Ош шаарында Стамбул шаарынан келген жаштар маданий жана тарыхый жайлар менен таанышышууда

Бүгүн, 26-апрель күнү Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев Түркия мамлекетинин Стамбул шаарындагы 10дон ашык жогорку окуу жайларынан келишкен  студент жаштарды кабыл алды. Бул туурасында Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы маалымдады.

Отображается файл "_MG_0701.JPG"

Аталган жаштарды облус казысына Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин деканынын орун басары, Түркия Диянет фондунун өкүлү Ферхат Гөкче тааныштырып, жаштардын Ош шаарына келгендеги максаттарын айтып берди. Анын айтуусунда Түркиянын Спорт жана жаштар министрлигинин уюштуруусунда Стамбул шаарындагы 10дон ашык жогорку окуу жайлардан тандалып алынган 20 студент ар түрдүү маданияттагы жаштар менен таанышуу максатында бир жумалык мөөнөткө Кыргызстанга жиберилген. Аталган жаштар иш-сапардын алкагында тарыхый жайларга зыярат жасашып, маданий жайлар менен таанышышат. Мындан сырткары билим берүү мекемелери жана спорттук жайларга да саякат жасашмакчы. Буга чейин ушул эле долбоордун алкагында Ош мамлекеттик университетинин теология факультетинин студенттери жана “Ыйман” лицейинин окуучуларынан куралган 20 бала Стамбул шаарына жиберилип, тажрыйба алмашып кайтышкан.

Отображается файл "_MG_0702.JPG"

Отображается файл "_MG_0711.JPG"

Жаштар менен жолугушуунун алкагында облус казысы Самидин кары Атабаев жаштар менен кеңири форматта пикир алышып, казыятта жүрүп жаткан иш-чаралар менен тааныштырып, коноктордун сапарынын жемиштүү болушуна ийгилик каалады.

Отображается файл "_MG_0712.JPG"

Соңунда Ферхат Гөкче казыят кызматкерлерине Түркия мамлекетинде сапаттуу тыш менен басып чыгарылган Куран китебинин Садыбакас Доолов баш болгон төрт дин аалымы которгон кыргызча вариантын белекке берди.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *