“Ачык саясат”: Оомат келгенде президент болгон Отунбаева

Өлкөнүн жүгүн өткөөл мезгилдин президенти катары көтөргөн Отунбаеванын бактысы тоодой экен. Бактысы демекчи, өлкөбүздөгү экинчи революциядан кийин бийликке келген Убактылуу Өкмөт тууралуу да баса белгилеп кетпесек болбос. Булар убак­тылуу эле эмес, куудулдар айтмакчы, «Бактылуу Өкмөт» экен да. Алардын айтуусуна караганда элди «успокойтеттириш» үчүн булар жөн эле «у» тамгасын кошуп алышса керек… Эмнеси болсо да булар акыры Отунбаеваны такка отургузушту. Отунбаеванын дипломат, саясатчы катары ишмердүүлүгүндө сөз жок. А бирок мамлекет башчысы катары каргашалуу Ош окуясынын алдын албагандыгы абдан өкүндүрөт. Ал эми ошол эле «Бакты­луу Өкмөттүн» өткөөл мезгилде кыргыз элинин алдындагы жоопкерчилиги тууралуу келечекте дагы далай сөздөр айтылар. Отунбаеваны болсо президент катары жакшы, же жаман иштеди дегенден да алыспыз. Колунан келишинче аракет кылды. Саясаттын айынан эмдигиче наамга жетпей жүрүшкөн куудулдар деле бекеринен ачуу чындыкты айтпаса керек. Дегеним, белгилүү куудул Абдылда Иманкулов өзүнүн бир сатирасында: «Азыр маанилүү кызматта бир жарым жыл эле иштей калып 80 миң сом пенсия алгандар деле кездешип жатат!»деп жөн жеринен айтпаса керек. Демек, сөз ким жөнүндө болуп жатканы маалым болуп жатпайбы. Жыйынтыгында ооматы келген Отунбаева акыры минтип экс-президент катары өз арбайын согуп жаткан кези.

Булак: Ачык саясат 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *