Орусия Казакстанда ракетага каршы коргонуу системасын сынады

Орусия курал-жаракты модернизациялоонун алкагында Казакстандын Караганда облусундагы Сарышаган полигонунда ракетага каршы коргонуу системасын сынады. Бул тууралуу «РИА Новости» агенттиги Орусиянын Коргоо министрлиги тарабынан чыккан «Кызыл жылдыз» гезитине таянуу менен жазды.

Билдирүүдө ракетага каршы системанын качан жана кандайча сыноодон өткөрүлгөндүгүнүн чоо-жайы жазылган эмес. Бирок модернизацияланган системанын тактикалык-техникалык мүнөздөмөлөрү учурда пайдаланылып жаткан куралдардан «кыйла алдыда экендиги» белгиленген.

Маалыматка караганда, Сарышаганда сыналган ракетага каршы коргонуу системасын Подмосковьедеги Софрино полигонуна жайгаштыруу пландалууда.

Булак: “Борбор Азия жаңылыктар кызматы”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *