Орсок саалган “уйдун” баяны, же эскирген пландарды кайра жаңыртышпайбы?

Чакан өлкө болгонубуз менен тамшана кеп кылар жагдайларыбыз толтура. Керек болсо казам десең бүткүл өмүрүң жетпей калат. Антсе да кыйын тарыхчылар жасай албаган укмуштай опурталдуу болмуштар мамлекетибиздин көмүскө “бүктөмдөрүндө” жатканын акырындан биле баштадык окшойт. Эмне үчүн айрым эл өкүлдөрүнүн, өкмөттүк эмес уюмдардын башчыларынын, “активисттердин” уйкусун “үч тамга” бузуп жатат десе анын “сыры” бар экен. Көрсө компроматтан сырткары да толгон-токой ишке ашпай калган окуяларды ошолор “архивине” катат турбайбы? Өткөндө дагы бир адамдын денесин чыйрыктырган маалымат жарк дей түшкөнү бекерден эместир? Көрсө аз эле жерден илгери Нариман Түлеев хан болбой калыптыр. Анда эмесе сөздү көп чаргытпай ток этер жерине өтөлү.

Сегиз жыл мурун экинчи төңкөрүш болуп, чаң-тополоң басыла элек кезде Бакиевчилерди жергебизге алып келүү боюнча Үсөн Сыдыков башында турган топтун пландары ишке ашканда мамлекетте кандай өзгөрүү болорун азыноолак сыпаттай кетели. 2010-жылдын майдын он экисинен тарта алгач түштүктөгү бийликти эпке келтирүү керектигин бышырууга так ошол “серый кардинал” атка конгон Үсөкебиз катуу чамынган. Медерди, Бакировду анча көп кыйналбай эле губернаторлук тактыга отургузууга жетишкен. Анан Баткенди жайгаруу үчүн Ноокатта жатып алып өз кишилерине команда бере баштаган. Тилекке каршы Ошту мыкчып турган Мелис Мырзакматовду Убактылуу өкмөттүн айрым мүчөлөрү “обработка” кылып айыгышкан күрөштөн оолак кармоого болгон аракети оң тарапка оогон. Албетте, андай кылыгы үчүн Мекең азыр да өкүнсө керек.Бекер жерден аны Жаныш апаптап койгон эместир Москвада? Ошентип “сыйрытмак” планы жүзөгө ашпай Сыдыков менен Исхак Масалиевдин телефон “баарлашуусу” билинип калып түрмөнүн баландасын жегенге шарт түзүлөт. Бирок, “жүндүү колдордун” амири менен алар акырында эркиндикке чыгышты. Акча деген ар балээге түртмөктөөрүн неге танмак элек? Туурабы? Ошол эле тойбостор, ачкөздөр алардын “бактысын” ачышкан.

Ал эми кептин өзөгүнө келсек абдан кызыктуу көрүнүшкө туш болобуз. Апрель окуясы болгондо ЖКнын төрагасы болгон Зайнидин Курманов Россияда экенин билебиз да? Мына ошол киши Бишкекке убагында учуп келгенде КурСалиевичтин “тун баласынын”- Нариман Түлеевдин жылдызы жаркылдап жанып кетмек экен. Көрсө качып кеткен ажонун буйругуна ылайык биздин өлкөнүн тагдырын Нариман чечмек тура. Кашайып, Зайнидин коркуп учпай коюптур да. Буга да анын суу жүрөктүгү, чечкинсиздиги себепкер дегенге негиз бар. Челдейген курсагынан бөлөк эч берекеси жоктугун кийин билген Бакиевчилер аябай жер тепкилешип жинденгенин айтып калышат күбө болгондор. Көрсө Зайнидиндин аялына “суук” кабарды угузушуп, кыргызстанга келсе эле тузакка түшөт дешип улам телефон чалдыра беришиптир тил эмизгичтер. Аялынын сөзүнөн чыгалбаган киши балээни этектин алдынан баш көтөрөбү? Анын келбей калганынан пландар үзгүлтүккө учурап, айла жоктон “өрдөк жокто чулдук бий болду”дегенге ыкташып Масалиевди ЖКга “шеф” кылып жиберүүнү пландап жатпайбы. Тилекке каршы андан да оңгулуктуу натыйжа чыкпады. Тескерисинче “кутумчулардын” бутуна кишен салынды. Себеби, мамлекеттин укуругу узун. Билегин түрүнгөн Түлеевдин жарыгы ошентип күйбөй калыптыр. Эгерде Курманов убагында учуп келип жыйын өткөрүп, өлкө башчынын милдетин убактылуу аткарууга Нариманды чогулган депутаттар көрсөткөндө иш аягына чыкмак экен. Ал учурда Жогорку Кеңештин, Бакиевдин кубаты тоодой болчу. Араң турган Убактылуу өкмөттү заматта көздөн кайым кылышмак. Мен кыйынмын деген Текебаев, Бекназаров, Атамбаев, Сариевдин дымагын ошондо көрбөдүк беле? Коркконунан жалгыз аялга-Роза Отунбаевага бийликти бере салышып, чымындай жандары аман калды го ошондо.

Эмнеси болсо да кызыктарга бөтөнчө байбыз. Ошентип Нариман хан болбой калган соң чет тарапка зыйт берет. Байдын байлыгын неге аямак элек деген принципти карманган айрым жегенди куп үйрөнгөндөр жылуу кабарды кайра-кайра угузушуп, акыры Түлеевди жергебизге кайтарышат, албетте чоң акчага. Дымагы күчтүү киши тос-тополоң мезгилге туш болуп парламентке келип мандат алат. Ошол кезде Бакиевдин “бөлтүрүктөрү” шайлоонун таш-талканын чыгарып биринчи орунга конуп калган. Албетте, “Ата Журт” партиясынын тизмесинде ушундай жигиттер турбаганда ким турмак? Булар бир көгөнгө байлангандары калп беле? Бирок, бийликке келген мыкчыгерлердин көзү каныга баштаганынан муну билсек болот. Биринчи соккуну спикерлик ээрде олтурган Акматбек Келдибековго багыттап аны тактыдан оодарып салышат. Анткени Өмүрбек Текебаевдин камчысы “каардуу” боло баштаган. Парламенттин рулунда турган “алпка” эч ким тиш кагып каяша айталбай турган. Тиштейм дегендерди-К. Ташиевди, С. Жапаровду, Т. Мамытовду да оңкосунан сайышты. Нариман Түлеевди болсо кытайдан келген автобустарга такап туруп камап салышты. Хан болом деген киши заматта “зек” болуп калды.

Ошентсе да эркиндиктин желаргысы соккондуктан ушул каарманыбыз камактан чыкты. Бираз акылын пештеп алган соң кеткен президенттин дарегине кеп агыта баштады. Кээ бир жинине тийген кишилерге атырылып, ал эмес кол көтөрүп жибергени коомчулукка угулду. Данияр Нарынбаев кичине каяша айтса сенин тумшугуңду талкалайм деп опурулду. Чамасы алтынга чыланган сөлкөбайларынын чети деле оюлбаптыр, дале болсо жүрөгүндө жалы байлыгына байланып тургандай сыяктуу. Минтип айхайлаганынын сыры жакында билинет шекилди. Балким, илинчегинен биротоло мыйзам чегинде кутулуп алса мандат алууга, ал тургай өлкөнүн биринчи адамы болууга киришээринен деле күмөндүк жаралбайт. Каражаты самандай болгон көпөстөр дайыма жогору тепкичке көтөрүлүүнү эңсейт эмеспи? Байлардын заманы али күчүндө экенин деле кысынбай айта кетели да. Айтор, табышмактын жандырмагын жайгаруу татаалдашып бараткандай.

Кыргыз өлкөсүнүн телегейи тегиз дешке ооз барбай турат. Анткени жаңы бийлик орногон соң ар кандай күчтөр өз кызыкчылыгына жетүүгө аракетин чегерип жатат. Муну социал демократтар фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина жаны күйүп айтып чыкты. Чынында эле кооптонууга себеп бардай. Кийинки кезде качкан ажолордун тегерегинде башкы жан-жөөкөр болуп жүргөндөргө “артыкчылык” бериле баштаганы эмнени каңкуулайт? Ансыз деле арт жакта туруп алып бирди сүйлөп, алдыга чыкканда башканы жооругандар арбып жатканын деле байкап жатабыз го? Өңдү көрсө жүз тайды болгондордон жакшылык күтүүгө болбойт. Мурдагы пикирлештердин арасын алыстатууга, болбогон кептерди чындай кылып көрсөтүүгө, жагалданууга көнгөндөр кантип мекенчил болуп, Кыргызстанга боорун төшөөгө даяр дегенге ооз барсын? Сымаптай сыйгаланган, шумдуктуудай жойпуланган атка минерлерден, шылуундардан бийлик башындагылар сак болбосо “кузгундарга” жем болуп калаары айныксыз. Т-ээ мурдагы “сары майдай” сакталган мүйүздүү пландарын ишке ашырууга алдыртан киришкендер жок деп кана кимиң кепилдикке өтө аласың? Антүүгө эч ким даабайт, демек кооптонууга себеп бар. Бийлик, байлык дегенге көзүн кызарткандар буга чейин болуп келген, мындан ары карай да ошол калыбы сакталып калат. Ошондуктан бийликти калчап тургандар эки жагын абайлап карап, кимге ыктоону, кайсыларынан сак болууну сезиши, ошого ылайыктап чечкиндүү кадамдарды жасоону эсинде бекем уютушу кажет. Өлкөнүн туруктуулугун камсыздап, анда жашаган элдин бакубатчылыкта турмуш өткөрүүсүнө, тынчтыктын сакталышына камкор болушу башкы маселе десек ашыкча болбостур?

Ж. Улукшер

Булак: “Ачык сөз”

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *