Ош-Баткен-Исфана унаа жолунда күйүүчү май ташыган унаа оодарылып, болжол менен 8,2 тонна солярка жерге төгүлгөн

Баткен облусунун Кадамжай районунда, Ош-Баткен-Исфана унаа жолунун 125-чакырымында (Пүлгөн айылы) 2018-жылдын 6-февралы күнү саат 12:00 чамасында мамлекеттик № B17-98АI “Renault” үлгүсүндөгү күйүүчү май ташыган унаа жолдон чыгып, оодарылып кеткен.

Унаада 38 тонна солярка болгон, анын ичинен болжол менен 8,2 тоннасы жерге төгүлгөн. Кырсык болгон жерге КР ӨКМнин Кадамжай райондук №76 өрт-куткаруу бөлүмүнөн 5 куткаруучу, КР ӨКМнин №3 өзүнчө-мобилдик тоо-кен кырсыктарынан куткаруу взводунан 7 куткаруучу, райондук суу чарба башкармалыгынан 1 кран жана №46 жол тейлөө ишканасынан 1 жүктөгүч тартылып, саат 15:06да унаа тургузулду.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *