Видео – Министр Чолпонбаевге кайрылуу: ооруканада 6 сааттап кезек күткөн бейтаптарга көңүл бурган бирөө барбы?

Социалдык тармактарда Бишкек шаарындагы жалгыз инфекциялык ооруканадагы кайнап турган иш учурунда эки гана врачтын иштеп, 4-6 сааттап кезекте турган бейтаптардын видеосу тарады. Видео Facebook социалдык тармагында активдүү бөлүшүлүп, анын автору Медер Ибраимов кечээ, 1-декабрда КРдин Саламаттыкты сактоо министрине видеокайрылуу катары жарыялаган.

“Урматтуу Саламаттыкты сактоо министри, ушул жерде ыйлап жаткан балдардын үнүн, элдин үнүн угуп коюңузчу. Бул нерсе качан токтойт? Мурдагы видеого да эч ким, эч кандай реакция кылган жок”, – дейт Медер Ибраимов.

Эскерте кетсек, мындан эки күн мурда аталган ооруканадагы ушул эле башаламан көрүнүштүн видеосу тараган. Бирок, Саламаттыкты сактоо министрлигинен эч кандай реакция болгон эмес.

Ал эми, видеодон оорукананын коридорунда кезекте турган аялдарды, кары-картаңдарды алардын катарындагы жаш балдарды көрүүгө болот. Кээ бирлери 4 сааттан бери күтүп жатабыз десе, кээ бирлери 6 сааттан бери кезек күтүп тургандыгын айтат. Керек болсо, 6 күндөн бери келип, кезекте жүргөндөр бар.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *