Оторбаев акыйкатчылыктан шыпырлабы?

Парламенттеги башкаруучу КСДП фракциясы акыйкатчы Кубат Оторбаевге ишеним көрсөтпөө чечимин кабыл алды. Буга себеп, акыйкатчы ушул жылдын апрель айынан бери беш жолу Жогорку Кеңештин жыйынына келбей койгон. Оторбаевдин мындай тоготпогон тоң моюндугу КСДПнын үлкөндөрүнүн куйкасын куруштурду. Өлкөнүн эки тизгин, бир чылбырын мыкчып турган фракция каарын тигип жаткан соң, Кубат мырзаны кызматтан кетирүү кыйын иш эмес. Эми Оторбаевдин кызмат орду ЖКнын жалпы жыйынында каралат. Ал жыйында ишеним көрсөтпөө маселеси колдоо тапса, анда акыйкатчы кызмат ордун бошотуп бергенге мажбур болот. Эске сала кетсек, ал туура эки жыл мурун «Кыргызстан» фракциясынын квотасы менен акыйкатчы болуп шайланган.

Булак: “Фабула”

Ой-пикир жок

Жооп калтыруу

Сиздин электрондук почтаңыз жарыяланбайт. Милдеттүү талаалар белгиленген *