Оош-кыйыш замандан озгон инсан

“Эгер мыйзам жок болсо, өзүң үлгү бол. Ошондо кийинкилерге өзүң жөнүндө жакшы эстелик калтырасың”

(Василий 1 Македониянин)

Жети жарым жылдык журналисттик чыйырымда куттуу кесиптин арты менен көп адамдарды жолуктуруп, ондогон, жүздөгөн инсандар менен баарлашуу, өзгөчө кыргыз саясатынын легендалары менен маектешүү тагдыр-тапшиме буйрук болуптур. Бирок, бул аралыкта бутуна өз күчү менен турган күчтүү инсанды биринчи ирет жолуктурдум. Туура, буга дейре алдыда сөз кылчу каарманымдын баскан изин туугандык маанайда гана билип келсем, соңку эки жылдан берки ага-инилик, таяке-жээн катары бири-бирибизге боор батырыштык деңгээлинде жылуу маанайдагы сырдашуу, ортодогу бекем ишенимге ширелишкен баарлашуулардан соң, анүстүнө журналисттик тилектин ыңгайы бүгүн келгенинен улам сөз козгоо мүмкүнчүлүгү үлүшүмө тийди. Эмесе, экс-депутат, Жогорку Кеңештин мурдагы төрагасы, Кыргызстандын баскетбол федерациясынын биринчи президенти, чыгаан банкир, советтик системадан чыккан чыныгы интеллектуал, өлкөбүздүн эмгек сиңирген экономисти Муратбек Осмоналиевич Мукашев тууралуу бир чындыкты айтуу шыбагасы ушул мүнөттөргө буйрук болгонунан улам легендага айланган инсан жөнүндө кеп улайлы.

Атпай кыргыз журтуна бул таланттуу адамдын ысымы жаш кезинен күчтүү чыгып келе жатканда аны кара ниеттер машина менен койдуруп, бутун сындырышкан соң өмүрү легендага айланган. Ал убакта мен 6 жашар тестиер экенмин. Мунун баарын кийин Муратбек Осмоналиевичтин жазган китептери менен ал тууралуу документалдуу чыгармалар түрмөгүнөн буга чейин тааныш болгонума карабастан, соңку учурда каарманым экөөбүздүн ортобуздагы мамиледен улам өз оозунан бышыктап алуу ыңгайы жаралды. Август айынын акыркы күндөрүндө Чүйдүн Кегети айылындагы чыгаан инсандын бир кездери куураган талааны гүлдөгөн аянтчага айландырган дачасында түн бир окумга дейре туугандык маанайдагы сырдашуудан соң саясатчы, тажрыйбалуу мамлекетчил ишмер, чыгармачыл, көз карашыңдагы ар бир нерсени “кылт” эттирбей аңдаган даанышман инсан катары адамдык бийик үлгүсү менен таасир калтырды. Баштан өткөн баскан изи, турмуштук философияларына кадимкидей таасирлендим. Бир эсе жашоо формуласына ыраазы болдум. Өзгөчө киндик каны тамган кичи мекенине карата “Элим-жерим, Кегетим” деген мекенчилдик маанайын, андагы жек-жааты менен бир туугандарына, атасы Муктар менен энеси Турдукандын небере-чөбөрөлөрү, укум-тукумдарынан куралган көчкө татыктуу жол баштап, аларга кылган чоң аталык камкордук, таалим-тарбиялык үлгү тутчу улуу жүрүшүн бир эсе эш туттум. Ички дүйнөм менен мындай инсан тууралуу сөзсүз гезитке алымдын келишинче бир нерсе чүргөө идеясы жаралды. Көөдөндөгү андай ойдун чет-бучкагын гана каарманыма кылтыйтсам, Муратбек Осмоналиевич көңүлдөнбөдү. А мен болбой эле журналисттик ышкым менен бүтүндөй өмүрү санжыргалуу кепке айланган мындай персонанын адамдык үлгүсүн ачып берүүгө, журналисттик үн бергенге далалат урган кербезим. Макалам гезит бетине чыгып калса, каарманым өзү айтмакчы кичикий таякесинин мындай “кылыгына” кап этпестир. Кеп кезеги келгенде инсандык калыс сөздү айтуунун өзү да эрдик эмей эмне?

Муратбек Мукашев эгемен өлкөбүздүн жаш тарыхында чыгаан банкир гана эмес, мамлекетибиздин демократиясынын кышын кынаптоо шартында парламенттин эки чакырылышынын депутаты, алтургай спикер катары көз карашын кандай кырдаал болбосун ачык айткан күчтүү саясатчы катары калды. Ошон үчүн бозгундагы эки президент кезегинде аны жактырышкан жок. Акаев доорунда ага каржы министрлигин сунушташканда кара ниеттер тарабынан бутунан айрылса, Бакиев доорунда өлкө экономикасынын кан тамырына айланган, эл аралык деңгээлге дейре атагы бар банкынан айрылды. Болгондо да Бакиев жана анын “башкесерлери” өкүмзордук саясаты астында карандай эмгеги менен түптөлгөн банкын каратып туруп тартып алышкан. Башынан турмуштун өйдө-ылдый, оош-кыйыштарын көп өткөргөн каарманыбыз мындай окуялардан соң чайпалбады, төгүлбөдү. Бутуна өз күчү менен туруу фактысын тирүүлөй далилдеген бул инсан бийликтин ыплас саясатына философиялык көз караш менен карады. А бирок, кара ниеттердин бирөөнүн адал эмгек, ак ырыскысын өкүмзордук менен тартып алуусу эч кандай буйруктуу болбосуна көп өтпөстөн мезгилдин агымы менен баарыбыз күбө болбодукпу. Анын саясый көз карашынын туруктуулугун ушундан билиңиз, 2010-жылы 7-апрель окуясынан соң КСДП баштаган революциячыл партиялар партлидерден кийинки 2-тизмеге турууга чакырышканына карабастан биздин каарман алардан сыпайы баш тартканы бар. Бизде көп эле коомдук ишмер, белгилүү саясатчы аксакалдар бийлик ким тарапта болсо, ошол тарапка жандалбастап жапырылып, калыс сөзүн айта албай кайпактап, бир аз мурун айткан пикирлеринен 180 градуска бурулуп, чыныгы жүзүн көргөзүп чыга келишет. Таңкалычтуусу, Муратбек Осмоналиевич кай бийлик болбосун айрым байлардай, жоон топ экс-чиновниктердей болуп бийликке төшөлүп берген жок. Билгенге бул да болсо (өзгөчө кыргыз саясатчылары үчүн) чанда кездешчү калыстыктын, бийик парасаттуулуктун үлгүсү. Адатта адамдар кыйынчылыкта, катуу чуркап марага жетпей калганда же жөн эле убакыттын өтүшү менен адамды иренжиткен пендечилигин көргөзүп алат. Андай болгондо дээрлик идеал тутуп жүргөн адамыңдан көңүлүң кайт болуп, “бу деле бир пенде турбайбы” деген өкүнүч же оор шыпшынуу пайда болот. Бирок, убакыт да, каатчылык да, бийликтин зөөкүрлүгү, зомбулугу да адамдык сапатын солк эттирип койбогон инсанды көргөндө ичиң жылып, ыраазы болосуң.

Ошентсе да кыргыз банкирлеринин феномени, тажрыйбалуу экономист катары акчаны кантип таап, өлкөбүздүн экономикасын, мамлекеттик казынанын киреше-чыгашаларын ар убак таамай, так кылып, негиздүү аргументтери менен талдаган аналитикалык деңгээлдеги макала-маектерин мезгилдүү басма сөз аркылуу билдирип келет. Кезегиндеги анын айныгыс көз караш, жактоосу менен улуттук валютабызды тез киргизүү зарылдыгын жактаган принципиалдуу позициясы бүгүнкүдөй экономикалык олку-солку заманда өз жемишин берип жаткандыгын адилеттүүлүк үчүн белгилеп коюу кажет. Акча жасоонун миң түрлүү айла-амалын билген, эсеп-чотту жаңылбай жатка каккан Муратбек Мукашевди Майер Амшель Бауэр, Алан Гринспенд сыяктуу дүйнөлүк деңгээлдеги тарыхта аттары калган банкирлердин фельдмаршалдары сымал өлкөбүздүн экономикасы күн сайын кедеринен кетип, сомдун куну качып, доллардын курсу көтөрүлүп жаткан азыркыдай шартта көз караштардын ар түрдүүлүгүнө карабастан акылы тунук инсандын кеп-кеңеши менен баалуу күчүн алып калышыбыз керек болчу. Бул жагынан Муратбек Осмоналиевич 31 жашында өлкөбүздүн каржы министри болуп, дээрлик 26 жыл үзүрлүү эмгектенген айтылуу устаты Алиаскар Токтоналиевден кем эмес ак эмгегин өтөп бермек.

Бир курдай банк системасы, өзгөчө бир кездери өзү башкарган “Кыргызөнөржай курулуш” банкынын өлкөдөгү эң ишенимдүү, таасирдүү каржы мекемесине кантип айланткандыгы тууралуу собол салып калдым. Муратбек Осмоналиевич баардык майда-чүйдө деталдарын элестүү кыла, таамай, так, анан да мээге куйгандай түшүндүрүп берди. Анын баарын бул жерге баяндап, майдалангым келбеди. Болгону, ал башкарган банктын зоболосу көтөрүлгөндүгүн ушундан билиңиз (салык, соцфонд, мамлекеттик казынага төккөн миллиондогон салык төлөмдөрүн тизмектебедим) 15 жылдан ашуун убакыттын ичинде мекемеде үлгүлүү иштеген кызматкерлерден 142 адамга жеке турак жай менен камсыздаганы кандай баага татыйт?! Керек болсо мамлекет да өз жарандарына мынчалык деңгээлде жакшылык кылбаса керек. Бүгүн да бир кездери Мукашевдин мектебинен талпынып, канат күүлөп чыккан анын шакирттери өлкөбүздүн үлкөн каржы мекемелери менен банктарында ийгиликтүү иш алып барышууда.

2000-жылы Муратбек Мукашев парламенттик жарышка аттанып жатып, “Мен өзүм бутка тургам, силердин да бутка турушуңарга жардам берем” аттуу шайлоо урааны менен жарышка кадам таштаган. Аныгында, бул инсан шайлоого чейин, кийин чоң саясатка анчейин аралашпай, депутаттыктан кетсе да таланттуу өнөр жылдыздарына, илим-билим, спорт, айтор, көкүрөгүндө көрөңгөсү бар чыгармачыл адамдарга, жазуучу-журналисттерге, жардамга чындап муктаждарга материалдык-моралдык жагынан чоң жардам бергенин жана азыр да берип келатканын каарманымдын ашынган душмандары да тана албаса керек. Пендечиликке алдырып, байлык-бийлик кумарына азгырылбай, сыноодон өткөн инсан катары көп адамдардын тагдырына түндүк көтөрө алды. Айрыкча келечектүү искусство таланттарына тирек болушту өзүнүн атуулдук милдети катары сезди. Адатта мындай иш азыркыдай чалкеш заманда коомдук чоң даражасы бар, искусствого, өнөр айдыңына өмүрүн арнаган таланттуу инсандын гана колунан келет. Анын жогорудагыдай жакшылык жасоодогу кадамдары барбалаңдаган колу ачык жигитчиликтин гана эмес, билимдүү, көп тараптуу, маданиятка, искусствого каны-жаны тартылган чыныгы элита кишиси болгондугун да айгинелейт.  Өзү да ыр жазып (айрым ырларына обон чыгып, эстрада ырчылары созуп жүрүшөт), публицистикалык, философиялык маанайдагы бир катар чыгармаларын китеп кылып, көркөм дүйнө менен жуурулушуп жүрөт. Улуу кишинин улуулугун ушундан бил, каарманым жашоодо атасынын “Бирөөгө жакшылык кылсаң, аны ар кимге айтып доомат кылба” деген кебин эш тутат. Ошондуктанбы, жогорудагыдай элге-журтка, колдоого муктаждарга, калктын түрлүү катмарлары менен өнөр адамдарына кылган жакшылыгын бетке кармап, айрымдарчылап анысын эл алдына төш кагып, жарыя кыла бербейт. Андайды дилинде жаман көрөрүн жакынкы мамиледен улам билем. Болбосо, анын башкасын мындай кой, чыгармачыл чөйрөгө кылган жакшылыгын ыңгайдан пайдаланып гезиттин ар эки санында жазып турсам деле жарашмак. Андай адатымды билген жээн агам өзү да менден кылган иштерин коомчулукка жар салбоону өтүнүп калат.

Муратбек мырзадан материалдык жардам алган жоон топ катмар тууралуу угуп-көрүп жүргөн соң жакшылык жасоонун символуна айланган бул инсандын эл кызматына бүтүндөй өмүрүн арнаган жүрүш-туруштарын, турмуштагы муктаждарды ыраазы кылган жагдайларын кошомат катары эмес, адилеттүүлүк үчүн сөз ыңгайы келгенде баса белгилеп, мындан ары да (канчалык кыялы чатак болгонуна карабай) жаза береримди эскертмекчимин. Азырынча жогорудагы чакан макалама “оор калибрдеги” инсан Муратбек Мукашевдин жасаган опол тоодой иштери, чынында адамды суктанткан турмуштук бай тажрыйбасы, анын ар өнөргө бай инсан катары бейнесине аз да болсо боёк сүртүп, саясый портретин тартканга чыгармачыл дараметимдин жетишинче далалат кылып көрдүм. Муратбек аганын жүрүш-турушу, оор басырыктуу мүнөзү, харизмасы, маданиятка, адабиятка, спортко, өзгөчө музыкага өтө жакындыгы, а эң башкысы, бутага алган жандыгын жаземдебей аткан көзгө атаар мергенчилик өнөрү жөнүндө көптөгөн легендалар азыркыга чейин айтылып келээрин эске алганда, бул жагынан дагы да кенен сөз козгосо болоорун бөркүмдөй көрөм.

Аныгында турмушта көкүрөгүндө идеясы барлар гана бааланат. Идея үчүн күрөшкөн мындай сейрек интеллигент тууралуу азырынча бир үзүм макаламдагы сөз тизгинин ушул жерден токтото турайын. Темирдей эрк менен жаратмандыкты, жакшылыкты жандүйнөсүндө бирдей батырган легендарлуу инсан жөнүндө калган штрихтери боюнча да айтылып-жазылчу кептер али алдыда…

Калыгул Бейшекеев

Булак: “Азия ньюс”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *