Ошто «Мухаммед-Умар Ош» коомдук фондунун колдоосу менен диний окуу жайлар арасында спорттук мелдеш өткөрүлдү

Ош шаарында “2017-жыл Ыйман, адеп жана маданият” жылына карата Ош облусунун мусулмандар казыяты жана «Мухаммед-Умар Ош» коомдук фонду тарабынан Ош облусундагы диний окуу жайлардын студенттери арасында спорттун футбол жана волейбол түрү боюнча облустук деңгээлдеги мелдеш болуп өттү. Ош облусунун мусулмандар казыятынын маалымат кызматы билдирди.

Аталган мелдештин ачылыш аземи Куран окуу менен башталып, иш-чарага Ош облусунун казысы Самидин кары Атабаев, КРнын дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиясынын түштүк аймактык бөлүмүнүн башчысы Исакбай Мурзабеков жана мелдешти уюштуруунун негизги демөөрчүсү «Мухаммед-Умар Ош» коомдук фондунун жетекчиси Улукбек Өмүрзаковдор катышып, бардык командаларга ийгилик каалашты.

“Диний окуу жайлар арасында өтүп жаткан спорттук мелдештер жаштарды сергек жашоого жана мекенди сүйүүгө тарбиялайт. Пайгамбарыбыз (САВ)дын хадисинде “Күчтүү момун мусулман алсыз момун мусулманга караганда Аллага сүйүктүрөөк” – деп айтылат. Ошондуктан диний билим алып жаткан жаштарды ар тараптуу өнүктүрүп, сергек жашоого үндөөдө спорттун башка түрлөрүнөн дагы мелдештерди колдоого даярбыз- деди  «Мухаммед-Умар Ош» коомдук фондунун жетекчиси жана КРнын ММА жана Панкратион федерациясынын Президенти Улукбек Өмүрзаков.

Мелдешке жалпысы Ош облусунун аймагындагы диний окуу жайлардан волейболго 6 команда, футболго 10 команда катышып, таймаш аябагандай кызуу деңгээлде өттү.

Мелдештин жыйынтыгында футбол боюнча 1-орунду Кара-Суу районунун “Абдурахман ибн Ауф” медресеси, 2-орунду Араван районунун “Имам-Бухарий” мересеси, 3-орунду Ноокат районунун “Имам ат Тирмизи” медресеси камсыз кылышты. Ал эми волейбол боюнча 1-орунга Өзгөн районундагы “Абдираим кары” мересеси, 2-орунга Ноокат районундагы “Молдо Таабалды ажы” медресеси,  3-орунга Кара-Суу районунун “Абдыжапар” атындагы Ислам институту  ээ болду. Жеңүүчүлөргө уюштуруу тобу тарабынан Кубок, баалуу белектер жана атайын наамдар менен дипломдор тапшырылды. Мындан сырткары Казыят тарабынан мелдешти уюштурууга көмөк көрсөткөндөргө жана демөөрчүлөргө ыраазычылык барактар берилди.

Эскерте кетсек, аталган мелдеште 1-орунду багындырган командалар Муфтият тарабынан түштүк облустар арасында өтүүчү жана Респулликалык деңгээлде диний окуу жайлар арасында өтүүчү мелдештерге катыштырылмакчы.

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *