Ош шаарында үй-бүлөлүк талаш тартыштар боюнча семинар өттү

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотуна караштуу Сот адилеттигинин жогорку мектеби “Үй-бүлөлүк талаш-тартыштар – никени бузуу, алимент өндүрүп алуу” темасына Кыргыз Республикасынын жергиликтүү сотторунун судьялары үчүн семинар өткөрдү. Бул туурасында Жогорку соттун басма сөз кызматы билдирет.

Кыргыз Республикасынын Жогорку сотунун судьялары – Н.Сатыбалдиева, Ж.Исакова, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын алдындагы Калкты жана жарандык абалдын актыларын каттоо департаментинин директорунун орун басары –  Д. Райымкулова семинарга катышып, маалымат беришти.

Семинардын максаты үй-бүлөлүк талаш тарташтар боюнча сот өндүрүшүнүн өзгөчөлүктөрү, үй-бүлөлук мамилелерден келип чыккан иштердин категориялары, бул иштер боюнча процесстин катышуучуларынын курамы, алардын укуктары жана милдеттери, соттук териштирүүгө жана маселелерди чечүүгө иштерди даярдоонун негизги эрежелери, үй-бүлөлүк талаш тарташтарды кароонун жүрүшүндө пайда болгон арыздар жана  өтүнүчтөр менен тааныштыруу болду.

Семинар Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин 2014-жылдын 25-июнундагы № 4267-V токтому менен бекитилген, “2014-2017-жылдарга Кыргыз Республикасынын сот тутумун өнүктүрүү” боюнча Мамлекеттик максаттуу программанын иш чараларын, ошондой эле 2017-жылдын Окуу планын аткаруу максатында өткөрүлдү.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *