Оозду ачырган үй тууралуу Сегизбаев үн катты

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин мурдагы төрагасы Абдил Сеггабаев Бишкектеги  Орто-Сай-2 шаарчасына үй куруп жатканы тууралуу маалыматты төгүндөдү. «Мародерлукка катышкандар, ондогон жылдар бою паракорлук кылып, коррупцияга аралашып жүргөндөр эч кандай факт жок туруп мени мыйзамсыз иштерди жасаган катары күнөөлөп жатышат. Жадагалса кайсы бир заңгыраган имараттын сүрөтүн таап, аны мага таандык кылышты. Бул жалган, мен мунун артында ким турганын жакшы билем. Мени коомчулукка жек көрсөтүү максатын көздөп жатышканын түшүнөм. Мен «чабуулдарга» бута болуп жатканымды да түшүнөм. Себеби, бир кездери ачылган кылмыш  иштерин токтотуу боюнча «сүйлөшүүлөргө» макул болбой, сотко чейин жеткиргем. Мен баарын туура кылганыма ишенем, эртеби-кечпи, ал иштердин фигурантгары тийиштүү жазасын алышат» деди Сегизбаев.

Булак: “Азия ньюс”

1 ой-пикир

  • Sulayman KAYIPOV says:

    Аай, созун «мародерлук» деп баштаганына караганда бул жигитте акыл деле жок экен. Кыргызстанда бул соз канчалык коп колдонулса да, анын бар экенин далилдеп кетууго укуктук негиздер жок. Саясатчылардын гана бири-биринин бетине чачып жаткан балчыгы бойдон кала берет. Анан да Жогорку Кенеште Белизгейт талкууланып жатканда ойдолоктоп, кайкалактап отурганы тан калтырган болучу. Демек, ушундай жигит…

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *