияга озгортуу киргизилип жаткан убакта эмне учун депутаттардын санын 50% кыскартабыз деген сунушту эч ким бербейт? Ушундай сунуш болсо эл озу эле 90% колдоп берет эле…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *