Орусиядагы трагедия: 11 жаштагы балага 17-кабаттан кулоого жардам беришкен

Орусиянын Москва облусунун Балашихинск районунда  19 жаштагы жигит 11 жашар өспүрүмдү чочутам деп 17-кабаттан кулатып жиберген. Өспүрүм кырсыктан каза болгон. Бул туурасында vesti.ru  РИА Новости агенттигине шилтеме жасап жазып чыкты.

Ага ылайык, 2017-жылдын 30-декабрына Руетов шаарында аталган эки бала менен көп кабаттуу үйдүн 17-кабатына чыгышкан. Шаарды бийиктиктен карап, терезеден башын чыгарып турган 11 жаштагы баланы чочуткусу келген жигит аны бутунан өйдө көтөргөн. Бала жарымына чейин сыртка чыккан дагы кармана албай жерге учуп кеткен.

Учурда 19 жаштагы бала окуяга шектүү делип, убактылуу кармоочу жайга жеткирилип, кылмыш иши козголду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *