Акжол Бакиров: “Ош облусунда 2016-жылдын алгачкы 3 айында 30 мечит эсептик каттоодон өттү”

Бул боюнча бүгүн, 17-март күнү Ош облусунун мусулмандар казыятынын курулуш жана мечит бөлүмүнүн башчысы Акжол Бакиров билдирди. Анын айтымында бүгүнкү күндө облустагы мечиттерди каттоо иштери кызуу жүргүзүлүүдө.

Аталган иш-аракеттер боюнча 7 районго атайын иш сапарлары уюштурулуп, мечиттердин каттоого даяр болбой жаткан документтерин даярдоо боюнча мечит имамдарына жана жергиликтүү жамаатка жол-жоболор боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп бүттү. Мындай аракеттер өзүнүн эффективдүүлүгү менен айырмаланып, 2016-жылдыналгачкы  3 айынын ичинде 30 мечит КРнын Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясы тарабынан каттоодон өткөрүлүп, атайын күбөлүктөргө ээ болушту жана 11 мечиттин документтери толукталып каттоого тапшырылды. Бул көрсөткүч 2015-жылга караганда бир топ жогору экендиги айтылды. Себеби, 2015-жыл ичинде жалпысы 55 мечит гана каттоодон өткөрүлгөн.

Мындан сырткары Акжол Бакиров учурда Ош облусунда иштеп жаткан жалпысы 822 мечиттин ичинен 696 мечит мамлекеттик эсепттик каттоодон өткөрүлгөндүгүн белгилеп, 2016-жыл ичи Ош облусундагы бардык мечиттерди каттоодон өткөрүп  бүткөрүү аракеттери жүрүп жаткандыгын билдирди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *