ОшМЮИда Ош областтык спартакиада жыйынтыкталды

Ош мамлекеттик юридикалык институтунун спорттук комплексинде уюштурулган билим, илим кызматкерлеринин  Ош областтык спартакиадасы жыйынтыкталды. Бул туурасында ОшМЮИнин басма сөз катчысы маалымдады.

Мында  шаар, райондордон келген жогорку  жана орто окуу жайлардын, орто мектептердин курама командалары спорттун  волейбол, баскетбол, стол тенниси, шахмат, шашка, тогуз коргоол, ордо түрлөрү  боюнча күч сынашты.  Өзгөчө даярдыктар менен  катышкан спортчулар атаандаштарын жеңип, алдыңкы орундарды камсыз кылышты. Кызуу беттешүүлөр менен коштолгон иш чарада  Ош мамлекеттик университетинин командасы спорттун жети түрү боюнча да жогорку көрсөткүчкө жетишип, биринчи орунду ээледи. Ал эми Кара-Суу  районунан келген команда экинчи орунга жетишти.  Атаандаштарынан алдыга озуп чыгууга аракеттенген Ош технологиялык университетинин командасы  үчүнчү орунду алды.

Спартакиаданын жыйынтыктоочу салтанатында байгелүү орундарды ээлеген командаларга, мелдеште активдүү катышып, оюндарда чеберчилигин көрсөткөн спортчуларга билим, илим кызматкерлеринин профсоюзунун Ош областтык комитетинин кубогу, атайын эстелик дипломдору жана ардак грамоталары, акчалай сыйлыктары тапшырылды. Жеңүүчүлөрдү жетишкен ийгиликтери менен кызуу куттуктаган ОшМЮИнин ректору юридика илимдеринин кандидаты Эгемберди Токторов аларга жогорку окуу жайдын атынан да татыктуу сыйлыктарын тартуулады.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *