Оштун мэри А.Кадырбаев Сооронбай Жээнбековго карышкыр ичик кийгизип: “Хан келатат!” деп жарыялаган

Кечээ, 12-октябрда КТРКда өткөн президенттикке талапкерлердин дебатына КСДПчы Сооронбай Жээнбеков качып келбей койгон. Эл анын дагы бир талапкер Адахан Мадумаров менен таймашын көргүсү келген эле.

Бүгүн, 13-октябрда кырнет айдыңында Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев бир кымбат ресторанда КСДПчы президенттикке талапкер Сооронбай Жээнбековду сыйлап жаткан жана ага карышкыр ичик кийгизип: “Хан келатат!” деп жарыялаган видеотасма тарады. Мэрдин бул сөзү Жээнбековго майдай жагып кубанганы тасмада көрүнүп турат. Ошол жерде да “президент Атамбаев 12-октябрда Ошко келет” деп атасын күткөн жаш баладай элге айтып жатканы да чагылдырылган.

Көрсө Сооронбай Жээнбеков Мадумаров менен теледебаттан качып, Оштун ресторандарында кошоматчылары менен сый тамак ичип жүрүптүр.

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *