Темирбек Бекбоев, врач: “Остехондроз азаптуу дарт”

Арабызда  аксап баскан же кыр аркасы ооруп кайкалай белин кармалаган карыларды эле эмес, жаштарды да көп кезиктиребиз . Көрсө муун жана бел оорулары денедеги зат алмашуу бузулганда, оор нерсе көтөргөндө, муундарга  күч келгенден  улам пайда болот экен.

Оорунун эмнеден улам келип чыгары, кандай дарылоо керектиги  жана башкалар тууралуу Чыгыш медицинасы  боюнча белгилүү  адис дарыгер “Бекбоев” медицина борборунун жетекчиси  БЕКБОЕВ Темирбек Бекбоевичке кайрылганбыз.

—Бейтаптар көп кайрылып, кеӊири тараган оору – бул муун оорулары. Бруцеллёздон болгон калдык болобу, жэ муундары кыйшайып, муун сөөгүнүн структурасынын бузулушунанбы  (деформациялык, остеартроз), айтор, ийне терапиясына өзгөчө көп кайрылуучулар булар муундары ооруган айылдык ата энелер, аксакалдар, кээде жаштар дагы көп кайрылышат. Алар балдак же носилка менен келип, дарылангандан кийин басып калышса, ийне терапиясына ишеничтери артылып, алкыштарын айтып, аябай кубаныч менен кетишет.

—Азыр жаштар арасында кыр аркасы  ооругандар арбын. Медицинада “остеохондроз ” деп аталган ушул дарт тууралуу айтып берсеӊиз?

—Чындыгында , остеохондроз эӊ көп тараган оорулардын бири. Остеохондроз омурткалардын ортосунда аларды бириктирип  денесиндеги  негизги муундардын бири болгондуктан, бардык жасаган кыймылдарыбыз, кара күч жумушунун  бардык оорчулуктары ушул кемирчек тутумдаштырып турган омурткалар аркылуу жүзөгө ашырылат. Мындайча айтканда , жерден бир нерсе көтөрсөк да, биринчи иретте моюн омурткасы  менен бел омуркасына күч келет. Өзгөчө, бел омурткасы негизги жумуштарды аткарат. Белден кийин эле бут болуп жатпайбы.

—Бел омурткасы демекчи , эмнеден улам иштөө функциясы бузулат?

—Башкысы- өтө көп жумуш кылгандан. Оор нерсени туура эмес көтөргөндөн. Ал эми оор нерсени туура көтөрүүнүн дагы өз эрежеси бар эмеспи. Мисалы, эӊкейип жерден оор нерсени алуу жаш өткөн сайын кыйын. Бир жагынан оордук көтөрүп, белине күч келтирип алса да кемирчекке доо кетет. Эл арасында аны жылышты деп коёт. Кээде оор нерсени дароо   эле обдулуп туруп, аркасына салып туруп, көтөрүп кетишет. Ошондо бел анча-мынча мертине түшүшү мүмкүн. “Остеохондроз”- деген өзү кемирчектин зат алмашуусунун бузулушу дегенди билдирет. Анын оорусуна кыймылдабай көп отуруу да апкелет. Моюнду ылдый буруп алып, көп кыймылдабай көп отуруу да апкелет. Моюнду ылдый буруп алып, көп кыймылдабай жаза бермей адатыбыз да бар эмеспи, бул моюн омурткасы үчүн зыян. Анан кемирчектин бузулушуна тамак-аштын экологиялык жактан таза эместиги сыяктуу бир кыйла  бир кыйла себептери бар. Азыр тамак аштын курамына туз көп кошулуп, ар кандай сапатта, түрдүү аралашма түрүндө болуп жатканын өзүӊүздөр жакшы билесиздер.

Дагы бир себеп нервдик-психикалык жактан жабыркоо. Ушундай себептер менен катар эле остеохондрозду жаратып жана күчөтүп жиберген эӊ негизги коркунунуч- бул суук тийүү. Суук тийгенден көп оорушат.

—Демек, өтмө жел (сквозняк) чөйрөсүндө жүрүп же ошондой абал шарт менен иштегендер остеохондрозго көп чалдыгышат турбайбы?

—Ооба ошондой. Маселен, таксисттер, айдоочулар көп оорушат. Анткен себеби тердеп туруп, суукка көп чыгышат. Машинанын бир жак капталынан жел да уруп турат эмеспи. Анан жумуш өзгөчөлүгүнө жараша , руль башкарганда колго, демек моюнга күч келет.

Остеохондроз тукум куушу мүмкүнбү ?

— Жок. Бул бир сөз менен айтканда кол менен жараткан оору. Генде бир аз “жакын ыктоочулук” болушу мүмкүн, бирок негизинен тубаса эмес оору. Мурда жаш балдар, өспүрүмдөр омуртка кемирчегиненжабыр тартчу эмес. 20 жаштан өткөндөр ооручу. Азыр болсо, 10-15 жаштагы өспүрүмдөр ооруп келип жатышат. Буга таӊ калбай койбойсуӊ.

Колум ооруйт, моюнум ооруйт, белим ооруйт дешет. Белин, аркасын тебелетип жатышчу. Көрсө, мына ушунун өзү да эӊ жакшы массаж турбайбы.

Эмне үчүн кыргыздар остеохондроз менен аз оорушкан. Анткен себеби, алар турмуш шарттын өзгөчөлүгүнөн улам ат үстүндө көп жүрүшкөн. Ошондо тынымы жок массаж жасалып турган. А азырчы, бир орунда көп отурабыз, норма-чеги жок көп иштейбиз . Натыйжасын көрүп жатпайбызбы.  Ошондой эле илгерки кыргыздар жерге эле төшөк салып жатышкан, чоюлма асыт төмөн түшкөн керебетте уктоо деген болгон эмес.

—Остеохондрозду толук айыктырууга болобу?

—Айыктырууга болот. Бул көп жагынан адамдын өзүнө байланыштуу. Биринчи кезекте комплекстүү иш-чаралардын натыйжасына ээ болуу керек. Суук тийгизүүдөн, олдоксон оор жүк көтөрүүдөн, бир орунда көп отуруудан жана башка  жагдайлардан качуу керек.

Эгер оорунун күчөтүп алып, кемирчек сыртына чыгып, башкача  айтканда, грыжа болуп калса , анда төмөндөгүдөй дарылоо ыкмаларын колдонсо, сөзсүз натыйжа бербей койбойт.

  1. Алтын ийне сайдыруу.
  2. Массаж. (кол менен укалоо)
  3. Мануалдык терапия. Омуртканы чоюп түздөө ж.б.

Кыргыздын сыныкчы-табыптары “омуртка жылышып кетптир” деп көп айтышканын угуп калабыз. А чынында , омуртка эч жылышпайт, болгону жогоруда  айтканкемирчек сыртка чыгып, грыжа түрүнө өтүп кетет. Бул кыр арка дарты нерв жана кан тамыр системаларын кысып, натыйжада башка да ар кандай дарттарды чакырып жана козгоп коюшу да ажеп эмес.

Булак: “Багыт” 

 

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *