Орусияда экстремизмге шектелип, кармалган кыргызстандыктар

36 жаштагы кыргызстандык Лачын Хакимов Сириядагы согушка азгырган деген айып менен алты жылга кесилди. Бул тууралуу орусиялык маалымат каражаттары жазып чыкты. Ал 2015-жылы Астраханда иштеп жүрүп, ал жактагы мусулмандарды жихадга үндөгөнү үчүн кармалган.

Июнь айынын башында Самара облустук соту дагы бир кыргызстандык жаранды ушундай эле айып менен сегиз жылга соттогон. 23 жаштагы кыргызстандык Рахмонберди Рашидов Сириядагы согушкерлер менен байланышта болуп, телефон аркылуу сүйлөшүүлөрүндө согушка барууга даяр экенин билдиргенден кийин кармалганы кабарланган. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги, ИИМдин өкүлчүлүгү бул маалыматтар боюнча бул өлкөнүн тиешелүү кызматтарына суроо жиберилгенин маалымдашты. Өткөн жылы Санкт-Петербург метросундагы жардырууга шектелип, теги кыргызстандык Акрам жана Аброр Азимов аттуу бир туугандар кармалган.

Булак: “Азия Ньюс”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *