Ош—Баткен—Исфана унаа жолунда май ташуучу унаа жолдон чыгып кеткен

Ош—Баткен—Исфана унаа жолунда «Шахман» үлгүсүндөгү май ташуучу унаа жолдон чыгып кеткен. Бул туурасында ӨКМнин басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, унаа  Оштон Лейлек районунун Арка айылын көздөй бара жаткан. Айдоочу унааны айдап бара жаткан учурда жанынан «Хонда Аккорд» үлгүсүндөгү унаа күтүүсүз ашып айдап өтүүгө аракет кылган. Качкан май ташыган унаа жолдон чыгып кеткен.

Унаанын айдоочусунун айтымына караганда, жеңил унаага жол бошотууну көздөп, тайгак жолдон чыгып кеткен. Унаада жалпы 38 тонна күйүүчү май болгон. Анын 9 тоннасы агып кекен.

Окуя болгон жерге ӨКМдин жана милициянын кызматкерлери келип, 29 тонна күйүүчү майды сактап калышкан.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *