Ошко Таалайбек Сарыбашов мэр болору чечилип калды

Өлкөбүздүн экинчи борбору аталган Оштун мурдагы мэри А.Кадырбаев күтүлүп-күтүлбөгөн жагдайда кызматынан алынгандан кийин бул майлуу жана жайлуу орунга көз арткандар көбөйүүдө. Көпчүлүк бул кызматка учурда Кара-Суу районунун акими болуп иштеп жаткан айтылуу Тилек Матраимов, Ош шаардык кеңешинин төрагасы Жапар Ормонов жана Өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашовду ылайык көрүшүүдө. Ал тургай социалдык тармактарда ЖК депутаты Жанар Акаевди да “кудалап” жиберишүүдө. Бирок ушул жумада Ош шаардык кеңешиндеги көпчүлүк коалиция мэрликке Т.Сарыбашовдун талапкерлигин колдоду. Бул тууралуу коалициянын лидери Данияр Атабаев билдирүү да жасап жиберди. Анын айтымында, 9-июль күнү шаардык кеңештеги көпчүлүк коалиция атайын жыйынга чогулуп, калаа башчылыгына талапкер көрсөтүү маселесин талкуулаган. 27 депутаттын 25и жыйынга катышып, баардыгы Т.Сарыбашовдун мэрликке талапкерлигин колдошкон. Мыйзамга ылайык, көпчүлүк коалиция бир гана талапкерди колдой алат экен. Бул көпчүлүк коалицияны КСДП, “Бир Бол” жана “Мекеним Кыргызстан” фракциялары түзөт. Эми Ош шаарын мэрии шайлоо 18-июлда болмокчу. Шаар кеңешинин депутаттары мынчалык ыкчам жана “бир добуштан” Т.Сарыбашовго токтолуп калгандыгына караганда, Бишкектин Ак үйүнөн ошондой ишара болгон сыяктуу. Бирок Т.Сарыбашовдун дипломунда маселе бар экендиги, өзү бир кезде Россияда “караларга” аралашып жүргөндүгү тууралуу маалыматтар чыгып кетти эле. Оштуктар айтмакчы, быягы кандай болор экен?!

Булак: “Майдан.kg” гезити

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *