Орозбек Молдалиев, саясат талдоочу: Курултай деген мындай болбойт!

24-ноябрда, 2018-жылы Кыргызстанда элдик курултай өттү. Бул курултай эмнегедир, менин оюмча, шашылыш түрүндө, кандайдыр бир чайкоочулукка ылайыкталып даярдалып ишке ашкандай болуп калды…

Курултайдын күн тартибине дээрлик чоң маселелер коюлган: “Кыргызстан кечээ, бүгүң жана эртең”, деген. Баш­каларга, курултай максатына жеттиби же жеткен жокпу биле албайм – менин көңүлүмдү жылыткан жок. Себеби; төрт билдирилген “докладтарда” жалаң гана президенттердин иши жөнүндө болуп жатты. Бир эле өзгөчө билдирүү сөз бул Равшан Жеенбековдуку болду. Курул­тайга Кыргызстандын жети дубанынан келген 700гө жакын өкүлдөр ар кими­си өз көйгөйүн айтууга гана келишкен­диги ачыктан ачык билинип калды. Де­мек, аларда Кыргызстандын келечеги жөнүндө ойлору тайкы экенин билдик. Делегаттардын үчтөн бир бөлүгүн му­рунку эле атка минерлер, эски ташбал­тасы чыккан саясатчылар түзүштү. Алар­ды мен санабай коеюн, ансыз деле алар элге маалим. Убакыт тардыгынан жанакы “резолю­ция” да эптеп будамайлап кабыл алын­ды, калганын жанакы уюштуручулар өз билгениндей кылып түздөп коюуга жол берилди. Улут кызыкчылыгын алдыга койгон ка менен карасын калыс караган курултай мындай болбойт, уят!

Молдокул Жаламышев,

Чүй облусу, Аламүдүн району

Кайран гана, чала сабаттар!

24. 11. 2018- ж. Бишкек ш. Ушул күнү Курултай болуп, жалаң чала сабаттар мындай чечим кабыл алышыптыр:

– КРнын экс-президенти А. Атамбаев өлкөдөн чыгып бара жатса аны кармоого чек арачыларга тапшырма берилсин;

– КРнын экс-президенти А. Атамбаевдин иштеп тургандагы ишмердүүлүгүнө юридикалык баа берилсин жана анын экс-президенттик кол тийбестиги алынып салынсын. КР Конституциясы жана анын мыйзамдары тууралуу түшүнүктөрү жок бул “курултайчыларга” билимдүү адамдар көчүктөрү менен күлүп жатышат. Күлүшпөй коймок беле, Конституцияда, мыйзамда мындай деп кашкайып жазылып жатса:

Кыргыз Республикасынын мыйзамы

“КР президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө”

КР Жогорку Кеңеши тарабынан кабыл алынган. 26 -июль, 2003- жыл.

III глава. 12 берене

Кыргыз Республикасынан Экс-президентинин кол тийбестиги

“КР экс-президенти кол тийбестик  укугуна ээ. Ал Кыргыз Республикасынын президенти болуп тургандагы кылган аракети же аракетсиздиги үчүн кылмыш жана административдик жоопко тартылбайт, кармалбайт, тинтилбейт, жекече текшерилбейт. Кыргыз Республикасынын Экс-президентинин кол тийбестик укугу: анын ээлеп турган турак-жайына жана кызматтык бөлмөсүнө, пайдаланган транспорттук, байланыш каражаттарына, мүлкүнө, транспорттогу жүгүнө, архивине, документине, кат жазууларына жана башкаларга карата колдонулат”. Башка мисал:

Конституция КР. 16.11. 2016 г.

Статья 6.

1. Конституция эң жогорку юридикалык күчкө ээ жана ал Кыргыз Республикасында түздөн-түз колдонулат.

5. Мыйзамдардын же укуктук ченемдик актылар жаңы милдеттемелер же жоопкерчиликти күчөтүүгө артка карай күчкө ээ эмес.

Демек, А. Атамбаевдин кол тийбестиги Баш мыйзам жана “КР президентинин ишмердүүлүгүнө кепилдиктер жөнүндө” мыйзам менен корголгон.

Жолдошбек Токоев

«Курултай өз максатына жеткен жок»

– Башында “эки президентти эле эмес, мурдагы президенттердин баарын чакырабыз” деп жакшы эле чыгышкан. Бирок Акаев, Бакиев келбей турганын билишет. Ал эмес Кыргызстанда турган Атамбаев менен, Жээнбековду келтире алышкан жок. Демек, булар өздөрүн кандай күч экенин баалашы керек. Курултайдын таасири күчтүү болуп, конструктивдүү ойлордун тегерегинде сөз болсо, президент Сооронбай Жээнбеков сөзсүз келмек. Курултайдагы адамдардын курамын карасак, бүт эле мурун бийликте жүрүп, азыр кызматы жок калган адамдардын жыйыны болду.

Орозбек Молдалиев, саясат талдоочу

Булак: «Айгай-пресс»

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *