Ошто адам уурдоого катышкан милициянын 10-бөлүмүнүн начальниги камакка алынды

Ошто адам уурдоого катышкан Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгынын 10-бөлүмүнүн начальниги, майор  Бекжан Ажыкулов камакка алынды.

Мындан бир ай мурун Ошто кыргыз жаранына үйлөнгөн кытай жараны, соодагер-бизнесмен Али аттуу адам дайынсыз жоголуп кеткен.

Ал кишинин уурдалышын уюштурган жана ишке ашырган деген шек менен Бекжан Алыкулов кармалып, соттун чечими менен камакка алынды.

Булак: Кyrgyztoday.kg 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *