Аксылык Бакыт Узенбаев Оогандан келген кыргыздарга 2 гектар жерин бергенге даяр

Өткөн жылы Памирден көчүп келген кыргыздарга өкмөт далысын салып жаткандан улам кайра Ооганстанга кайтып кете турушкан болду деген маалымат элди чоң талкууга салды. Памирлик кыргыздар “Бизге жер берип, үй салып берсе эч жакка кетпейт элек” деп айткандан кийин, өкмөт акеге нааразы болгондор арбыды. Аксылык Бакытбек Узенбаев деген патриот “Өзүбүз алып келген туугандарыбызды карабай коюп, кайра узатсак дүйнө элине шылдың болобуз. Өкмөт аларга жер бере албаса, мен Аксыдагы 2 гектар жеримди берүүгө даярмын. Бирок, салкын жерде жүрүп көнүп калышкан туугандарыбыз биздеги аба ырайына чыдап жашаганга макул болобу?” деп телефон чалды. Кандаштар үчүн күйгөн кыргыздын кыйын уулдарынан учубуз куру эмес. Туугандарды батырып алганга даяр тургандар толтура.

Булак: “Жаңы Ордо” 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *