Өрүш алып, өлбөгөн “тармак”: Баңгичиликтин арааны ачылып бараткансыйт

Оогандын таасири күчтүү героини бүткүл дүйнөнү каптаганы боюнча жаңылыкты биринчи жолу укпагандырбыз? Алар мойнуна автоматын асынып алып апийим талааларында “мээнеттенип” жүргөнүн ар качан көрөбүз. Мына ошол “кургурду” тажиктердин чек арасынан, анан биздикинен кылт эттирбей өткөрүп алган эпчилдер түз эле Россияны көздөй сапарын улашат.

Адам баласына зыяндуу бул нерсенин Кыргызстанга агылып кирип жатканы боюнча тынбай айтып, жазып келе жатканыбыз менен майнап чыкпай жатат. Дале болсо буйткалуу жолдор аркылуу баңгизаттары ташылып, сатылып жатат күнү-түнү. Болгондо да адамдын тагдырын талкалаган, кылмышка түрткөн, үй-бүлөөнү бузган, жаштарды азгырып жаман жолго түшүргөн баңгичилик жоголгондун ордуна өөрчүп-өнүгүп жатканы абдан кооптуу. Жеңил акчага көкүрөгүн алдыргандар ушундай жоболоңдуу “киреше булагына” баш оту менен кирип кетип жатканы өкүнүчтүү. Кармалып калса булардын берер бир эле жообу бар: -“Жумуш жок болсо кантмек элек, же болбосо кредиттен кутулуу үчүн ушуга бардык”-деген. Жерди буту менен чукуган адамдын тагдырына ошентип балта чабылганын көрө берип көзгө тирсек чыкпай калганы деле ырас.

Макул, айрымдар карыздан кутулууга, же болбосо иштин жоктугунан баңгизатын ташууга кайыл болду дейли? Ал эми ден-соолукка зыяндуу нашааны неге чегишет? Ар түркүн баңги заттарын эмне үчүн сайынышат, жытташат, колдонушат? Кумарлануу үчүн, проблемасын унуткаруу максатында алектенишеби? Муну түркүн мааниде чечмелесе болот. Маселен, бай жашаган үй-бүлөдө жетилген эрке балдар “кайф” кармоону көздөп, башкалардан өзгөчө эс алууга умтулушат. Аягында булар ата-энесинин мойнуна артылган жүк болуп кайгыга салат. Канчалаган жаштар азыр баңгизатынын курмандыгы болуп калганын тактап берүүгө эч ким даабайт. Акыркы мезгилде өспүрүм балдардын, жаш кыздардын агымы баңгизатка аралашып кеткени бизди коогалаңга салбайбы? Албетте, тынчсыздандырат, бирок натыйжа бараандуу болбой калууда.

Түнкү клубдарда, шектүү оюн-зоок жайларында баңгизат сатылары маалым. Ал тургай кээ бирлери капканга чабылды. Мындан ата-энесин күйүткө салгандардын саны азайып кетпеди. Акыйкатында эбактан бери түзүлүп калган “схемалардын” түбүнө жетиш кыйынчылыкка кептегени деле калп эмес. “Берекелүү” тармак соолумак түгүл өркүндөп жатканы боюнча маалыматтар бар. “Кирешелүү” баңгичиликти көп учурда “кызыл шапкечендер” колдоору боюнча да кеп айтылат. Кармалып деле, кайра кое берилип деле жатат. Кээ бир жергиликтүү Кеңештин депутаттарынын үйүнөн ири көлөмдө баңгизат табылганы нормалдуу көрүнүшкө кирбестир? Тилекке каршы акчанын жыты бурулдаган жерде жөнөкөй эмес жарандар чыкканы коомчулукту түйшөлдүрөт. “Кан-жини” аралашып кеткен бул тармактын тамырын кесүүгө мүмкүнчүлүк ачылбаганы өкүндүрөт. Нашааны буралта чеккендер, тамырына сайынгандар, өкүртө жыттагандар арбыганы аз келгенсип, жашарып баратканы коркунуч келтирүүдө. Оор кылмыштын жасалышына, уурулукка, тоноочулукка түртмөктөгөн да ушул кургур экенин кыстара кетели.Көп учурда майда баңгилик менен кармалгандардын чөнтөгүн кагып туруп эркиндикке чыгарышат милисалар. Керек болсо мойнуна “айып пул” салып өз убагында тигилердин калтасына зыян келтиришкен участкалык инспекторлор бар. Андайларды нашаакорлор жакындан билишет.Айтор, акча сындыруунун ар кандай ыкмалары бар эмеспи?

Учрда жергиликтүү кара куурай бышып “түшүм” жыйноо өнөктүгү кызуу башталды. Мектеп окуучусунан тартып, жетимишке чыккан карыларга чейин жең түрүнө ишке киришишти. Анткени кышка карата даярдык чогултулган “кызылга” байланыштуу болот. Чүйгүн эт жеш үчүн мал-келдин санын арбытуу зарыл. Демек, кол куушуруп отуруунун сезондо кереги жок. Кечинде “бала короздор” нашааны өкүртө чегип маашырланып жүргөнү деле жашыруун эмес. Көздөрү кызарган өспүрүмдөрдүн кээде “сезимдери” ашынып кетип балээге кабылганы так ошол нашаанын кесепетинен. “Тукумуң өскүрлөрдүн” кой-ай деген кожосу жоктугунан ошентип каны кызып кетип жатпайбы? Чоңдору башында туруп алып кара куурайды эзгилеп чогултуп жүрсө кайдагы тааалим-тарбияны айтмак элек? Кыскасы, биздин мекен нашаага бай, ырга бай деген сыпаттамага бап келип калды. Мамлекетте болсо абдан маанилүү иштерге кадамдар жасалууда. Майда маселелер кезегин күтүп турса боло берет да? Гүлдөй берсин зор мекен, эркиндик колго тийгенде нашаакүр болуш оор бекен деп хор менен ырдагандар жашыл талаада “түшүмүн” чогултуу менен алек.

Ж. Улукшер

Булак: Ачык сөз

 

 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *